Акыркы макалалар

Өзгөн базарынан ээси көп

Өзгөн базарынан ээси көп

Өзгөн базары союз убагында бир эле адамдын кароосунда болсо азыркы күндө 17 адамга бөлүнүп, менчиктештирилип кеткен. Ошонун кесепетинен “Койчу көп болсо кой арам өлөт” дегендей базардын санитардык-гигиеналык абалы оңолгондун ордуна начарлап кетүүдө. Бул абал эн негизинен базаркомдун өз милдетине кайдыгерлик мамилесинен жана сатуучулардын тоң мойундугунан болууда. Кийинки жылдары базардын ичинде ири-ири курулуштар жана башка жаны павильондор курулууда. Бирок, курулган дүкөндөрдүн ичиндеги товарларды сыртка жайып алышкандыктан базар ичинде адамдардын басып жүрүүсүнө тосколдук жаралууда. Ошондой эле өрт коопсуздугу

пайда болгондо өрт өчүрүүчү автоунаалар базар ичине эч бир жагынан кире алышпайт. Ар дүйшөмбү көнө Өзгөн базары санитардык күнгө жабылууда бул күн базар ичинде ремонт иштери, генералдык жыйыштыруу жана ар кандай таштандылардан тазалоо жүргүзүлүүсү тийиш болсо, бул күндө базарда иштегендер дем алыш күнгө айландырып алышкан андан башка күзөт кызматкерлери базардын ичине эч кимди киргизишпөөдө. Ар бир базар ээси өзүнүн кичи базарында каалаган жерде каалаган нерселерди саттыруушуда мисалы эт, мөмө-жемиштер

жана башкалар.

Базар ичинде суу төтөкчөлөрү ашкана дөкөндөрдүн ичинде орнотулган, элдин ичүүсү үчүн атайын суу колонкалары жок, ошондой эле мөмө-жемиш жууганга шарт түзүлгөн эмес.

Базар ичиндеги соодагерлер базаркомго ар күнү 5-10 сомдон

таштандыларды алганга акча беришет бирок атайын бөлүнгөн

жумушчулар таштандыларды өз убагында тазалашпайт, араба

жүргөн жолдордун тешилип, жарылып кеткенине карабастан оңдоо

жумуштары болбой келет. Көпчүлүк базар ээлери соода орундарынан аренда акысын алганда эң башкы максат кылышып ал эми санитардык-гигиеналык абалдын жакшыруусуна тийиштүү деңгээлде көңүл бурушпайт.

Ар бир дүкөн алдында таштанды топтоого урналар орнотулган

эмес. Базарга жагымсыз көрүнүш катары дүкөн алдына кленка

чатырларын жип аркылуу аркы берки тараптарга тартып жабуу болууда.

Айрыкча ашкана жана азык-түлүк сатуучу дүкөндөрдө иштеген

соодагерлер, ашпозчулар өздүк гигенаны дайыма эле сакташпайт,

халат, чепчик, фартук ж. б. атайын кийимдерди такай колдонушпайт.

Жогорудагы жат көрүнөштөрдү жоюу максатында Өзгөн райондор

аралык санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык

коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан 2012- жылы базар ээлерине 6 санитардык сунуш берилди, 13 жооптуу адамга 8100 сом жазана салынды, азык-түлук дүкөндөрүнөн 24 ишкерине 22000 сом жазана салынды ал эми коомдук тамактануу жайында иштешкен 51 жооптуу адамдарына 48600 сом жазана салынды. Өз мөөнөтүндө медициналык кароодон өтпөгөндөр үчүн 5 соодагер жана 24 ашпозчу жумуш ордунан убактылуу четтетилди, ошондой эле дүкөндө жана ашкананы ремонттоо үчүн 2 соода түйүнү жана 10 ашкана убактылуу жабылды. Базар ичиндеги санитардык-гигиеналык абалды жакшыртуу үчүн жана элдин арасында тамак-аштан уулануу учурларын болтурбоо үчүн атайын рейддик текшерүүлөр жүргүзүлүп азык-түлүктөн

жана ар түрдүү ичимдик-суусундуктардын сертификатары,

лицензиялары текшерилүүдө жана лабороториялык изилдөөгө ар түрдү сырьелор жана даяр тамактардын үлгүлөрү алынууда, ошондой эле богок оорусун алдын алуу боюнча аш туздардын үлгүлөрү дагы калий йоддун бар экендигине изилденүүдө. Жалпы коомчулукту тейлеген соода жана ашкана түйүндөрүндүгү жеке ишкерлердин санитардык-гигиеналык эрежени туура сактоосун камсыздоо үчүн алардын арасында ар түрдүү ыкмалар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүдөбүз ал эми

зарыл учурда жалпы эл өчөн базардагы радио төйөндөрө аркылуу ар түрдүү темада радио лекциялар жана кулактандыруулар окулууда. Ар бир адам өзү колдонгон азык-түлүктөрдүн сапатына көңүл буруусу зарыл себеби кээдэ ар кандай жол менен сапатсыз азык-түлүктөрдүн сатылуусу кезигип калат ошондой мезгилде ар бир атуул тийиштүү жерге арызын таштоого укуктуу. Мындай көрүнүштөр Куршаб, Мырзаке базарларында да орун алган.

Арызыңыздарды дайыма кабыл алып санитардык-гигиеналык

талаптарды аткарбаган жеке ишкерлердин жооптууларына

административдик чаралар колдонулат жана сиздерге өз убагында

арызыңыздарды канаттандыруу үчүн маалымат беребиз.

Биздин дарек: Өзгөн шаары, Гагарин көчөсү №27, тел: 5-08-53, 5-00-83.

Т.Кожоев, Өзгөн райондор аралык санитардык,

ветеринардык жана фитосанитардык

коопсуздук боюнча мамлекеттик

инспекциясынын башчысы.