Акыркы макалалар

Жумгал.Миң-Куш айылынын тургундарына өкмөттөн жардам катары 150 тонна ун берилет

Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургундарына жылына өкмөт тарабынан берилүүчү 150 тн ун апрель айынын ичинде берилет. Бул туурасында бүгүн 2-апрелде Миң-Куш айылына келген КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри К.Боронов жана Энергетика жана өнөр жай министри А.Калмамбетов, КРнын Нарын облусу боюнча ыйгарымдуу укуктуу өкүлү К.Муратбековтор аталган айылдын тургундары менен жолугушканда билдирди деп маалымдайт аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев.

Маалыматка карасак Миң-Куш айылынын тургундары жылына жардам катары берилип келаткан 150 тн ундун эртерек берилишин, электр энергиясына үнөм болуш үчүн ар бир аянтчага көмүр ишканалары тарабынан көмүр отуну түшүрүлүп берилишин суранышты.

Айыл тургундарынын суроо талаптарына өкмөттүн өкүлү жооп берип жатып элди сабырдуулука чакырып, көмүр маселесин жана газ боюнча район чечип бермей болду “азыркы түзүлгөн жагдайды карап премьер министр Ж.Сатыбалдиев Миң-Куш айылынын тургундарына жылына берилип келген 150 тн унду апрель айынын ичи менен түшүртүп берерин айткан, азыр чыдап туралы” -деди өкмөттүн өкүлү К.Муратбеков.

Эске салсак буга чейин жылына 150 тн ун гуманитардык жардам катары Миң-Куш айылынын тургундарына берилип келген.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg