Акыркы макалалар

Нарын.Нарындагы мектептерге 17 млн.сомдун окуу китеби келди

Нарын облусунун мектептерине 61 наамдагы 198 миң 838 даана жаңы окуу китептери келди. Алардын жалпы баасы 17 млн. 352 миң сом турат. Учурда китептер райондорго муктаждыктарына жараша берилүүдө. Китептер 5-11 класстарга берилет, айрыкча англис тил китеби көбүрөөк келди,-дейт Нарын облустук билим берүү округунун башкы адиси Гүлмира Таранчиева.

Ошондой эле облустун мектептери республикалык олимпиадада республика боюнча төртүнчү орунга татыган. Республикалык олимпиадага облустан 34 окуучу 10 предмет боюнча катышкан. Сынакта 1- 2-орунга төрттөн окуучу, 3- орунга бир окуучу ээ болсо, 4-орунду 8 окуучу камсыз кылышкан. Ат-Башы, Жумгал жана Нарын райондорунун мектептеринде билим берүүнүн сапаты мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшы. Облустук денгээлде өтүп жаткан “Мыкты мектеп” сынагы мектептерде билим сапатынын жогорулашына өбөлгө болууда,-дейт Г.Таранчиева.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg