Акыркы макалалар

Маектешибиз Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ЖАНБОЕВ Түгөлбай: «Кыдыр даарып, ырыс жылоолосун»

Маектешибиз Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ЖАНБОЕВ Түгөлбай: «Кыдыр даарып, ырыс жылоолосун»

- Күрдөөлдүү күздү утурлап мамлекетибиздин тур-мушундагы эң маанилүү майрамдардын бири эгемендүүлүк кирип келди. Эгемендүүлүктүн жарыгы чачырагандан берки Нарын районундагы өсүүнүн өрүш жайына токтолсоңуз?

- Майрамды район эли кыргыз жутчулугу менен биргеликте жарык маанайда тосуп алуунун алдында турабыз. Укуктук демократиялык мамлекетти курууга багыт алган Эркиндиктин 24 жылы тарыхта өз ордун тапты. Өзгөрүү ар бир жаранда, ар бир үй-бүлөдө, ар бир тармакта жүрүп эл шыктануу, жаңыга умтулуу менен иш жүргүзүп жатышат.

Мурдагыны айтпаганда да акыркы жылдардагы өндүрүштөгү өнүгүүлөргө токтолоюн. Жергебиз мал киндиктүү болуп мал чарбасы менен айыл чарбасына багытталгандыгына карабастан районубузга киреше алып келүүчү, элди иш менен камсыз кылуучу тоо кен тармагы, суу ресурстары болуп саналат. Аймакта Ат-Башы суу электр станциясы жана Солтон-Сары кен казуу ишканасы туруктуу иш жүргүзөт. Андан сырткары алтын, вольфрам кени жайгашкан Кум-Бел, алтын кени жайгашкан Солтон-Сары, Бучук кендери, ошондой эле келечекте гипстин зор көлөмдөгү запасы бар тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт деп ойлойм. Ошону менен катар кайра иштетүү жана өнөр жайын өнүктүрүү максатында бир катар айыл өкмөттөрүндө сүттү кайра иштетүүчү, кондитердик азык чыгаруучу цехтер курулуп, бир кыйла иштер жасалды. Өндүрүлгөн азыктар районубуздун аймактары менен Нарын шаарынын элин камсыздап келет.

Элеттиктердин жашоосу айыл чарбасына байланыштуу болгондуктан быйыл жылыбыз түшүмдүү болуп, дыйкан-фермерлердин маңдай терлери акталды. Өндүрүштү кыймылга келтирүүчү инвестицияларды тартууга өзгөчө көңүл бөлүнгөндүктөн алардын арты менен Жан-Булак, Эмгекчил, Дөбөлү, Ак-Талаа айылдарында бир катар күнөсканалар курулуп, базардын көзүн карабай бүгүнкү күнү калк дасторконун жашылчалар менен толуктоодо.

Жергебизде жаратылыш кооздугун сактап, бугу, марал, илбирс сыяктуу тоо жаныбарларын коргогон Нарын, Каратал-Жапырык мамлекеттик коруктары, Салкын-Төр улуттук жаратылыш паркы райондо ички жана сырткы туризм тармагын кеңейтүү багытында туристтик фирмалар менен иштешип, туристтерге жол ачып турат. Туризмди өнүктүрүү менен бирге чебер-уздардын кооперативдери уюштурулуп, кол өнөрчүлөр эл аралык деңгээлдеги фестивалдарга, көргөзмөлөргө катышып, улуттук дөөлөттөрүбүздү даңазалап келишет. Алардын бири чебер уз Карыбекова Жамбы жетектеген «Урмат уз» товардык-сервистик кооперативинин демилгеси менен Салкын-Төр аймагындагы көп жылдан бери иштебей турган балдардын жайкы эс алуу лагеринин базасында «Этно айыл» долбоору ишке ашырылып атат.

Ошондой эле жол маселеси райондо көйгөйлүү маселелердин бири. Көптөн бери көңүлдү өйүткөн Улуу Жибек Жолунан орун алган Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун 272-365 километр жолун реконструкциялоо долбоору ишке ашырылып жатканы айдоочуларды да, элди да кубандырат. Долбоордун наркы 72,35 миллион долларды түзүп, анын алкагында жалпы 20 км. аралыкка асфальттоо иштери жүргүзүлүп, суу өткөрүүчү түтүктөрдөн 47си жасалууда. Ошентип, Долон ашуусунун бийиктиги 13 метрге төмөндөтүлдү.

Биздеги экономикалык өсүштү камсыз кылуучу жагдайдын негизинде Кыргызстан менен Россия Федерациясынын ортосундагы келишимдин негизинде жалпы кубаттуулугу 191 мегоВатты түзгөн төрт кичи суу электр станциясынын курулушу ишке ашырылууда. Аталган долбоордун эсебинен районго 2015-жылдын башынан бери 157,5 миллион сомдук инвестиция тартылган. Курулуш иштеринде 101 адам жумуш менен камсыз болсо, алардын 37си жергиликтүү тургундар. Учурда «Кыргызмамжердолбоор» институту тарабынан курулуштун үчүнчү этабына жер аянттарын бөлүү жумуштары жүрүп жатат.

Алдыда аткаруучу милдеттер арбын. Алсак, район боюнча 2014-2017-жылдары туруктуу өнүгүүнүн жол картасына 2015-жылга 123 миллион сомдук долбоорлорду аткаруу мерчемделген.

Үстүбүздөгү жылдын жети айына карата айыл өкмөттөрдө 79 миллион 35 миң 400 сомдук ар кандай жумуштар аткарылган. Анын ичинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 6 млн. 214 миң 400 сомдук, калгандары республикалык бюджеттен, жамаат менен айыл тургундарынын, демөөрчүлөрдүн салымдары аркылуу ар кандай жумуштар аткарылган.

Райондо билим берүү, маданият тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытында иштер колго алынып, оңдолгону оңдолуп, курулганы курулуп жатат. Алсак, капиталдык салымдын эсебинен 100 орундуу Алыш мектеби, Казан-Куйган айылында 250 орундуу клубдун, жеке демөөрчүнүн эсебинен Жан-Булак айылында бала бакчанын курулуштары жүрүп жатат. Мындан тышкары эки спорт комплекси, бир мектеп, да бир мектептин спорт залы, бир клуб, бир бала бакча дагы быйылкы капиталдык салымдын тизмесине кирип бирөөнүн курулушу жүрүп, калгандары долбоорлонуп, үчөө тендерде. Таш-Башат, Орто-Нура жана Ак-Талаа айылдарынын ички жолдору да асфальтталууда. Үлүштүк гранттын эсебинен да райондогу саламаттык сактоо, билим берүү, спорт, маданий тармагындагы кол жетпеген иштер бүткөрүлдү.

Элибиздин ак ниет эмгеги, асыл ойлору, жабыла көтөргөн жүктөрү гана районубузду жаңы чектерге, байгер жашоого алып бараары шексиз. Дегеним, рынок экономикасынын шартында айылдагы олуттуу маселелерди жөнгө салууда элеттиктердин аракетинин натыйжасында өткөн жылдары «Мыкты айыл өкмөтү» кароо-сынагында райондогу Дөбөлү, Эмгекчил айыл өкмөттөрү ийгиликтерди жаратышып, «Мыкты айыл өкмөтү» наамдарын жеңип алышты. Ал эми Нарын району 2014-жылы облуста «Эң мыкты район» деп табылган. Эли-журтубуздун «Бир жеңден кол, бир жакадан баш» чыгаргандыгынан улам, ар бир ишке салым кошушуп, эмгеги, ынтымагы, биримдиги менен ырыс-кешик кирип, ушул жетишкендиктердин бардыгы жаралууда деп сыймыктанам.

- Быйыл райондун 85 жылдык мааракесин майрамдаганы турасыздар. Ага карата кандай даярдыктар көрүлүүдө?

- Борбору Нарын шаары болуп эсептелген Нарын району 1930-жылы негизделген. Айтылуу Нарын дарыясынын жээгинен орун алган бийик тоолуу райондун 15 айыл аймагында 38 айыл, 36 ар кандай тармактагы мекемелери бар.

85 жыл ичинде райондун социалдык-экономикалык тармагында өсүш болуп, жетишкендиктер жаралууда. Эл менен бийликтин ортосундагы байланыш да чыңдалып, элибиз мал, дан чарбасын өстүрүшүп дөөлөттүү, байгер жашоонун аракетинде. Буюрса, мааракени оруп-жыюу бүткөндөн кийин октябрь, ноябрь айларында түшүм майрамы менен бирге белгилейли деген оюбуз бар. Бул боюнча атайын иш чаралар иштелип чыгып, уюштуруу комитетинин курамы такталган. Иш чарадагы уюштуруу маселелерди аткаруу жагы тиешелүү адамдарга милдеттендирилген. Эң башкысы Нарын районунун энциклопедиясын түзүү менен райондун тарыхын камтыган музей уюштурууну мерчемдөөдөбүз. Күн тартибине салтанаттуу жыйын менен оюн-зоокторду уюштуруу, алдыңкы айыл чарба кызматкерлерин сыйлоо жагы да каралган. Райондун социалдык-экономикалык, маданий жана тарыхый өнүгүшү жөнүндө көргөзмө уюштурулуп, ага айыл чарба азык-түлүктөрү, улуттук кол өнөрчүлүк экспонаттары коюлмакчы. Андан тышкары жер-жерлерде, ар тармактарда да мааракеге арналган иш чаралар өткөрүлөт.

Ыймандуу, ырыскылуу элибизге Кыдыр даарыган ушул күндө ынтымак, бейпил жашоо, үй-бүлөлүк бакыт, чың ден соолук каалайм. Ошондой эле районубузду ырыс жылоолоп, кут конуп, мартабасы арта беришин тилек кылам.