Акыркы макалалар

Мэр менен маек: «Шаарыбыз бийигинен өсүп, көп кабаттуу үйлөр курулат»

Мэр менен маек: «Шаарыбыз бийигинен өсүп, көп кабаттуу үйлөр курулат»

Эгемендик күнүн утурлай Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев менен баарлашып, шаарда жасалып жаткан жумуштар, калктын көйгөйлүү маселелери, алдыдагы мерчемделген пландар боюнча ой бөлүштүк.

- Рахат Нурдинович, шаардын мэри катары 8-9 айдан бери иш алып барып атасыз. Ушул мезгил мерчеминде шаардын өсүп-өнүгүүсү, инфраструктурасы боюнча жүзөгө ашкан жумуштарга токтолуп өтсөңүз?

- 2014-жылдын октябрь айынан бери Нарын шаарында мэр болуп иштеп келе жатам. Быйылкы жылга карата атайын иш пландарды кабыл алганбыз. Азыр ошол боюнча бир топ алгылыктуу иштер жүрдү. Эң негизгиси келечекте шаарыбыздын ирээттүү өсүп-өнүгүшү үчүн Башкы планды түзүүнүн үстүндө Ага Хан фонду менен бирдикте иш алып баруудабыз. Буга 8,5 миллион сомдун тегерегинде акча каражаты керектелет экен. Анын негизги бөлүгүн Ага Хан фонду каржылап, жергиликтүү бюджеттен да каражат бөлүп атабыз. Биздин архитектура да, Ага Хан фонду да мурда мындай план түзүп көрбөптүр. Ошондуктан Кара-Кол шаарынын Башкы планынын техникалык негиздемесин толугу менен алдырып, ошонун негизинде Нарын шаарынын Башкы планын түзүү иши жүрүп атат. Бул бир айда, же бир жылда бүтө турган иш эмес. Себеби шаар акыркы 30 жылда жана жакынкы 30 жылда кандай тартипте өсөөрүнө анализ жүргүзүлүшү зарыл экен.

Андан тышкары быйыл шаардын 9 километр ички жолдорун оңдойлу деп бюджеттен акча сураганбыз. Азыркы учурда республикалык бюджеттен 58 миллион 697 миң сом каралып, 6 километр 750 метр жол жасалып атат. Курулуш ишин тендерден «Сармат» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган.

Шаарыбыздагы чоң көчөлөрдүн бири Шералиев көчөсү да абдан чоң оңдоо иштерин талап кылууда. Бирок бул жолдун ремонт ишин токтото турганыбыздын себеби, эң оболу ушул жолдун астында 60-70 жыл жаткан суу түтүктөрүн, канализацияны алмаштырып алуубуз зарыл. Бул боюнча Европа өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 6 миллион 200 миң евролук чоң долбоор ишке ашканы турат. Бул эки жылда бүтө турган долбоор. Быйыл жумуш башталса, 2018-жылы буюрса толугу менен бүткөрүлүп, өткөрүлүп берилет. Азыр жалгыз бир көчөдө автоунаалар батпай ыңгайсыздык жаратып атканын түшүнүп турабыз. Бирок көчөнүн баарын асфальттатып алып кайра талкалагандан көрө бир-эки жыл күтө туруп, биротоло жасап алалы деген ойдобуз.

Азыр өлкөдө электр энергиясы кымбат болуп аткандыктан шаарыбыздын бир катар электр энергиясы менен жылытылган обьектилерин көмүр отказанына өткөрүү жумуштары алгылыктуу жүрүп атат. Бул боюнча шаардагы көп кабаттуу үйлөр жана чек ара аскер бөлүгүнүн, батальондун, облустук ички иштер башкармалыгынын, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн имараттары көмүр отказаны менен жылытууга өткөнүн белгилөөгө болот. Бул обьектилерди жылытууга мурда 11 миллион 697 миң киловатт/саат электр энергиясы сарпталып, 30 миллион сом коросо, көмүр менен жылытууга өткөндөн кийин биз биринчиден 11,5 миллион кВт/саат электр энергиясын, экинчиден бюджеттин 20 миллион сомун үнөмдөйт экенбиз. Былтыр жылуулук системасына 2500 тонна көмүр керектелсе, быйыл жаңы обьектилер кошулганына байланыштуу 7500 тонна көмүр керектелээри мерчемделүүдө.

Мындан сырткары коопсуз шаар боюнча программа кабыл алып, шаарды түнкү жарыктар менен камсыз кылуудабыз. Бул багытта Түштүк Кореядан келген инвесторлор менен макулдашып, Турдакун Усубалиев атындагы аянтка 16 шам чырак койдук. Гарантиясы 50 миң саатты түзүп, башкача айтканда, 20-25 жыл пайдалансак болот экен. 100 ваттык түнкү чырак болгону менен жарык бергени абдан күчтүү болуп атат. Кийин Нарын шаарын толугу менен ушундай түнкү чырактарга алмаштыруу боюнча кол коюштук. Бирок азырынча бюджеттин тартыштыгынан ала албай атабыз. Себеби бир лампа 18 миң сом турат экен.

Ошондой эле шаарыбызга заманбап эки светофор койгонго тендер жарыялаганбыз. Азыр ошол тендерден утуп алган фирма менен келишим түзүлдү. Жакын арада келип орнотушат. Андан тышкары МАИ кызматкерлери жетишпегендиктен жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп 3 жерге видеорегистратор койдук.

Буга чейин шаарыбызда муниципалдык кызмат боюнча бир топ кемчиликтер болгон экен. Ошону колго алып быйыл 5 жаңы аялдама орноттук. Жергиликтүү бюджетке каражат түшүрүү максатында 7 жерге жарнамалык шиттерди койдук. Буюрса 4-сентябрдан баштап жарнамалар илине баштайт.

Андан тышкары Айлана-чөйрөнү коргоо, токой чарбачылыгы агенттигине долбоор жазып, 847 миң сом утуп алганбыз. Аны менен соттун көчөсүнөн баштап Таалай көчөсүнө толугу менен лотоктор коюлуп, өзүбүздүн муниципалдык ишканадан чыгарылган брусчаткалар жаткырылып атат. Ошондой эле түрткү берүүчү грантка 5 миллион сомго долбоор жазып, анын эсебинен ушул көчөнүн күн батыш тарабына лотоктор орнотулуп, брусчатка төшөлө баштады. Бул ишке жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом бөлдүк.

Быйыл Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арнап 993 миң сомго гүлбак ачтык. Буга дагы аталган агенттик 385 миң сом өлчөмүндө жардам көргөздү. Шаарыбыздын РТС аймагына дагы мэрия менен шаардык Кеңештин депутаттарынын ортосундагы «Ынтымак» гүлбагын уюштуруп, 425 миң сомго айлана-чөйрөсүн тосуп, зарыл нерселер менен камсыздадык.

Ошондой эле шаарыбызда Балдарды коргоо күнүнө карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен 13 миллион 850 миң сомго бассейн ачылды. Андан тышкары элибизде китепкана боюнча маселелер бир топ солгундап калыптыр. Быйыл жергиликтүү бюджеттен жарым миллион сомго шаардык китепканага жаңы имарат сатып бердик. Герман техникалык борбору дагы бул китепканага 1 миллион сомдук техникалык жардам көрсөтүштү.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча айта кетсек, шаарыбыз коктунун ичинде жайгашкандыктан суу каптап кетүү коркунучуна ээ 17 кооптуу кокту бар. Азыркы учурда жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана Ага Хан фондунун колдоосу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу ушул коктуларды коопсуздандыруу иши жүрүп атат. Буга чейин «Нарын-70» коктусу коопсуздандырылса, учурда «Чыгыш» жана «Мазар-Булак» коктуларында лоток салынып, каналдар кеңейтилип, коктудан түшкөн суу түтүк аркылуу Нарын суусуна барып куйгудай иш жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары быйыл мэрияга Ага Хан фондунун колдоосу менен Геомаалымат системаларынын борбору ачылып берилген. Борбордун ачылышы менен жаңы технологияларды колдонуу аркылуу муниципалдык кызматтардын абалын жакшыртууга өбөлгө түзүлүүдө. Азыр шаардагы өзгөчө кооптуу жайлар, таштанды түйүндөрү, таза суу түтүктөрү жана канализациялары боюнча маалыматтар базага киргизилүүдө. Бир-эки жылдан кийин компьютер аркылуу эле кайсы жерде таштанды бар экенин, таштанды чыгарган автоунаа канча жүк көтөрүп баратканын, канча күйүүчү май коротконун, таза суу боюнча кайсы түйүндө кандай маселе бар экенин, жана башка муниципалдык маселелерди билип, бул боюнча шаар тургундарынын пикирлери менен да бөлүшүп турууга болот. Буюрса бул кызмат 2018-жылы толук иштей баштайт.

Элди сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу да биздин эң чоң багыттарыбыздын бири болчу. Жаңы конуштарда электр линиялары талаптагыдай тартылган эмес. Буга жергиликтүү бюджеттен 600 миң сом бөлүнүп, зым тирөөчтөр алмаштырылууда.

Дагы бир айта кетүүчү саамалык-Ден соолукту чыңдоо борборунун артына демөөрчүлөрдүн жардамы менен 1 миллион доллардан ашык каражатка үстү жабык заманбап муз аянтчасы салынууда. Айлана-тегереги тосулуп, канализация, суу киргизилип, трансформатор коюлду. Учурда пайдубалын түптөө жумуштары жүрүп атат. Буюрса кышкы сезонго чейин толугу менен бүтпөсө да муз аянты ачылып калат деген ойдобуз.

Шаарды жашылдандыруу боюнча да чоң милдеттерди койгонбуз. Себеби ар жылы жазында 200 миң сомдон ашык акчага гүлдүн көчөттөрүн сатып келчүбүз. Быйыл ошол акча өзүбүздө калсын жана шаарды өз күчүбүз менен жашылдандыралы деп мекеменин бир чоң залын күнөскана катары пайдаланып, уруктарды өндүрүп атабыз. Буга 250 миң сом бөлүп бердик.

Мындан сырткары шаардагы чоң саамалык катары облустук оорукананын неврология бөлүмүнүн жакында ишке бериле турганын белгилесек болот. Бул имарат өзүңүздөргө белгилүү болгондой республикалык бюджеттен курулуп атат. Мектептер боюнча айтсак, азыркы күндө түрткү берүүчү грант менен №10 - Ж.Чолпонбаев жана №5 - К.Жакыпов атындагы орто мектептерде жалпысынан 5 миллион сомго жакын акчага сыртын жылуулоо, алдына брусчатка төшөө жумуштары жүрүп атат. Мындан сырткары №7-М. Сыдыков, №8 - А.Буйлаш уулу жана №2 - В.П.Чкалов атындагы орто мектептерде Ага Хан фондунун каржылоосу менен 1 миллион сомго жакын каражатка ремонт иштери жүргүзүлүүдө. Бул жумуштардын 10 пайызын дагы жергиликтүү бюджеттен каржыладык. Ошондой эле быйыл мамлекеттин эсебинен 62 миллион сомго Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинин, 42 миллион сомго С.Бекмамбетов атындагы спорт мектебинин имаратынын курулушу башталууда.

Анан эң чоң кубанычтуу нерсе эгемендик жылдарында биринчи жолу Нарын шаарына Өкмөт тарабынан көп кабаттуу турак үйлөр курулганы турат. Бул иш 2016-жылдын бюджетине киргизилүүдө. Бизге жерин чечип, мамлекеттик актысын алып, жергиликтүү Кеңештин чечимин чыгарып, долбоорго тендер жарыялоо боюнча Өкмөттөн кат келди. Буюрса эмдиги жылы курулуш иши башталат. 40 квартиралуу үйдөн төрттү салмай болушту. Бул социалдык турак-жай болот. Бекер берилээри, же сатылаары азырынча чечиле элек. Жерди Московский аймагынан даярдап койдук.

Андан тышкары жеке жактар аркылуу дагы көп кабаттуу турак үйлөр салынган атат. Адил деген мырза жер сатып алып, азыр долбоорун түзүү менен алек. Булар салган үй шаар тургундарына сатылат экен. «Чарчы метри 93төн кем болбойт. Бир метр квадраты 450 доллар» дейт. Ошондо 90дон ашык чарчы метри 42 миң доллардын тегерегинде болуп калат экен. Биз 4 кабаттуу кылгыла деп атабыз. Мунун үстүнөн архитекторлор иштөөдө. 5 же 6 кабаттуу болуп калышы да мүмкүн. Бирок лифт чоң акча болгондуктан көпчүлүк имараттар 5 кабат менен токтоп калат экен.

Ошондой эле шаардагы төрт кабаттуу үйлөрдүн 5-кабатына эл менен сүйлөшүп жеңил конструкциядагы үйлөрдү салып, ошол үйлөрдү толугу менен оңдоп, эшигинин алдына балдар аянтчаларын куруп берүү боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз. Азыр чоң-чоң фирмаларды таба элекпиз, колдоого алынып калса бул жумуш да башталат.

- Албетте калкыбыз кубанаарлык абдан чоң жумуштар болуп атыптыр. Элибиз айрымдарына күбө болуп атса, айрым маселелер боюнча маалыматы жок эле. Жасалган иштер боюнча кенен маалымат берип өттүңүз. Эми шаарда кол жетпеген дагы кандай көйгөйлүү маселелер, алдыда кандай пландар бар? Деги эле мэрдин жоопкерчилигин кандай сезимдер менен аркалап атасыз?

- Мурда депутат болуп жүргөн кезде шаардын көйгөйлөрүн үстүртөн аралашып билгенибиз менен иштей келгенде жумуш бир кыйла оор экен. Себеби элибиздин талаптары абдан көп. Анын баарын чечкенге шаардык мэриянын каражаты жетишпейт. Атайын техникалар жокко эсе. Калктын мүдөө-талабын аткарыш үчүн биз башка мекемелерден жардам алып, ошолордун эсебинен жасап берүүгө туура келип атат. Эми бул маселелер да четинен чечилет деген ойдобуз. Буюрса Европа өнүктүрүү банкынын долбоору ишке ашса 1 миллион сомго жакын каражатына атайын техникалар алынып, алар долбоор бүткөндө бизде калат.

Элдин эң негизги маселеси-жер, турак-жайга байланыштуу. Нарын шаарында аймагыбыз аз болгондуктан элди жер менен камсыз кыла албай калдык. Көп кабаттуу үйлөрдү куруп, жогору жакты карай өспөсөк, шаардын аймагынан көп болсо 200-300 кишиге гана жер бере алабыз. Бирок ал жерлерди берүү да кыйынчылык жаратып жатат. Себеби бул жерлер суу канализациясы, электр энергиясы, жолу жок аймактарда. 1 километр жол салуу үчүн 15 миллион сомдой каражат талап кылынат. Азыр жерге 1300 киши, кабаттуу турак-жайга 300дөн ашык киши кезекте турат. Учурда чырдашып соттордон утуп алган 194 жер бар. Ошону мурдатан кезекте тургандарга берип атабыз.

Ал эми калган бир топ маселелерди түрткү берүүчү гранттын, Айлана-чөйрөнү коргоо токой чарбачылыгы агенттигинин өнүктүрүү фондунун колдоосу менен чечип алуудабыз. Андан сырткары сырткы инвесторлорду тартуу аракеттери болууда. Жергиликтүү бюджетибиз да жылдан жылга көбөйүп келатат. Быйыл бюджетибиз 80 миллион сомду түзүп, тиешелүү мекемелерге бергенден кийин 10 миллион сомго жетпеген акча калган. Ошону жогорудагыдай пайыздык жумуштарга жумшадык.

Акыркы жылдары чындыгында Кыргызстанда салыштырмалуу абдан көп өсүштөр байкалып атат. Түндүк-түштүк байланыш жолу, Кемин-Датка подстанциясы, Жогорку-Нарын каскады сыяктуу келечектүү ири долбоорлор ишке ашууда. Санап отурсак мындай иштер абдан көп. Эмгек акылар көбөйө баштады. Ушундай деңгээл менен жүрүп отурсак Кыргызстандын жакынкы келечегинде көп өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр болоорунда шек жок. Буга ар бирибиз салымыбызды кошуп, тынбай аракеттенип, келечекте ар бир атуулубуз Кыргызстанда төрөлгөнүнө сыймыктангандай күчтүү мамлекетти түзүп беребиз деген ойдомун.

Жалпы элибизди Эгемендик майрамы жана жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктайм. Элибизде жерибизде тынччылык, кут уялап, экономикабыз өнүгүп, калкыбыз эгемендиктин миңдеген кылымдарын белгилей беришине тилектешмин.

- Рахмат, сиздин да ишиңизди ийгиликтер коштоп, ар дайым бүгүнкүдөй эл алдында жүзүңүз жарык болсун!