Акыркы макалалар

Таластын таланттары тандалды

Талас шаарынын А.Огомбаев атындагы музыкалык мектебинде «Урааным Манасым, сыймыгым Таласым» -2013 фестивалы болду. Иш-чарага облустун 16-30 жашка чейинки таланттары катышты.

Фестивалдын уюштуруучусу Кайрат Дархан уулу: « Мындай чоң масштабдагы жакшы мааракени Таласта биринчи жолу өткөрүп жатабыз. Жергиликтүү бийлик, шаардык мэрия колдоо көрсөттү. Ал эми облусттук деңгээлде колдоо болгон жок. Негизги максатым айыл жериндеги таланттарды чыгаруу»,-дейт.

Таланттар ырчылык, бийчилик, куудулдук өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле сулуулар арасында да сынак болду. Бул иш-чара бир ай бою облустун райондорунда болгон. Ал жактан тандалгандар шаарга келип облустук деңгээлдеги финалга катышты. Финалдан жеңип чыккан таланттар Ысык-Көлгө жайкы эс алууга жолдомо алды.

Фестивалдын катышуучусу 30 жаштагы Назгүл Сатымкулова: «Азыр бала менен үйдө олтурам. Сынакка ыр аткарып чыктым. Биринчи жолу чыккандыктан толкундануу болду. Уюштуруу жагынан көп кемчиликтер бар экен, мен башкача элестеткем»,-деди.

Кошумчалай кетсек, иш-чаранын негизги демөөрчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Божкоев, ошондой эле «О» уюлдук оператору жана жалпыга маалымат каражаттары болду.

ЖЕҢИШГҮЛ ТОГОЛОКОВА, ТАЛАС

29.03.2013, №12