Акыркы макалалар

Кытайда чиркей фабрикасы курулду

Кытайда чиркей фабрикасы курулду

Кытай илимпоздору данга безгек оорусу менен күрөшүү жолун ойлоп табышты. Алар аталган ооруга себеп болгон ургаачы чиркейлерди жок кылуу үчүн өзү менен бактерия алып жүргөн эркек чиркейлерди көбөйтүшүүдө.

Гуангдонг аймагында илимий паркындагы фабрикада данга безгек оорусу менен күрөшүү үчүн атайын бактерия алып жүргөн эркек чиркейлер өстүрүлүүдө.

China Daily газетасынын маалыматына ылайык, өлкөнүн түштүк аймагында жайгашкан Гуангдонгдогу фабрикада бир аптада 10 миллионго жакын эркек чиркей өстүрүлөт. Аларга "wolbachia" бактериясы жуктурулат.

Андан соң бактерия алып жүргөн чиркейлер 3 км аралыктагы Шазай аралына коё берилет. Натыйжада ургаачы чиркейлер уруктанбай калып, азайуусуна себепчи болот дешет илимпоздор.

Сан Йат-сен Университетинин Микробиология институтунан Ши Сионгдун билдиришинче чиркейлердин алгачкы тобу 12 мартта кое берилген. Натыйжада чиркей саны 90% га азайганы белгилүү болгон.

Фабрикада Кытайдын жана АКШнын илимпоздору менен биргеликте Кытайдын ооруканасынын кызматкерлери да кызмат кылышууда.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы Кытайдын Гуангдонг аймагында 46 миңге жакын кишиге данга безгек оорусунун диагнозу коюлган.Оорунун айынан 5 киши көз жумган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg