Акыркы макалалар

Түркиянын грантынан 28 трактор бөлүнгөн, бирок азыр бериле элек

КРнын Өкмөтү тарабынан Жалал-Абад облусуна 42 тарктор бөлүнгөн. Түрк өкмөтүнүн грантынан 1200 трактор республикага келе турган болсо, анын 28и Жалал-Абад облусуна берилет. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймактык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Осмоналиев маалымат жыйынында билдирди.

Бөлүм башчынын айтымына караганда, 28 тракторду ар бир райондун жеринин аянтына карата бөлүп берүү максатында айыл банктардын филиалдарына каттарды жиберишкен. Мындан сырткары, Сузак районуна райондун акими кошумча 12 тракторду өкмөт аркылуу бөлүп берүү өтүнүчү менен кат аркылуу өкүлчүлүккө кайрылган. Өкүлчүлүк бул каттын негизинде Өкмөт башчынын орун басары Т.Сарпашевге дагы кошумча 12 трактор бөлүп берүү боюнча кат жиберишкен. «Бирок азыркы учурда бир да трактор облуска келе элек, биз эртерээк бөлүп берүү боюнча өкмөткө кайрылып жатабыз. Облуста учурда 3 миңден ашык жалпы трактор болсо, ошонун 80 пайызынын эскилиги жеткен. Техникалык парктарды жаңылоо үчүн дагы кошумча 80 комбайн сурап жатабыз», - дейт Ж. Осмоналиев.

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД

22.03.2013, №11