Акыркы макалалар

“Курманжан датка” он номинацияны олжолоду

“Курманжан датка” он номинацияны олжолоду

«Ак илбирс-2015» улуттук киносыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды. “Курманжан датка” тасмасына 11 номинациянын 10у ыйгарылды.

Өткөн дем алышта «Ак илбирс-2015» улуттук киносыйлыгынын номинациялары өз ээлерин тапты. «Курманжан датка» картинасы мыкты фильм, монтаж, үн режиссер, композитор, сценарий, оператор, аялдын жана эркектин ролу номинацияларын жеңип алды.

Толгобек Койчуманов мыкты сүрөтчү («Аку» мультфильми) аталса, режиссер Аманбек Ажыматтын “Физрук, алтын жана дарыя» документалдуу тасмасы эң мыкты деп табылды, ал эми Чолпонай Бөрүбаеванын «Топурак» картинасы эң мыкты кыска метраждуу, режиссер Адильхан Ержановдун (Казакстан) “Кожоюндар” тасмасы Борбор Азиянын мыкты фильми аталды.

Ал эми эки ардактуу сыйлыктын ээлери буга чейин алдын ала аталган. Өзбек режиссеру Али Хамраевге “Дүйнөлүк киного кошкон салымы үчүн” жана кыргыз анимация жанрынын негиздөөчүсү, сүрөтчү жана режиссер Сагын Ишеновго “Улуттук киного кошкон салымы үчүн” сыйлыктары ыйгарылды.

Атай АЛТЫМЫШЕВ

Түп нускага шилтеме : erkintoo.kg