Акыркы макалалар

70 жылдык Жеўиш кїнїўїздєр менен, кыргыз эли!

70 жылдык Жеўиш кїнїўїздєр менен, кыргыз эли!

Биз їчїн Жеўиш кїнї абдан маанилїї. Бул кїн миўдеген ємїрдїн, бир бїтїн єлкєлєрдїн келечегине тїбєлїк тынчтык орнотту. Жеўиштин кїчї жїрєктї чыйралтып, элим-жерим деген эр азаматтарын, чыныгы баатыр, патриот жаштарын тарбиялады.. Мекен, эне, тынчтык,ынтымак, эмгек, эрдик деген символикалуу сєздєрдїн ордун даўазалап, билим, прогресс, технология менен кайра жаралууга, жаўыланууга жол ачты.

Айтаарым, ушул бактылуу кїндє жашап жаткан ар бирибиз ошол алаамат согуштан куткарган ар бир коштошкон ємїр їчїн башты ийип, таазим кылууга милдеттїїбїз.

Ар дайым элибизде аманчылык, ынтымак, жерибизде тынчтык болсун!

Умуту очпой омурдон отту

Акырын, аста баскыла, энеўер коштошо албай жатат. Тєркї бєлмєдєн чыккан апам бизге єкїм сїйлєдї. Тестиээр курактагы балдары болгон эжем, иним їчєєбїз дымып калдык. Кошунабыз Алиман жеўем экєє шыбыраша тїшкєнї кулагыма илинди. Энем байкуш согушка кеткен балдарын келип калат дегенсип, терезени карап жатат. Їмїт чиркин їзїлбєйт тура. Ошону айтсаў.., - Алиман жеўем шыпшына тїшїп, азыр кирип келсе кана?.. Ошондо энем башын кєтєрє калар беле?,-деп суроолуу карады. Акеў айтчу эле кара кагазы келгени менен энеме угуза алган жокпуз, деп. Ай Ким билет?.., кара кагазы келип деле бир топ эр азаматтар кайтып келгенин угуп жїрєбїз го. Эки уулунун эч болбосо бири кайтып келсе, энем байкуш мынча кыйналбас эле го. Шыбырашкан їндєр кєптє барып басылды.

86 жашка чыгып, бирок, алы- кїчїнєн анчалык тайыбай, аскерге кеткен уулдарын кїтє берчї энем минтип ємїр менен єлїмдїн ортосунда жатат. Ушул эшикке 13 жашымда келин болуп келгем, кудай 13 бала берип, четинен кайра ала берип, эми минтип жалгыз уулум калды, деп шуу-шуу їшкїрїнїп алганы менен аскерге кеткен экєєнїн эч болбосо бири кирип келет. Бая кїнї тїшїмдє кадимкидей кєрїшїп жаткан экем, балам байкуш єўдєн азып калган экен. Согушта жїрсє, андан бери чет элде жїрсє арыйт да деп кєз жашын бизге кєрсєткїсї келбей, кол аарчысы менен акырын сїртїп коер эле.

Угушубузда, энемдин уулдары албеттїї, балбан билек, сєзї курч, иштин майын чыгарган жандар болгон экен. Сатаркул атабыз, бизди ушинтип айткыла деп їйрєткєн энем, анткени, Сатаркул атабыз биздин атабыздан улуусу экен, Калыбайды аке дегиле, ал келгенде ата деп жїрбєгїлє ал атаўардан алда канча кичїї, балам, деп олтурчу. Калыбай билимдїї, ал кєптї окуган, айылдагы жаштардын алдыўкысы, болчу. Єзї шайыр, бир аз кєйрєўдїк жайы бар эле, кїзгїгє кєп каранчу. Ботом, анан окуган киши чыкыйып тап-таза болуп, кийимин бырыштырбай жїрєт да, деп єзїнїн сєзїн єзї оўдоп коер эле. Калыбайдан калган тиги Дєєлєт акеўер да окуп доктур болуп албадыбы. Окугула кор болбойсуўар. Калыбайым кирип келчїдєй болот да турат. Ошол балам тирїї,- дегенин канча жолу укпадык. Балалык кыялыбызда чын эле Германияда иштеп калса, єзї командир болсо, кармалып калган чыгаар, апасын ал да сагынып жїрсє керек, бир кїнї келип калаар, деп энем менен кошо тилек айтып, кээде кїтїнїп калчубуз. Тилекке каршы энемдин согушка кеткен эки уулу кирип келбеди. Эми минтип, энем да о дїйнєлїк болуп отурат. Ар жылы жеўиш кїнїн белгилеп, тєшї орден, медальга толгон ардагерлерди кєргєндє, єлїм алдында дагы терезеге тигилип, уулдарын кїтїп жатып кєз жумган чоў энем Айсулуунун элеси тартылып єтєт. Узун бойлуу, сулуусунан келген ак жумал чоў энемдин жомокторунун баары балдарына барып такалчу. Согушта сєзсїз жеўишке жетип, ошол жактан иштеп калган жандар болоор эле. Биз ал кезде бала элек, энем да, толук билбегендиктен Калыбай акебиз кайсы окуу жайды аяктаганын билбей калдык. Айтоор, кошуна казак айылынын бир жоокерине согушта жолугуп калган экен. Ошондо бир полктон болгону ушул эле жоокерлерим калды, курчоодон чыгып келе жатабыз. Улук лейтенант болуп кирдим эле. Эми кандай болот, аскер штабын табышым керек, деген экен. Эгер сен аман-эсен элге барсаў, мени кєрдїм деп айта бар, мен тирїї барсам, мен сенин їйїўє барып айтам, дешип коштошконун, согуштан кийин ал жоокер атайын їйгє келип, Айсулуу энемдин колунан даам татып, сый кєрїп кеткенин кеп кылышаар эле. Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун Жеўиш кїнїн 70 ирет белгилеп олтурат. Согуш ардагерлери кїн санап катарын суюлтуп арабыздан узап кетїїдє. Аталардын эрдигине таазим этип, Согуштан кайтпай калган аталарымды эскерїїдє, уулдарын кїтїп жїрїп, бул ємїрдєн єткєн энемди эстедим.

Уулдары согушта болсо, ак жоолугун желбиретип, їмїт отун єчїрбєй эр азаматтардын аман кайтышын кїндє тилеп, оорукта бел чечпеген энелерге таазим кылгым келди.

Нуржамал Курманкулова

Майрам сайын авто унаасын кутуп журду

“..Бїгїн чоў майрам, байбиче, саатымды бер, унутуп калбайын. Тиги байкуш келе алат бекен, келбесе тийип, майрамы менен куттуктай кетейин. Эми буюрса бїгїн берип калаар, єткєн жылы Кочкорго жетип калды деди эле, кезек жеткендир..”,- деп чоў атам таў эрте шашып, бир жакка аттанып калаар эле. Себеби, ар жыл сайын согуштун ардагерлерине “запорожец” маркасындагы авто унаа берилет, дегенди уккандан бери, атамдын кыялында чоў максаттар жаралып, эртеў эле єзї менен согушта катарлаш жїрїп келген адамдарына жетчїдєй болуп, кїтїї пайда болгон окшобойбу. Бирок, ошол сезимде, ошол деминде канча ирет каттабады, канча жылдыкты белгилеп, їмїт артып саргарбады, кїткєн авто унаасына жете алган жок. Ємїр бою кїтїп жїрїп, токсонго чамалап кете берди.

Чоў атам согуштун ардагери болгон. Кєзїнїн тирїїсїндє Бакыбайым деп эркелетип, чачыман сылап “менин колумду кєрдїўбї, ок бул жагынан кирип, бул жагынан чыгып кеткен” деп колун кєтєрїп, кєрсєтїп калаар эле. Мен деле балалык кылып, кайсыл жерде жараланганын деле сураган эмес экенмин. Анын їстїнє чоў атамдын кулагы укпай, аны менен сїйлєшїш абдан кыйын эле. “Кулак угузган аппарат келиптир, мага алып келип беришет экен, байбиче, угуп калсам кандай болот экен” деген сїйїнїчї да акталбады. Ал аппараттын жардамы болбоду, кайран согуш кулактын болгон тїйїлдїгїн жарып єткєн экен, калыбына келтирїїгє мїмкїн болбоду. Дайым сїйлєшкєндє “я..яаа” дей бергенинен шылдыўдап, башка нерселерди сїйлєп, качып кетээр элек.

Чоў атамдын барктап кїткєн кїнї 9-май эле. Чоў атам їчїн бул улуу кїн - бир кїтїїнїн кїнї болчу. Дайым єтїгїн єтїк май менен жалтырата сїртїп алып, ордендерин тагып, байкуш чоў апамды бир тїйшєлтїп салчу. Кулагынын укпаганы кошул-ташыл болуп, бат эле элдин шаштысын кетирип, кїткєн майрам кїнїнїн ар бир мїнєтїн баалай чєнтєк саатын улам алып-салып, бир башкача тызылдап калчу. Ошентип чыгып кеткен атабыз кечке жуук келип, болгон жаўылыгын шашпай апама айтып берээр эле. “Тигил байкуш єтїп кетиптир, бул болсо ооруп калган окшойт, берки таяк кармай албай калыптыр дейт, келе албады”,- деп. Анан алган белектерин сыймыктанып кєрсєтїп, кенедей кагазча болсо дагы “бизди унута элек экен, байбиче, бул жакта атым жазылып турбайбы, катып кой”,- дей бергенине апам деле кєнїп калган. Бирок, бир нерсени сурамайын айтчу эмес эле. Ал кїтїп жїргєн “Запорожец” маркасындагы авто унаасынын гана жообун айтчу эмес. Бышып кеткен чоў апам колу менен ары-бери жаўсай айланта берип, тїшїндїрїп сурайт эле. Атам байкуш тїшїнсє да тїшїнгїсї келбей, жок деген жооптон коркуп кыйналып алчу. Анан барып “жетпей калган окшойт, келбеди, биздейлер кєп да эми, буюрса эмки жыл деле бар эмеспи”,- деп єзїн жоошутуп, бир жылдык їмїткє алданып жїрїп єтїп кетти. Менин билишимче, бери дегенде 15 жылга жакын кїттї окшойт, жетпеди. Кийин ал такыр алдан тайып, унутчаак болуп, майрамды деле унутуп калды. Ємїрїнїн акыркы кїндєрїндє тєшєктє жатып, акылы ордунда болбой бир нерселерди кобурап сїйлєнїп калган дешет. Бул мезгилдерин мен кєрє алган жокмун. Бизге ошондой сезилген менен мїмкїн чоў атам жїрєгїндє сактап келген сырларын, ємїр окуяларын, баштан кечирген согуш катаалчылыгындагы кїндєрїнєн баяндап бергендир, а мїмкїн ошол кїткєн авто унаасын керээз кылып, “берсе, барып алып койгула”,- деп суранып кеткендир. Ким билет..? Менимче, чоў атам байкуш бул авто унааны ушул улуу кїндєн тамга катары эстелик кылып, єзїнїн артында таштап кеткиси келген чыгаар.

Сезгендей, айыл жериндеги чоў атам менен ал сыяктуу согуштун ардагерлери кєзї єтїп кеткенден кийин эле эстен чыгып, бат эле унутулуп калбадыбы. Алардын аттарын деле эч жерден кездештире албайсыў. Биздин мамлекетте согуштун ардагерлерин каттап, алардын эстелигине белги коюп, атайын китепче тизмесин ачып, эскерген милдет болбойт окшойт. Бул жагынан дагы бийликти кїнєєлєсєк саясат болуп кетчїдєй. Эмнеси болсо да, ар кимдин єзїнїн намысында, уятында, эрдигинде болуш керек. Анткени, Мекенди сїйїп, кан тєгїп єткєн аталардын артында Ата-журт їчїн кїйїп тїткєн балдар гана болууга тийиш!

Фарида Бектурганова