Акыркы макалалар

Чет өлкөдө жашаганыңыздан бери эл-жериңизге болгон көз карашыңыз канчалык өзгөрдү?

Ата-бабаларыбыздын калтырган мурастарынын эң ыйыгынын, эң бийигинин алдыңкы катарында эл менен жер тураары бышык. Мындай баалоону Арстанбек Буйлаш уулу атабыздын:

“Кайратың тоону бузса да,

Кашыгың көлдү сузса да,

Оозуңдан чыккан сөзүңө,

Зоо куланып учса да,

Эл менен сен адамсың,

Элден чыксаң жамансың.

Кабарың күнгө кетсе да,

Жылдызга колуң жетсе да,

Жараткандын дүйнөсү,

Бүт колуңа өтсө да,

Эл менен сен бийиксиң,

Элден чыксаң кийиксиң”, – деген улуу санатынан даана көрө алабыз. Бул ойду утурлай, учурда ар кандай себептер менен мекенибиздин сыртында жүргөн замандаштарыбыздын эл-жерибизге, мекенибизге берген баасын, ой-мүдөөсүн чагылдырып берүүнү максат кылдык.

Кенже БАДАН кызы, Түркия, Конья шаары:

-Чет өлкөгө чыккандан кийин мекенге болгон сүйүүң артып, мекенчилдик сезимиң күч алат. Башкаларга өз өлкөңдүн артыкчылыктарын ачып берүүнүн үстүндө иштеп жатып, өзүң мурда маани бербеген, кайдыгер карап койгон баалуулуктарды тереңдеп тааный баштайт экенсиӊ. Башка мамлекеттердин өнүккөн тараптарын көрүп, өз өлкөңдүн да андан артык өнүгүүсүн тилеп-көксөйсүң.

Мен, кыргыз мамлекетинин экономикалык абалы алсызыраак болуп тургандыгына карабай, руханий жана маданий жактан кубаттуулугуна кубанам, сыймыктанам жана жан-демибиз таза турса, экономикабыз да тез эле туура жолго коюлат деп ишеним артам. Миллиондогон эли туруп, эркиндиги жок болгон жана эгемендик алууга бар күчүн жумшаган элдерди көрүп, өз элиңдин эркин болгондугу үчүн Кудайга ыраазычылык келтирем. Ошондуктан мекендештериме Кыргызстаныбыздын кадырын, кутун сактап, элдин биримдигин чыңдоого жана өлкөнү өнүктүрүүгө бүт күч-кубатыбызды сарптасак демекчимин. Анткени, алыста жүрсөң таянычың, сагынычың, кусалыгың, мактанычың, дегеле баардык нерсең – бул сенин эл-жериң. Мекен – биздин ким экендигибизди аныктаган китепче. Бизде бир гана мекен бар. Башка жер бизге жер болбой, башка эл бизге эл болбойт. Анкени ата-бабаларыбыздын каны, мүдөөсү менен бүткөн жерде ошол ата-тегибиздин сөөгү жатат, энергиясы, ою жана маалыматы айланып турат.

Адилет ОРОЗБАЕВ, АКШ, Бостон шаары:

-АКШга келгениме жакында 3 жыл болот. Алгач келгенде окуп жүрдүм. Учурда транспорт тармагында эмгектенем.Келгенимден бери мекениме болгон сезимканчалык бир деңгээлде өзгөрдү.

Себеби, мекендин, ата-энеңдин, жакындарыӊдын жана досторуңдун кадырын сыртта жүргөндө гана чындап билет экенсиң. Мындай өзгөрүүлөр алгачкы 6 айда өзгөчө сезилет. Андан кийин акырындык менен жаңы шартка да көнө баштайсың. Сыртта жүрүп бардык нерсенин жакшы-жаман тарабын салыштырып, талдоо менен караганды үйрөнөсүң. Кээде өлкөбүздүн өнүкпөй жатканына бир гана жоопкерсиздигибиз себеп болуп жаткандай сезилет. Куру сөз, көйрөӊдүктү токтотуп, ар ким өз ишин мыкты билип, жакшы жыйынтык көрсөткөнгө аракет кылса гана эл-жерибизде өнүгүү болот беле деп ойлойм.

Чолпон ОСМОНОВА, Россия, Москва шаары:

-2000-жылдан бери чет өлкөлөрдө иштеп келатам. Ал эми Москва шаарында эмгектенип жатканыма 6 жыл болду, бирок орус жарандыгын алган жокмун.Мекенден алыс жүргөндөэл-жеримди абдан эле сагынам.

Биздин бир гана асыл мекенибиз бар. Жаш өлкөбүз,жаш өкмөтүбүз мага атадай эле сезилет. Мени өтө кубанткан нерсе- өзүбүздүн эгемен мамлекетибиздин жана мамлекеттик символдорубуздунбар болгондугу. Мекеним менен мактанам жана эч эле жаман сөз тийгизгим келбейт. Кээде социалдык түйүндөрдөн биздин эле айрым мекендештерибиздин Кыргызстанды жамандап жазып жатканын көрүп кыжырым келет. Бир чети андайларды эки жакты көрбөгөн, дүйнө таанымы тар жанакыргыздын баркын билбегендер экен деп коём. Чет өлкөлөрдү кыдырып жүрүп, менин да өлкөм буйурса өнүгүп-өсөт деп кыялданам. Албетте,мекенди өнүктүрүүгө салым кошо турган идеяларым бар,ошону иш жүзүнө ашырсам деп жүрөм.

Азиз КОЖОБАЕВ, Түркия, Шанлыурфа шаары:

- 1996-жылдан бери Түркиядамын.Шанлыурфа шаарында 2010-жылдан бери эмгектенип жашап келатам. Ага чейин Түркиянын Болу шаарында билим алгам. Өзүмдүн чакан фирмам бар, Дедеман мейманканасынын ден-соолукту чыңдоо борборун ижарага алып иштетем.

Чет өлкөлөрдө жашап жаткан кыргызстандык жарандар эртеби-кечпи өз мекенибизге сөзсүз кайрылып келээрибизге ишенем. “Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, элиңдин, журтундун баркын алыста жүргөндө билет экенсиң. Көз карашың өзгөрүп, бейиштин төрүндөй жерде жайгашкан кичинекей мамлекетибизге болгон сүйүүбүз ого бетер арта берет. Максатым – чет жактан алган тажрыйбабызды мекенибизге кайтып барып иштетип, мамлекетибиздин өнүгүшүнө кичине да болсо салымыбызды кошсок дейм. “Ырыс алды – ынтымак” дегендей, ынтымактуу болсок, баардыгыбыз чын жүрөктөн мекенибиздин өнүгүшүнө салымыбызды кошсок, кыска мөөнөттө мамлекетибиз алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулаарына толук ишенем. Мекенге болгон сүйүүмдү чагылдырууда, мен ар убак чыгаан акыныбыз Алыкул Осмоновдун “Ата-Журт” аттуу ырын колдонуп келем.

Эламан КАРЫМШАКОВ, Россия, Екатеринбург шаары:

-Ата-энем көптөн бери Екатеринбургда соода-сатык менен алектенишет. Бир жылдан бери мен да аларга жардам берип жүрөм. Ушул жылы мекениме кайра барып, окуумду улантайын деп жатам. Кыргызстанда ар мезгил орду менен, аба-ырайы да мезгилге жараша болот эмеспи… А бул жакта кааласа жайдын күнү да кар жаап ызгаарга айланышы мүмкүн. Екатеринбургда кыш сентябрда башталып, май айына чейин созулаарын көргөндө гана, Кыргызстан чынында эле бейиш жер экенине түшүнүгүм жетти. Бул жерден тапкан жарытылуу акчаң эле болбосо, андан башкасынын баары зыян. Ызгаар-суукта, оор-оор жумуштарда иштеп денсоолугуңдан айрылганың аз келгенсип, башка элге экинчи сорттогу адамдардай болуп өгөйсүнүп, моралдык жактан бир топ жабыркайсың. 16-17 жаштагы жаш кыздардын күнүнө 14-15 сааттан, дем алышсыз иштегендерин көрүп, жаның кейийт. Үйүндө эле ата-энесине эркелеп жүрсө болот эле да. Мекенибиздин таза аба, таза суусу, кооз жаратылышы, ошондой эле таза азыктардыөзүбүз өндүрүп табигый жашаганыбыз – биздин негизги байлыгыбыз экен. Чындыгында, Россиядагы бир миллионго чукул кыргыздар өз мекенине барууну эңсеп турат. Бирок, турмуш чет элде иштөөгө кептеп жатат. Орустар: “Силер жакта жумуш жокпу, анда башкалар кантип жашап жатат?” деген суроолорду көп беришет. Келечекте “Кыргыз мигранттары” деген ат өчүп, баары өз мекенинде бактылуу жашаса экен деп тилек кылам. Баарыбыз чет жерден тажрыйба топтоп баралы да, бир мүдөөгө биригип, өлкөбүздүөнүктүрөлү!

Аман ЖУМАБАЙ,Венгрия, Будапешт шаары:

-Эли журтуӊданалыстаганда мекениӊ тууралуу ойтолгооң абдан эле өзгөрөт, өзгөчө өлкөңдө болуп жаткан ар түрдүү процестербуга себепкер болот. Канчалык өлкөңдө тынччылык, бакубаттык болсо, ошончолук сүйнөсүӊ, сыймыктанасың.

Европада Кыргызстан жөнүндө аз билишет. Ошондуктан биз, чет жакта окуп жаткан студенттер кичинекей элчи болуп калабыз. Мен БудапешттинБорбордук Европа Университетинде магистратура бөлүмүндө окуйм. Кыргызстан жөнүндө көп сурашат. Албетте, Кыргызстандын келечеги кенен, бирок тынымсыз эмгек жана биримдик менен гана бул максатка жетише алабыз. Жакында паспортумду алмаштырам деп Венадагы Кыргыз Элчилигине баргам. Тилекке каршы, алардын жүргүзгөн иштери мени кубандырбады. Эң чоң маселе – бул элчиликтердин чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары менен жакын иштешпегендиги: канча жаран бар жана аларэмне менен алек болуп жүргөндөрүн дээрлик билишпейт. Биздин элчибиз Эрмек Ибраимовдун айтымында, маселелерди чечүүгө каражат жетишпейт. Бирок, чет өлкөдө жүрүп Кыргызыстандын ар-тараптуу өнүгүүсү үчүн башка мамлекеттер тарабынан да ар кандай демилгелер жана колдоолор болуп тураарын билдим. Эгерде биздин парламенттеги депутаттар чет өлкөлөрдөн түшкөн демилгелерди колдосо жана туура ишмердүүлүк жүргүзсө, бөлүнгөн каражаттар туура колдонулса, анда көп жакшы ойлор ишке ашаарына ишеним арттым.Кыргызстанга күчтүү кадрлар керек. Мисалы АКШга Кадыр Токтогулов деген билимдүү жаш элчибиз кызматка киришти. Буюрса, ага окшогон билимдүү, аң-сезими жана дүйнө таанымы кенен жаш күчтөр элибиздин өнүгүшүнө жаңы түрткү болот.

Ал эми мен үчүн мекен – бул, ата-энемдин мага ыйгарган аты, туулган жерден эң алгач алган демим аркылуу көкүрөгүмө кирген жыты, козу-улакка кошулуп ойногон, оюнга тойбогон убагым, балалык кезим өткөн баасыз чөйрөм, журтумдун мөлтүрөп аккан булагы, суусу, жайкалган жашыл түстүү жайлоосу, көрсөм тирек болгон, жашоомо мүрөк болгон тоолору, кубатымды арттырган апамдын ак сүтүнөн тарта, жапкан наны, алдыма тарткан тамагы, чучугу, беш-бармагы, кымызы…

Албетте, эл менен жер киндиктеш. Ошондуктан мекен бул – менин медер туткан элим.

“Соболчакты” уюштурган Чолпонбек КАПАРБЕК уулу

Түп нускага шилтеме : kok-asaba.journalist.kg