Акыркы макалалар

Кыргыз тилинде алгачкылардан поп-рок стилинде обон созгон "The Dreamers" тобу

Кыргыз тилинде алгачкылардан поп-рок стилинде обон созгон "The Dreamers" тобу

Кыргызстанда кыргыз тилинде поп-рок стилин алгачкылардан болуп алып чыккан "The Dreamers" тобун билесизби? Бул топ ачылгандан бери шаар тургундарына жана ар улуттагы музыка сүйүүчүлөргө поп-рок стили аркылуу кыргыз тилинин өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келет. Топтун негиздөөчүсү Чынтемир Акбарали уулу "Кабар ордого" менен поп-рок стили, топтун жаралыш тарыхы, алдыдагы максаты тууралуу пикир бөлүштү.

Кыргыз тилинде алгачкылардан поп-рок стилинде обон созгон "The Dreamers" тобу

- Чынтемир мырза айтсаңыз, "The Dreamers" тобу качан түзүлгөн? Бул топту ачуунун идеясы жана жаралыш тарыхына токтоло кетсеңиз?

- Бул топту түзгөнгө чейин Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында "Ариет", Ош шаарында "Hot-Ice" деген топторун түзгөм. Кийинчерээк музыкалык билимимди өркүндөтүү максатында 2010-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине тапшырдым. Ал жерден музыкант балдар Акылтай Мирбек уулу, Талант Анарбай уулу, Аскар Алиев менен таанышып, рок тобун түзүү керектиги тууралуу сүйлөшүп калдык. Бул идеяны мен көтөрүп чыккандыктан алар менин сунушума ойлонбой туруп баары макулдугун беришти. Ошентип топ 2011-жылдын март айында түптөлдү. Башында кыйынчылыктар болбой койгон жок. Мындай учурда бизге дем-күч берип, топтун түптөлүшүнө зор салымын кошкон, менин агайым, гитарист Чыңгыз Жураев болду. Ал бизге музыкалык жактан жардамын көрсөтүп, биздин идеяны колдоп, туура багыт көрсөттү. Ошондой эле "Соленые орешки" тобунун негиздөөчүсү, барабаншик Бакыт Кыдыкбаев жана эстрада кафедрасынын жетекчиси Абдумиталип Токтогулов агайлар да өз жардамдарын көрсөтүп жатышты.

Кыргыз тилинде алгачкылардан поп-рок стилинде обон созгон "The Dreamers" тобу

- Топту эмне себептен "The Dreamers" деп атагансыздар?

- Эл аралык тил англис тили болгондуктан жана рок топторунун көбүнчөсү англис тилинде коюлгандыктан жогорудагы атты ыйгарганбыз. "The Dreamers" деген сөз биздин тилге которгондо "кыялкечтер" деген түшүнүктү берет. Мындан башка деле көп ат сунушталган, топтогу балдарга жана мага ушул ат жаккандыктан "кыялданып бардык максатыбызга жетебиз" деп ушул атка токтолгонбуз. Негизи бул жашоодо алдыга максат коюп, кыял менен жашасаң ал сөзсүз түрдө бир күнү болбосо, бир күнү орундалат эмеспи. Биз дагы кыялдарыбызга жетели, дүйнөгө белгилүү "The Doors", "Nirvana", "Pantera", "Aliceinchains" "Nickelback" жана башка топтордой дүйнөнүн маданий жагына чоң салым кошолу деп ушундай атты койгонбуз.

Кыргыз тилинде алгачкылардан поп-рок стилинде обон созгон "The Dreamers" тобу

- Музыкада стилдердин түрү көп эмеспи, алардын ичинен эмне себептен поп-рок стилин тандап алдыңыздар?

- Бул жанрга 2008-жылдан бери кызыга баштадым. Агайым Чыңгыз Жураев дагы бул музыканын түрүнө кызыгышыма себепчи болду. Өзүм дагы мурунтан бери "гитарист" болгум келчү. Дүйнөдөгү Япония, Түштүк Корея, Түркия жана башка көптөгөн өлкөлөр өзүнүн тилинде рок стилиндеги чыгармаларды аткарып келет. Бул эл аралык стиль болгондуктан кайсы өлкөгө барбаңыз бул жанрды колдоп угат. Тилине карабастан бул стиль абдан жандуу, Кыргызстандын музыка тармагынын жанданышына да көмөкчү болот десем жаңылышпайм. Себеп дегенде бизде музыкалык топтор аз, баары эле жеке ырчы, 70 пайызы өздөрүн "кесипкөй ырчымын" деп эсептешет же жогорку музыкалык билими жок, баары бири-бирине окшош. Койгон концертинин тең жарымы фонограмма менен өтөт, келген эл тажияга келгендей болушат. Эптеп кол чаап, отургусу келбей араң көрүп кетишет. Бул деген чындык, концерттердин 80 пайызы ушундай. Ал эми рок жанрынын максаты элге жандуу үн менен музыкалык аспаптардын деңгээлин көрсөтүү. Музыка сүйүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулоо.

- Учурда топто канча киши эмгектенет?

- Топто 4 киши эмгектенет. Алар Талант Анарбай уулу урма аспапта ойнойт. Аскар Алиев бас гитара, Касым Молдогазиев электро гитара, ал эми мен топтун солисти электро гитарада ойнойм.

Кыргыз тилинде алгачкылардан поп-рок стилинде обон созгон "The Dreamers" тобу

- Байкашыма караганда поп-рок стилиндеги музыка Кыргызстанда өнүкпөй жаткандай таасир калтырат. Мунун себебин музыкант катары жакшы билсеңиз керек?

- Поп-рок стилинин жаралыш тарыхына токтоло турган болсом, бул стиль эң алгач Италия, Африка, Америка, Бразилия, Европа, Түштүк Корея жана башка дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин кесипкөй музыканттары менен биргеликте поп-рок музыкасын түптөп, көп өлкөлөр бул музыканын жаралышына өз салымдарын кошкон. Поп-рок деген сөз - көп тармактуу, көп кырдуу деген маанини туюнтат. Мында Орто Азиянын деле музыканттары бул стилдин өнүгүшүнө өз салымдарын кошкон. Айрым музыканын рифтери дал ушул аймактын элдерине туура келет. Ал эми бизде бул музыканын түрү өнүгө элек. Көпчүлүгү түшүнбөй эле "батыштан келген музыка" деп жээригендер бар. Кенен түшүнүк менен ала турган болсок поп-рок ар улуттагы элдин башын бириктирген музыка деп атасак туура болот. Коңшу Тажикстан менен Өзбекстанда аталган стиль мурдатан бери эле өнүгүп, өз тилдериндеги чыгармаларды аткарып келе жатат.

- Поп-рок стилиндеги музыкага кызыккандар көп элеби, күйөрмандарыңыздар деле арбын болсо керек?

- Бишкекте рок угуучулар көп, алардын көпчүлүгүн орустар түзөт. Алар рок музыкасына абдан жакын. Кыргыздар деле келет, бирок аз. Көпчүлүгү корейлер, орустар жана башка улуттагылар түзөт. Биздин максат башка улуттагы элге кыргыз тилинде рок музыкасы бар экендигин билдирүү, таанытуу жана кыргыз рок музыкасын сүйдүрүү, кыргыз тилинде бизге кошулуп ырдатуу болуп эсептелет. Бул аз да болсо эне тилибиздин кадыр-баркын көтөрүүдө чоң өбөлгө түзөт деген ойдомун.

- Топтун негиздөөчүсү катары сизге мындай суроо бергим келип жатат. Өзүңүзгө деле маалым, айрым топтордун ачылганынан жабылганы бат же курамындагы музыканттар өз алдынча болуп кетишет. Мындай кооптуу ой сизде дагы болсо керек?

- Күтүлбөгөн жерден баардык нерсе болуп калышы мүмкүн. Бирок, "ынтымак бар жерде ырыскы бар" дегендей кыялыбыз орундалат деп биргеликте ынтымакта иштеп келе жатабыз. Жеке ырчы болуп кетиштен алысмын. Ансыз деле бизде ырчылар абдан эле көп. "Топ болуш аста-аста, жеке ырчы болуш бир паста", бирок музыкант болуш кыйын. Анткени мыкты музыкант болсоң эч качан жалгыз калбайсың. Ал эми топ болгондон кийин пикир келишпестиктер, талаш-тартыштар, уруштар болуп турат. Бул нерсе улам көбөйгөн сайын топтун жабылышына чейин алып келет. Бирок, топко болгон сүйүүң, өз кесибиңе берилгендик, чыдамкайлык, ынтымак болгон жерде эч качан топту ажыратууга алып келбейт.

- Поп-рок стилиндеги чыгармаларды аткарууда дагы бир топ музыкалык аспаптар талап кылынат эмеспи. Бул жагын кантип чечтиңиздер?

- Биздин жанр негизги төрт эле аспапты талап кылат. Бул электрогитара, урма, басс гитара жана ритм электро гитара. "Yamaha" фирмасынын 1500 долларлык урма аспабын 1200 долларга сатып алганбыз. Электрдик гитара жана башка музыкалык аспаптарыбыз дагы бар. Рок жанры абдан чоң, көп кырдуу жанр. Ал арт рок, этно рок, джаз рок, фолк рок болуп бөлүнөт. Бул түрлөрүнө виолончель, скрипка, клавиша жана башка үйлөмө жана элдик аспаптарды кошуп ойносо болот. Кудай буюрса биз дагы рок-поп стилиндеги кээ бир ырларыбызга комуз менен кыл кыякты кошобуз деп ойлоп жүрөбүз.

- Алдыдагы максаттарыңыз тууралуу айтып өтсөңүз?

- Алдыда максаттарыбыз көп. Кудай буюрса альбомубузду чыгармакчыбыз. Топтун атын өзгөртүп "Dreamsinchains" "Чынжырдагы кыялдар" деген ат менен чыксакпы деп турабыз. Анткени биз абдан татаал шартта, канча кыйынчылыктарды басып өткөнбүз, кыялдарыбызга жетпей канча жүрдүк, ошого ушул атты коёлу деп чечтик. Биздин максаттарыбыздын дагы бири кыргыз тилин көтөрүү, кыргыз рок музыкасын дүйнөгө таанытуу. "Эне тилин жоготкон эл, келечегин жоготот" дегендей рок музыкасы аркылуу башка улуттагыларга, орус тилдүү шаар тургундарына өз тилинде ырдаганга таасир калтырмакчыбыз.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg