Акыркы макалалар

Дары-дармек рыногунун абалы

Дары-дармек рыногунун абалы

Дарылардын улуттук маалымат базасы керек!

Дары-дармек соодасы - маңзат жана курал соодасынан кийинки орунда турган кирешелүү тармак. Өлкөгө кирген дары-дармектер жана медициналык жабдуулар дары-дармек департаментинде көрсөтүлгөн эмес. Натыйжада бюджет миллиондогон каражаттан куру калууда. Бул жагдай мамлекет тарабынан дары-дармек рыногунун 10 пайызы гана көзөмөлдөнөт дегенди билдирет. Демек бүгүн дары-дармектер рыногун көзөмөлгө алуу күн тартибинде турганы айтпаса да түшүнүктүү.

Дары-дармек рыногу- башаламан

Бүгүн Кыргызстанда дары-дармектер рыногу башаламан абалда. Адегенде базардан баштайлы. Ош базарында азык-түлүк, өнөр жай, чарба товарлары менен кошо базардын кире беришинен төрүнө чейин дары-дармектерди ачык асман астында кир жоолуктарынын үстүнө жайып коюп, сатып отурушат. Жайдын ысык аптабында да, кыш чилдесинде деле абал ошол. Бул эмне дары-дармектер, убагы өтүп кеткен эмеспи, жарактуубу, же жараксызбы - аны менен базар башчыларынын эч башы оорубайт. Аларды кызыктырган нерсе бирөө – орунпул. Сакчылар үчүн деле базарда кийим сатылып жатабы, дары-дармек сатылып жатабы- баары бир. Аларды кызыктырган нерсе – коомдук тартип. Базардагы ветеринардык көзөмөл болсо азык-түлүктөрдүн сапатын текшерет. Базарда дары-дармектер санитардык-гигиеналык абалга жооп береби, дегеле алардын сатылышы канчалык мыйзамдуу, контрабандалык жол менен келгенби, контрафактпы, текшерүүдөн өткөн-өтпөгөнүн териштирүү алардын компетенциясына кирбейт. Бул майда-барат маселе эмес, карапайым адамдарды кыжаалат кылган жагдай.

Бишкек шаарынын ондогон тургундары менен пикир алышканыбызда алар дары-дармек рыногундагы башаламандыкка нааразы экенин жашырган жок. Алар базарда сатылып жаткан дары-дармектердин сапатына, санитардык талапка ылайык сакталып жатканына ишенишпейт. Бирок башка товарлардай эле дарылар да базарда арзан деген ой менен сатып алышат экен. Майрамбек Ш. деген замандашыбыз врачтын рецептине ылайык базардан дары сатып алып, ошол эле дарыны жеке менчик аптекалардын бирин-экининен сурап, баасы арзан экенин угуп таңгалганын, ошондон кийин базарда арзан дары-дармек сатылат дегенге ишенбей калганын айтты. Биз менен пикирлешкендер азык-түлүк дүкөндөрүндө да дан, сүт азыктары менен бирге дары-дармектер сатылып жатканына нааразы.

Бул маселенин көпчүлүк эл билбеген жагы да бар - дары-дармек соодасы маңзат жана курал соодасынан кийинки орунда турган кирешелүү тармак. Айталы, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Бажы союзуна кирген өлкөлөрдөн Кыргызстанга 2014-жылы 25 млн АКШ долларлык дары-дармек импорттолсо, Евразия экономика комиссиясынын маалыматы боюнча, дары-дармек экспорту 31,7 млн долларды түзгөн. Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан өлкөлөрү менен ушул эле дары-дармек багытындагы товар импортундагы сандарда айырмачылыктар бир топ. Кошуна эле Казакстан менен соода-сатыкты алсак, сандарда үч эсе айырмачылыктар бар. Биздин министрликтин маалыматы боюнча, кошуна өлкөдөн 2,3 млн доллар өлчөмүндөгү дары-дармек экспорттолсо, Казакстандын маалыматы боюнча, экспорттолгон товардын көлөмү 7,5 миллионду түзөт. Дары-дармектер жана медициналык жабдуулар келген, бирок ал дары-дармек департаментинде көрсөтүлгөн эмес. Натыйжада бюджет миллиондогон каражаттан куру калууда. Бул жагдай мамлекет тарабынан дары-дармек рыногунун 10 пайызы гана көзөмөлдөнөт дегенди билдирет.

Демек бүгүн дары-дармектер рыногун көзөмөлгө алуу күн тартибинде турганы айтпаса да түшүнүктүү. Бул маселенин мамлекет, республика калкы үчүн өтө маанилүү экенин түшүнгөн парламенттеги КСПД фракциясынын депутаттары фракциянын апрель айындагы отурумдарынын биринде “Кыргыз Республикасында дары-дармектердин жана медициналык техникалардын улуттук маалымат базасын түзүү жана өнүктүрүү жөнүндө” концепцияны карап, аны жактырган болчу.

Сапатсыз дарылар көп

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Галина Скрипкинанын пикири боюнча, “дары-дармектердин бирдиктүү маалымат базасын түзүү - бул мезгилдин талабы”. Социал-демократтардын өкүлү менен маектешкенибизде: “КСДП фракциясы өлкө жарандарын арзан, сапаттуу дары-дармек менен камсыз кылуу, жарандарга медициналык жардам көрсөтүү сапатын жогорулатуу керектигин байма-бай айтып, бул жаатта бир топ иштерди аткарып келебиз. Дары-дармектердин бирдиктүү маалымат базасын түзүү - мезгилдин талабы. Дарыкана пункттарында аткезчилик жолу менен келген дарылар абдан көп. Бир эле мисал: азыркы мыйзам боюнча дары-дармек пункттарын тийиштүү орган жылына бир ирет эле текшерет. Болгондо дагы 10 күн мурун текшеребиз деп эскертме берет. Ал мөөнөт ичинде кемчиликтерди тууралап коюшат. Ошондуктан бул мыйзам толуктоого муктаж болуп жатат. Көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек” деген пикирин билдирди ал. Жалпысынан КСДП фракциясынын депутаттарынын баарынын позициясы да ошондой.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармектер менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин директору Рустам Курмановдун айтымында, учурда өлкө боюнча 2735 дары-дармек пункту бар. Тилекке каршы, ал дары-дармек пункттарында кандай дарылар сатылып атат, аткезчилик менен алынып келинип атабы, сапаты кандай экенин текшерип бүтүү мүмкүн эмес экен. “Эгерде маалымат базасы түзүлсө, бир топ жеңил болмок. Ар бир жаран ал базага кирип, бардык кызыктыруучу маалыматтар менен тааныша алат. Азыркы тапта пункттарда баалар ар кандай. Ал эми бирдиктүү маалымат базасынан дары-дармектин мыйзамдуу баасы, сапаты кандай, мөөнөтү качанкыга чейин экендигин дагы билсе болот” дейт директор.

Бир сөз менен айтканда, апрель айында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы өз отурумунда жактырган дары-дармектердин улуттук базасын түзүү жана өнүктүрүүнүн концепциясын кабыл алуу бүгүн дары-дармек рыногу үчүн аба менен суудай эле керек.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев менен маектешкенибизде, ал аталган база түзүлгөндөн кийин жарандар жана бардык тиешелүү түзүмдөр дары-дармектердин бааларын жана электрондук каттоосун текшере алышарын айтты. Жалпак тил менен айтканда, карапайым адамга кайсы дары кай өлкөдө чыкканын, баасы канча экенин өз көзү менен көрө алат. Дарынын сапатына жана баасына ишеними артат. Жасалма дары эмес экенине көзү жетип, дары-дармек рыногуна ишеним жаралат. Болбосо, учурда кошуна өлкөлөрдүн аймагында жасалма (контрафакт) дары-дармектерди чыгарган ондогон айыл-кыштактар бар. Ал дары-дармектердин ден соолукка зыяны болбосо да, эч кандай пайдасы жок. Учурда базардан арзан жана сапатсыз дары-дармектерди сатып алышып, таасир бербей жатат дешип, ал дарыны жазып берген врачка нааразы болуп жүргөн жүздөгөн сыркоо жарандар бул тууралуу билишпесе керек.

Саламаттык сактоо министри Т. Батыралиев: “Дары-дармектердин жана медициналык техникалардын улуттук маалымат базасын түзүү менен дары-дармек рыногу алаканга салгандай ачык болуп, үч тараптуу утушка ээ болобуз” дейт. Мында эң оболу сыркоо адам утушка ээ болуп, арзан жана сапаттуу дары-дармек менен камсыз болот. Өз кезегинде врач да, демек саламаттык сактоо тармагы да утат. Элдин медиктерге жана аптекаларга ишеними артат. Медициналык тейлөөнүн сапаты жогорулап, сапаттуу дарылар гана эмес, сапаттуу медициналык жабдуулар маселеси да чечилет. Эң башкысы, дары-дармек рыногу мамлекет тарабынан жөнгө салынып, көзөмөлгө алынат. Мамлекеттин бюджетинен кыйгап кетип жаткан миллиондор казынага түшө баштайт. Дары-дармек рыногу укуктук, ачык-айкын аянтка чыгат.

Улуттук маалымат базасы учурда бир катар өнүккөн өлкөлөрдө, коңшу Казакстанда, Түркияда ишке кирген. Түркиялык адистер Кыргызстандагы мындай базаны түзүү боюнча кеңеш берүүгө даяр.

Акылай Байболсунова

Түп нускага шилтеме : pk.kg