Акыркы макалалар

Нарын.“Тузакка түшкөн бала” аттуу спектекль окуучуларга көрсөтүлүүдө

Бүгүн Нарын шаарындагы Жаштар үйүндө “Тузакка түшкөн бала” аттуу 20 мүнөттүк спектакль шаардагы мектеп окуучуларына тартууланды. Анда, ата-энеси Россияга иштегени кеткен, Нарын шаарындагы мектептердин биринде окуган баланын башынан өткөргөн окуясы, рекетчиликке, талап тоноого жана ур-токмокко кабылганы баяндалат. Спектакилдин сценарийин Нарын шаарындагы №7 Матен Сыдыков атындагы мектептин мугалимдери иштеп чыгышкан. Аталган мектептин директору Жийде Көкөтаеванын маалыматында спектакль өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, рекетчиликти жана талап-тоноочулукту алын алуу максатындагы республикалык “Тынчтык жаштары театры” долбоорунун алкагында көрсөтүлүп жатат. Спектакль шаардагы окуучулардын баардыгына көрсөтүлөт. Келээрки көрсөтүүдө ата-энелерди да чакырабыз, анткени алар да балдарын таштап алыс жакка кетпеш керектигин түшүнүүлөрү зарыл,-дейт Ж. Көкөтаева.

Долбоорго Нарын шаарындагы №7 мектеп жана Ат-Башы районунун Ак-Муз айлындагы Боогачы атындагы мектеби катышып конкурстан өтүшкөн. Долбоор ЮСАИД жана Айрекс уюмдары аркылуу колдоого алынып, өспүрүмдөр арасындагы жат көрүнүштөрдү алдын алуу максатындагы иш-чараларды өткөрүүнүн методикасы атайын окутулган.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg