Акыркы макалалар

Бүгүн жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилет

Бүгүн жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилет

Алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун каза болгондугуна бүгүн жети жыл болду

Бүгүн, 10-июнда Ата-Бейит мемориалдык комплексинде улуу жазуучу, адабияттын алпы, Кыргыз Эл Баатыры Чыңгыз Айтматов эскерилип, гүл коюлуп, Куран окулат.

Жазуучуну эскерүүгө коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, окумуштуулар, анын талантын урматтаган жарандар катышат.

Мындан жети жыл мурда, 2008-жылы Чыңгыз Айтматов Германиянын Нюрнберг шаарындагы клиникалардын биринде оорудан каза болуп, 13-июнда Кыргызстанда "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде жерге берилген.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg