Акыркы макалалар

Facebook журналисттерге жаңы мүмкүнчүлүк сунат

Facebook журналисттерге жаңы мүмкүнчүлүк сунат

Facebook компаниясы журналисттер үчүн атайын маалымат издөөчү система иштеп чыкты. Тактап айтканда аталган система журналисттерге жана жалпы эле ММК өкүлдөрүнө маалыматтарды ыкчам алууда көмөкчү болот.

Миллиарддан ашуун колдонуучусу бар социалдык тармактын бул долбоору Signal деп аталат. Ал Facebook жана Instagram социалдык тармактарындагы актуалдуу группалардагы маалыматтарды көзөмөлдөп берет.

Facebook компаниясынын жаңылыктар жана глобалдык медиа бөлүмунүн жетекчиси Энди Митчел: “Бул жерде сөз социалдык тармактагы маалыматтар жөнүндө сөз болуп жатат. Биз өзүбүздүн тармагыбыздын масштабын жана андагы маалыматтардын маанилүүлүгүн эске алып, журналисттер үчүн жакшы мүмкүнчулүк түзүүгө аракет кылдык.”-деп сөз сүйлөгөн.

Азырынча аталган системанын мүмкүнчүлүгүн пайдалануу үчүн, журналисттер компанияга кайрылуу жасашы керек. Аларга бул кызмат көрсөтүүгө уруксат берилген соң, маанилүү темалардын видео жана фото матералдары автоматтык түрдө катталуучуга келип түшөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg