Акыркы макалалар

Жумгал.Миң-Куш айылында жер көчкүнүн айынан электр берүү системасына кетирилген чыгым 1 млн 962 миң сомду түздү

Жумгал.Миң-Куш айылында жер көчкүнүн айынан электр берүү системасына кетирилген чыгым 1 млн 962 миң сомду түздү

30-март күнү Миң-куш айылындагы «Оргтехника» заводунун аймагынын түндүк тарабынан болжолдуу саат 1:55 чамасында жер көчкүнүн активдешүүсү болуп, болжолдуу 875 миң м3 көлөмдөгү жер кыртышынын жылышуусу болгон. Бул тууралуу аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев билдирет. Маалымат ылайык, жер көчкүнүн кесепетинен 110 кВ Чаек-Миңкуш жогорку чыңалуудагы абаа чубалгысы, 10 кВ электр берүү системалары аварияга учурап, Миң-Куш жана Кабак айыл аймактарынын 7 (жети) калктуу конуштарына электр энергиясын берүү токтоп, жер көчкүсүнүн жалпы көлөмү болжолдуу 4,0-4,5 млн м3 көлөмдү түзгөн. Активдешкен жер көчкүсү болжолдуу 30-40 м аралыкка чейин жылып, аймактагы «Оргтехника» заводунун колдонулбай кароосуз калган 2 (эки) имаратына жетип, активдешүү процессии басаңдаган. Жер көчкүсүнүн жогорку бөлүгүнүн активдешүүсү боло турган болсо, анда аталган имараттардын бузулуусу мүмкүн дешет адистер. Тиешелүү адистердин тактоосу боюнча 110 кВ Чаек-Миңкуш абаа чубалгысынын 3 даана зым тиреги,3км электр өткөргүч зымдары зыян тартып, чыгымдын суммасы 1 млн 761 миң сомду түзсө, 10 кВ электр берүү системасынын 15 даана тиреги жана 4,5 км электр өткөргүч зымдары зыян тартып анын чыгымы 200 миң 700 сом болуп жалпы электр берүү системасына келтирилген чыгымдын суммасы 1 млн 961 миң 700 сомго жеткен. «Оргтехника» заводунун кароосуз калып, колдонуу мүмкүнчүлүгү жок болгон 2 (эки) имаратына келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктоого мүмкүн болгон эмес, ошондой эле текшерүү учурунда жер көчкүсүнүн активдешүүсү айыл тургундарынын жеке турак жайларына жана социалдык обьектилерине коркунуч келтирбегендиги айтылды.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg