Акыркы макалалар

Нарын. Таштанды салгычтын жанынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылган

22-март күнү кечки саат 17:30 дар чамасында Нарын шаарындагы №104 үйдүн жанындагы таштанды салгычтын жанынан 8-9 айлык ымыркайдын жансыз денеси табылган. Ымыркайды «Таза-Нарын» ишканасынын кызматкерлери көрүп Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө кабарлаган. Бул тууралуу маалымат Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Мадыланбек Турпанбаевден алынды. Анын маалыматында ымыркайды таштап кеткен кыз табылган, өзү студент. Учурда бул окуя боюнча алдын ала текшерүүлөр жүрүп жатат, бирок кылмыш иши козголо элек.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg