Акыркы макалалар

Чек арадан дагы чыр чыгып, бир жараныбыз каза тапты

Чек арадан дагы чыр чыгып, бир жараныбыз каза тапты

Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен жеринде дагы бир чатак чыгып, бир жараныбыз каза тапты. Вице-премьер Абдрахман Маматалиев 2014-жылы Кыргызстандын чек арасында 40ка жакын жаңжал катталганын айтты. Анын 32си Казакстан менен, бешөө Өзбекстан менен, экөө Казакстан менен, бирөө Кытай менен чектешкен жерде болгон. Бул жаңжалдардын дээрлик көпчүлүгү чек аранын такталбаганынын кесепетинен болууда.

12-май күнү кыргыз – өзбек чек арасында жашылча-жемиш алып бараткан жарандарга карата өзбекстандык чек арачылар ок чыгарып, бир жаран каза тапкан. Бул окуя такталбаган чек ара жеринде, Баткен областынын Согмент аймагынын Какыр деген жеринде болгон. Кыргызстандык үч жаран жүк ташуучу үч машина менен Өзбекстандан Кыргызстанга жашылча-жемиш алып баратышкан. Алар чек арадагы өткөрүү пунктунан өтүшкөн эмес. Өзбек чек арачылары жарандар чек ара тартибине баш ийбей, токтобой койгонунан, ок атылганда жабыркашкандыгын айтышууда. Каза тапкан кыргыз жараны 1993-жылы туулган Махмуджан уулу Мансур Өзбекстан ооруканасынан көз жумса, экинчиси 1991-жылы туулган Махмуджан уулу Шумкар чек ара бөлүгүндө кармалып жатат. Үчүнчү жаран качып кеткендиги айтылууда.

Бул окуядан кийин 13- майда кыргыз жана өзбек чек арачылары жолугушуп, ортодо болгон окуяны талкуулашканы белгилүү. Өкмөттүн чек аралар маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандеров 24 kg агенттигине берген маалыматында 12- майдагы кыргыз-өзбек чек арасындагы окуя турмуш-тириликке байланыштуу маселеден улам болгондугун белгилесе, Өкмөттүн коргонуу, коопсуздук жана чек аралар боюнча вице-премьер-министри Абдрахман Маматалиевдин маалыматтарына караганда, өзбекстандык чек арачылар чек ара тартибин сактабаган кыргызстандык жарандарга карата ок чыгарышы мыйзам чегинде деп белгилейт. “Кыргызстандын жарандары чек арадан өткөрүү пунктунан өтпөй, контрабандалык товар алып бара жатышкан. Өзбек чек арачыларынын токтотуу аракетине кулак какпай, токтошкон эмес. Анын жыйынтыгында аларга чек арачылар ок чыгарган” деп билдирди.

Чек арадагы окуя турмуш-тиричиликке гана байланышкан маселе эмес экени кашкайып көрүнүп турат. Чек ара маселелери боюнча адис Саламат Аламановдун айтуусу боюнча буга чек ара маселесинин чечилбей жаткан көйгөйү да себепчи болгон.

Саламат Аламанов, чек ара маселелери боюнча адис: “Чек ара маселеси мамлекеттик деңгээлдеги чоң маселе болуп калды”

-Кыргызстандын чек арасында кийинки кездери бул сыяктуу окуялар жума сайын эле катталууда. Өткөн жумада эле тажиктер арасында сымапты ары-бери ташуу боюнча окуя болуп өттү. Чек ара корголбой калгандай эле болуп калды. Чек ара мамлекеттик чоң маселе болуп калды. Мына эми, 12-майда Өзбекстандагы окуя чыгып, бир жараныбыз каза тапты. Кийинки кездердеги окуялардын баары чек аранын такталбаган жерлеринде жана контрабандага байланыштуу болуп жатат. Мыйзамды катуу сактап, чек араны чыңдап кайтарбаса болбой калды. Ошолорго жол бербеш үчүн такталбаган жерлер болбошу керек эле.

-Бул маселе мамлекет жетекчилеринин деңгээлинде чечилиши керекпи?

-Ооба. Делегациянын деңгээлинде болуп өтүп, маселе чечилбей калууда.

- Өзбек чек арасындагы окуяга жакында эки өлкөнүн президенттери Атамбаев менен Каримовдун 9-майдагы Москвада өткөн жолугушууда серпише кеткени себеп болушу мүмкүн деген пикирлер айтылып жатат, сиз буга кошуласызбы?

-Антип айтууга болбойт. Кантсе да Каримов эбин таап, бугун биздин президенттен чыгарып алгандай болду. Балким таарынычы болсо керек, аны бизде диктатор деп айтып жүрүшкөнүнө деле териккендир. Чоң саясатта антпеш керек. Мен Атамбаевдин ошол саммитте сүйлөгөн сөзүн кайра-кайра угуп көрдүм, Атамбаев Каримов таарынгыдай эч нерсе деле айтпаптыр. “Бул жерде эсеп-кысап жүргүзгүдөй бухгалтерия эмес” деп алып, өзү деле канча адам согушка кеткенин айтпадыбы? Башка өлкөлөр деле Атамбаевге чейин айтты го. Менимче, бул жөн гана шылтоо. Биздин президент аны айтпаса деле, башка нерсени себеп кылып бугун чыгармак.

Каримовдун каяшасы

Канткен менен кыргыз-өзбек чек арасында кыргыз жарандарына ок чыгарып, бирөө өмүрү менен кош айтышкан факты 8-майда Москвада КМШ өлкөлөрүнүн жолугушуусунда өзбек президенти Каримовдун Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө каяша айтканын эске салбай койбойт. Москвага “Келем-келбейм” деп ыргылжың болуп атып, мойнунан байлагандай араң келген өзбек президенти Ислам Каримов Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө теригип, тийишип сүйлөгөнү байкалып турат. Балким Кыргызстан Өзбекстанга газ алуу, Бирдиктүү энергоалкак боюнча азыраак көз каранды болуп баратканына жана эл аралык аренада кыргыз лидерлеринин кадыр-баркы көтөрүлуп баратканына ичи тызылдап жаткандыр. Каримов өз сөзүндө: “Ал жакта (Украинада) болуп жаткандардын баары биздин оюбузча бул жакта кайталанып калышы мүмкүн. Эң негизгиси биздин ниетибиз таза болушу керек. Ири мамлекеттер менен, АКШ жана Россиянын ортосунда жөнөкөй ишенимди кайтарып алуу керек” деп айтты. Каримов мурда да айтканындай, үчүнчү дүйнөлүк согушту самап турган жокпу дегендердин пикири да жөндүүдөй туюлат.

Айгүл Бакеева

Түп нускага шилтеме : pk.journalist.kg