Акыркы макалалар

Кадамжай районунда эки эркек киши сибирь жарасына күмөндөлүп ооруканага жаткырылды

Баткен облусунун Кадамжай районунда эки эркек киши сибирь жарасына күмөндөлүп ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы жума күнү билдирди.

"30-сентябрда Кадамжай аймактык ооруканасына сибирь жарасына күмөндөлүп эки адам жаткырылган: алар, Халмион айылынын 39 жаштагы тургуну Камалжан Чоенов жана Айдаркен айылында туулган 57 жаштагы Аширбай Колдошев”, - деп билдирди министрликтен.

Кадамжай районунун санитардык-эпидемиологиялык инспекциясы тарабынан анализге проба алынып, Ош шаарынын чумага каршы станциясына жөнөтүлдү. Анализдин жыйынтыгы жакын арада белгилүү болот.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg