Акыркы макалалар

Баткен казысы мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча талап койду

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин №328 буйругунун аткаруу максатында Баткен облусунун аймагындагы каттоосу жок мечиттерди тез арада каттоодон өткөрүү боюнча Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов казыяттын мечит, медресе бөлүмүнө жана аймактагы баш имам хатибдерге тапшырмаларды берди.

Облус казысы буйрукту белгиленген мөөнөтө аткарбаган кызматкерлерге катуу чара көрүлөрүн айтып, ишти так жана өз учурунда аткарууга милдеттендирди. Бул тууралуу Баткен облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg