Акыркы макалалар

Кинезитерапия же дарынын эң мыктысы - кыймылбы?

Кинезитерапия же дарынын эң мыктысы - кыймылбы?

Россиялык профессор, медицина илимдеринин доктору Сергей Бубновский бир кездерде оорунун чеңгелинен араң кутулган. Бирок дарынын күчү менен эмес. Ал өзүнүн жеке айыктыруучу системасын: таблеткаларга эмес, кыймылга негизделген кинезотерапияны киргизген. Бул дарылоо ыкмасы ал тургай таптакыр айыгууга үмүтү жок деген бейтаптарды бутуна тургузган. Бубновский баарына ар түрдүү дарыларга ишенбей, организмдин ички резервин пайдаланууга кеңеш берет. Анын калса муну жасоо кыйын деле эмес. Бул үчүн эртең мененки бир нече дене көнүгүүлөрүн жасоо жетиштүү. Ошондой эле профессор саат сайын бир нече ирет отуруп турган көнүгүүнү жасоону сунуштайт. Төмөндө профессор менен болгон маекти сунуштайбыз.

"Кан басым жогорулаганда колдонуучу дарынын ордуна өз организмиңиздин ресурстарын пайдаланыңыздар"

-Сергей Михайлович, сиз эртең менен көнүгүү жасайсызбы?

- Албетте. Адегенде муздак суу менен чайканам, анан тренажерде машыгам... Акыры соңу эртеби кечпи гимнастика жасоого өтүү керек. Менин олуттуу кардиологиялык оорулары бар бейтаптарым атайын система боюнча көнүгүү жасоону башташкандан кийин бул дарылоо феноменине таң калып жүрүшөт.

Албетте эң элек жөнөкөйү -бул кан басымына каршы дарыны ичип коюу. Эң эле кыйыны-дары ичпей, кан басымынын дайыма жогору болуп турушунан биротоло куткара турган организмдин ички ресурстарын пайдалануу. Дүйнөдөгү бир да кардиолог дары ичип жатып гипертониядан (кан басымы жогору болуу) айыккан бейтапты көргөзүп бере албайт. Тактап айтканда, силерди адегенде бир таблеткага андан кийин бүтүндөй бир дарылар системасын кабыл алууга мажбурлашат...

-Кыйын нерсе экен го!..

-Ооба, 40тан өткөндөн кийин адам ооруп калса кардиологдор кардиопротекторду кабыл ала баштоо керек дешет. Башкача айтканда, сиздин көкүрөгүңүз кысылып ооруй баштаса, дарыканага барасыз жана сизге жүрөктүн ишемикалык ооруларын алдын ала турган дарыларды беришет. Чындыгында эч кандай алдын алуу болбой эле, тескерисинче оору өрчүй бериши мүмкүн. Анткени көкүрөктөгү оору бул себеп эмес, организмде бир нерсе болуп жатканынан кабар берчү белги. Жүрөк, кан тамырлар эмне болуп жатканын текшерүү керек.

Мен ооруканадан айыгып чыккан адамдарды эмес, эптеп аман калган адамдары көрүп жүрөм. Мен өзүм майып болуп калгандан тартып дени соо адамга чейинки жолду басып өткөм.

-Бирок баары бир ооруп калгандан кийин биринчи кезекте дарыгерге барышыбыз керек да туурабы?

- Дарыгерге барсаңыз албетте дары жазып берет. Адам ичкени менен көп учурда бул натыйжа бергенин көрбөйт. Дарыга дагы акчасы жетпей калат, анан альтренативалуу медицина тууралуу китеп окуп көрүп өзүнө жаңы дарыны-дем алуу жана кыймылды табат!

Парадокс: ооруган балдарга дарыгер дене тарбияга катышпасын деген уруксатты берет! Эмнегедир адам кыймылдаса ооруп калат, ал эми керебетте жатса айыгат деген түшүнүк калыптанган. Бирок белгилүү болгондой жаткан таштын астынан суу акпайт.

Эскерте кете турган бир нерсе бар, менин жакын досум Лев Валерьянович Лещенко бир жолу гастролдоп барып, жыгылып түшүп ийинин кокустатып алган. Немистер аны жакшылап тигип беришкен бирок колун көтөрүү азапка айланган. Мен ага: "Атайын көнүгүүлөрдү кылбасаң, ийинин катып калат. Ушу сага керекпи?,- деп түшүндүрдүм. Ал өзүнүн эркин колго алып, ооруса дагы болбой көнүгүүлөрдү жасады.

"Ийинди түз алып күн сайын отуруп туруу көптөгөн кыйынчылыктардан куткарат"

-Бирок ооруп турганда кыймылдаш кыйын го...

-Катуу ооруган кезде биз микроциркуляцияны жөнгө салуучу муздак компресс басабыз. Оору көбүнчө шишип кетүүдөн, суюктук топтолуп калуудан улам пайда болот. Муундарда топтолуп калган суюктукту алып чыга турган көнүгүүлөрдү жасаш керек. Стенокардия-тамырлардын ички бетинин сезгениши. Мындан улам көкүрөктө оору пайда болот. Ал эми биз болсо көнүгүү жасап тамырдын бул жериндеги суюктукту чыгаруунун ордуна таблетка ичип төшөккө жатабыз.

Бейтаптар менден: "Эми эмне өмүр бою гимнастика жасайбызбы?",-деп сурашат. Бул тишти тазалап же жуунгандай эле нерсе. Гимнастика жасоо - майыптыктан ырахматтанууга чыккандай эле нерсе. Мен үчүн күндөгү эң бактылуу убакыттардын бири эртең менен туруп гимнастика жасаган учурум. Анткени сен карыбай эле жашарасың. Дайыма көнүгүү жасап жүргөн адамда эски клеткалардын ордуна жаңы клеткалар пайда болот.

-Кандай көнүгүү аткарып, эмнелерди жасоого кеңеш берет элеңиз?

-Менин мындай үч илтигим бар: отуруп-туруу, жатып алып кол менен тулку бойду көтөрүү (отжимания), пресс үчүн жасалган көнүгүү. Мен узак жашаган сүрөтчү Борис Ефимов менен 108 жашка чыккан курагында сүйлөшүп калдым. Кичинекей тың абышка болчу. "Узак жашаганыңзыдын сыры эмнеде?,- деп сурадым. "Эч нерседе деле эмес",- дейт ал - күнүгө 450 жолу отуруп турам. Бул чындыгында канды денеге айлантуунун эң эле универсалдуу жолу.

Эгерде сиз күн сайын далыңызды түз кармап отуруп-турган көнүгүүнү жасасаңыз (Ар бир 10 жолу отуруп тургандан кийин бир ууртам суу ичесиз) андан көптөгөн оорулар жоголот. Бул айрыкча компьютерде көп отургандар- бухгалтерлер, дизайнерлер, программисттер үчүн маанилүү.

Эреже катары ушун нерсени жашоого киргизип алыңыз бир саат отуруп иштедиңизби 30 жолу отуруп-туруңуз. Эртең менен баарын 5 секундадай муздак суу толтурулган ваннага чумкуу, чайынуу менен баштаган андан дагы жакшы.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg