Акыркы макалалар

Жумгал.Миң-кушка электр жарыгы берилди

Жумгал районунда жер көчкүдөн үзгүлтүккө учураган электр энергиялары калыбына келтирилди. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айыл аймагынын Миң-Куш шаарчасында 2013-жылдын 30-марты күнү саат 01:55 чамасында “Оргтехника” заводунун маңдайындагы тоо кыркадан көлөмү 875миң м3.жер көчкү түшкөн. Бүгүнкү күнгө карата Миң-Куш айыл аймагындагы Ыраакы Миң-Куш, Миң-Куш, Кызыл-Сөөк айылдарында толугу менен электр жарыгы берилген.

Айыл аймагында түзүлгөн штаб, ыктыярдуу топ жана өрт өчүрүү кызматынын адистери жер көчкүнү көзөмөлдөөдө жана 2013-жылдын 2-3-апрели күнү жер көчкү процессинин активдешүүсү байкалган жок.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg