Акыркы макалалар

Нарын.НМУнун айрым окутуучулары, ректордун кызматтан кетишин талап кылышууда

Нарын.НМУнун айрым окутуучулары, ректордун кызматтан кетишин талап кылышууда

Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик Университетинин 40тан ашык мугалими ректор кызматтан кетсин деген талап койушууда. Алар ректорду кетирүү боюнча бир нече жүйөлөрдү келтирип, министирликке ачык кат жиберишти. Ачык катта 40тан ашык окутуучунун колу койулуп, ректор өз ишин так аткара албай, окуу жайда баш аламандык орун алды деп жазылган. Бул маселе боюнча 26-мартта окуу жайдын жалпы кызматкерлеринин катышуусунда жыйын болгон. Жыйналышта жамаат экиге бөлүнүп, ректорду колдоп чыккандар менен ректордун кетүүсүн талап кылып жаткандар өзүнчө болуп, бир чечимге келе албай тарашкан. Ректорду кетирүү демилгесинин башында турган университеттин тарбия иштери боюнча проректору Жолдош Сыдыков ректор кызматка келгени окуу жайдын бедели түшүп, жоюлуп кетүү коркунучунда турат дейт. Ал эми ректор Салидин Калдыбаев айтылган дооматтар менен макул эмес, жана жакынкы убакытта бул маселе чечилерин айтат.

Макаланы толук окуш үчүн түп нусканы басыңыз.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg