Акыркы макалалар

ЭКИ КОЛУНАН АЖЫРАГАН БАЛА БУТУ МЕНЕН КАДИМКИДЕЙ ЖАЗЫП, А ТҮГҮЛ СҮРӨТ ТАРТАТ

ЭКИ КОЛУНАН АЖЫРАГАН БАЛА БУТУ МЕНЕН КАДИМКИДЕЙ ЖАЗЫП, А ТҮГҮЛ СҮРӨТ ТАРТАТ

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы 8-класстын окуучусу Александр беш жашында, мындан он жыл мурда, эки колунан ажыраган. Ошентсе да, ал буту менен кадимикидей жазып, а түгүл сүрөт дагы тартат.

- Он жыл мурда уулумдун колунун сөөктөрү бүт күйүп кеткен. Кызыл-Кыя шаарындагы ооруканада дарыланды. Бирок, сөөктөрү акырындап чиригендиктен, денесинен ткандарын жана сөөктөрүн улам жогорулатып кестирип таштадык. Сегиз жолку операциядан кийин ийининен салаңдаган мобул колу эле калды. Ошентсе да, Саша өзү такай кыймылдап, баарын буту менен жасаганды аргасыздан үйрөндү. Азыр мектепте 8-класста окуйт. Ошентип, буту менен жазып, буту менен моминтип сүрөт чиймелейт, - деп ыйлактады Александрдын апасы Татьяна Мамарахимова.

Баса, Александр мындан он жыл абалы, беш жашында, сыртта ойноп жүрүп, айланасы тосулбаган трансформатордук жайга кирип, ал жерде ачык турган ток өткөргүч зымды байкабастан кармап алган.

Апасынын айтымында, кызыл-кыялык майып окуучу ушул тапта жасалма кол салдыртууга муктаж. Ошондуктан, боорукер жана колунда бар мекендештери көмөктөшүп калаар деген чоң үмүттө жашап келатат.

Түп нускага шилтеме : www.aymak.kg