Акыркы макалалар

Серепчилердин биз билбеген өнөрлөрү

Биз буга чейин да төбөсү көрүнгөн айтылуу адамдардын өнөрлөрү тууралуу жазганбыз. Анда айтылуу адамдардын, ЖК депутаттарынын көпчүлүккө билине бербеген өнөрлөрү жөнүндө кеп салсак, бул жолкусунда жалаң политологдор, серепчилер, эксперттердин элге белгисиз өнөрлөрү тууралуу айтып берели.

Токтогул Какчекеев Жайнактын ролун аткарган

Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча Геннадий Базаров тарткан айтылуу “Саманчынын жолу” кинофильми жарым кылымга жакын убакыттан бери (1967-ж. )дүйнөгө таанымал болду. Аны акыл-эси жетик ар бир мекендешибиз бир канча сыйрадан көрүп чыгып, улуу согуш убагындагы окуяларга кабыргасы кайышып, эмдигиче көз жашы кылып келатканы айтпаса деле белгилүү. Ошентсе да фильмдеги негизги ролду аткаруучулардын Бакен Кыдыкеева, Болот Бейшеналиев сыяктуу залкарларына гана көңүл буруп карабасак, калган ысымдарды көз жаздымда калтырарыбызды моюнга алабыз. Кечээ жакында фильмди кайталап көрүп, андагы титрден “Жайнактын ролунда Т. Какчекеев” деген жазууну окуп калдым. Ооба, Жайнактын ролунда азыркы аскер офицери, политолог Токтогул Какчекеев экен.

Токтогул мырза Геннадий Базаров аны фильмге кантип чакырып калганын мындайча эскерет:

-Кесипчилик-техникалык окуу жайын аяктап, борбор шаардагы азыркы “Ала-Тоо” кинотеатрында киномеханик болуп иштеп жүргөм. Бир күнү Төлөгөн Сыдыков аттуу досума барып, ВГИКтен келип кино тартып жүргөн 24 жаштагы Геннадий Базаров менен таанышып калдык. Ал көркөм фильм тартканы Кыргызстанга келип, өзүнө жардамчы издештирип жүрүптүр. Ошентип ишимден бошонуп, Базаровго жардамчы болуп алдым. Мыкты кино артисттери менен насиптеш болуп, ошону менен бирге “Саманчынын жолу” фильминдеги Субанкулдун үч уулунун бири-Жайнактын ролун аткаргам. Атасы, агасы тууралуу суук кабарды угузган жерде, “Эй, ыйлабайсыңбы?” дегенде, ызага буулугуп качып кеткен баланын ролун жараткам.

Какчекеевдин бир кезде киного тартылган өнөрүнөн башка мушкерлик (бокс) менен машыгып, “Эмгек резерви”, “Динамо” командаларында ойногонун, атүгүл чемпиондук наамга татыгандардын бири, Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү болуп жүргөнүн айта кетели.

Анткен менен Токтогул мырзанын көңүлдүн түпкүрүндөгү каалоо-тилеги кино артистин же мушкерликти тандоо эмес, аскер кызматкери болуу эле. Бала чагында Тоң районунун Кажы-Сай айылында уран казган “8* жабык комбинатынын аймагында учуп-конгон “Бериев” учактарын көлгө ак куу учуп конгондой эле элестетип, Деңиз аскер флотунун авиациясында кызмат өтөгүсү келчү. Бирок ал максатынан алыс барбай, Ленинграддагы Жогорку аскер саясий окуу жайынан окуп, аскер офицери болуп калганы жумурай журтка маалым.

Бакыт Бакетаев ырды да, бийди да катырат

Политолог Бакыт Бакетаев элибиздин “Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” деген накыл кебин туу тутат. Анын ырдаганын угуп жана бийлегенин көргөндөр кесипкөй ырчы-бийчиби деп да ойлоп алышы мүмкүн. Бирок Бакыт мырзанын өз кесиби автожол-курулушка байланыштуу. Ленинградда окуп жүргөндө эс алуу күндөрү ресторандарда ырдай коюп, айына 50-60 рубль таап алчу экен. Ошол кездерде студент үчүн бул бир кыйла чоң акча эле. Студент кезинде балет бийине барып, айтылуу Ирина Виноградовадан балет искусствосунан сабак да алып калган жайы бар. Азыркы күндө деле испан бийи менен лезгинкадан баштап, бир катар элдердин бийлерин катыра бийлейт. Бирок, өзү айтмакчы, акырында ал аткарган бийлердин баары “Кара жоргого” окшошуп калмай болду. Ал эми музыкалык аспаптардан гитара менен роялда ойной алат.

Андан тышкары жаш кезинде футбол жана мушкерлик менен алектенген да жайы бар. 9-10-класстарда кезинде Кадамжайдын “Металлург” курама командасында ойноп, айына 40 сом айлык акы алып турганы эле кандай!

Бакыт Бакетаев мырза тил үйрөнүү өнөрүнө да жакын. Аз убакыттын ичинде эле чет тилдерин турмуш-тиричилик деңгээлинде үйрөнүп алат. Алсак, ал англис, немис, чечен тилдерин билет, сөздүк карап, французча түшүндүрүп бере алат, өзбекче, түркчө да сүйлөйт. Бакыт мырза “башка тилдерде сүйлөгөндөн эч убакта тартынып, уялбаш керек, ошондо гана чет тилдерин үйрөнүп кетесиң” деген кеӊешин берет.

Бакыт мырза чоң аталарын тартыптыр деп айтышат. Чоң атасы Бекетай Таластан чыккан бухаринчилердин бири болуп, Төрөкул Айтматовдор айдалып кеткен тушта 17 жылга айдалып кетиптир. Ал чоң молдо болуп, арабча да билчү экен. Мына ошо чоң аталарынын тил үйрөнгөн өнөрү биздин ушу каарманыбызга өтүптүр.

Мушкер Айылчы Сарыбаев

Белгилүү экономист Айылчы Сарыбаев да жаш кезинде мушкерлик менен алектенген жайы бар. Мушкерлик боюнча өспүрүмдөр арасында разряды да болгон. Андай өнөрү тээ улан кездерде калганы менен, азыр деле өзү курактуулар менен рингге чыгып кала турган болсо, аларды кулатып түшөөрү бышык. Баарынан да Айылчы Сарыбаев агай саякаттаганды сүйөт, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүн кыдырып келген, өзгөчө Япония, Кытай, АКШ сыяктуу мамлекеттердин тажрыйбасын Кыргызстан менен салыштырып, көптөгөн практикалык сабактарды сунуштайт.

Экономист Айылчы агай айтылуу Мидин, Куйручук, Алым Токтомушев төрөлгөн Жумгал жергесинде төрөлүп, Алым агай менен бир мектепте окуп, поэзияга жакын өскөн. Өзү ыр жазууга кандай экенин биле алганыбыз жок, бирок Мидиндин ырларын, Алым агайдын “Карарган деңиз, агарган толкун” сыяктуу ырларын жатка билип жана башка акындардын ырларына абдан кызыга турганы маалым.

Бермет Маликова “Көз айнекченде” ойногон

Кыргыздын классик жазуучусу Кубанычбек Маликовдун небереси, белгилүү журналист, баяндамачы Бермет Маликова секелек кезинде кыска метраждуу фильмге тартылып, ошону менен атагы алыска тараган. 1972-жылы режиссер Альгимантас Видугирис тарткан“ Көз айнекчен” (“Очкарик”) фильминде 8 жашар Бермет жалаң балдар арасындагы жалгыз кыздын ролун ойногон. Бул фильм - түстүү болбогону менен шаардык балдардын таттуу балалыгын баяндаган мыкты фильм. Анда “Көз айнекчен” баланын ролун Кубанычбек Алыбаев аткарган, айтылуу артист Советбек Жумадылов да ойногон.

Ал эми Бермет аткарган кыздын үнүн белгилүү актриса Клара Румянова коштогон. Бул фильм тартылгандан бери 43 жыл өтсө дагы, балалыктын бактылуу күндөрү катары кайталап көрүүгө жетелеп турат. Берметтин бир интервьюсунда ушул ролдогу айрым эпизоддорду, мисалы, аны “очкарик” жаңы эле сырдаган отургучка отургузганда, кинону тартып аткандар атайын эле айтпай койгонун, сыр жугуп, көйнөгү булганганда чын эле ыйлаганын айтып берген. “Көз айнекченден” кийин ал башка фильмге тартылбаганы менен кыргыз кино санжырасында анын аты аттын кашкасындай сакталып калды. Бермет ошондой эле ырдаганды да жакшы көрөт.

Айгүл Бакеева

Түп нускага шилтеме : pk.kg