Акыркы макалалар

Нарын.Нарын районунда алгачкы соко салынды

3-апрелде Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагында жазгы өнөктүк башталып, алгачкы соко салынды. Райондун жаз жарыш башталышына облус башчысы Канатбек Муратбеков да күбө болду. Ал эми өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Табылды Жумагуловдун маалыматында облус боюнча 41 миң 738 гектар жер айдалат. Анын 29 миң гектарына

дан эгиндери, 6 миң 470 гектарына бир жана көп жылдык чөп айдалат. Дан эгиндери өткөн жылга салыштырмалуу 530 гектарга азайса, чөп өстүрүү аянты 3 миң 171 гектарга көбөйүп, облус боюнча 2 миң гектардан ашык пайдаланылбай калган жерлер өздөштүрүлмөкчү. Жазгы өнөктүккө техникалардын 82% даяр болгон. Ал эми Ат-Башы жана Нарын райондорунда үрөн тартыштыгы бар,-дейт Т.Жумагулов.

Буга чейин жазгы айдап себүү боюнча облустук штабдын жыйыны ар бир райондо өтүп, жазга даярдыктар жеринде көрүлүп, адистик кеңештер берилип, кемчиликтерди жоюу

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg