Акыркы макалалар

“Элїї жылда эл жаўы, жїз жылда жер жаўы”, – демекчи...

Жыл єткєн сайын жер кадыры кєтєрїлїп, баасы алтындан барктуу болуп турган чагы. Бир убакта тараган колхоз-совхоздор їчїн нааразы болгон эл эми їзїрїн кєрїп, єз жери, єз малы єзїндє болуп, кайдан, кандай їрєн сээп, кандай жол менен мал этин, жїнїн, башын кєбєйтїп киреше табуунун бардык мїмкїнчїлїгїн таап, єз камы єзїндє болуп отурат. Эгерде, убагында фермер-дыйкандарга мындай мїмкїнчїлїк берилбегенде, азыр карапайым эл кайда болмок..? Мына эми алар їчїн буттан-колдон алып, окуйм дегенин окутуп, иштейм дегенин иштетип, їйрєнєм дегенин атайын талаа мектептери аркылуу жаўы интеграцияга жетелеп, заманбап технологияларды єздєштїрїї, жетїї, алуу, колдонууга чейин канчалаган иш-чаралар жїрїп жатат.

Жакында, алардын бири болгон “Агролид” коомдук бирикмеси тарабынан Кєлдїн жана Чїйдїн дыйкан-фермерлери їчїн “Фермерлер менен тажрыйба алмашуудагы ачык эшик кїнї” уюштурулду. Уюштуруунун негизги максаты - табыла турган киреше-тїшїм, алгач топурактан баштап їрєндїк ылгамдарга, жер семирткичтерге, жада калса зыянкечтер менен туура кїрєшїїгє чейин абдан аяр мамиле талап кыларын фермерлердин аў сезимине жеткирип, алардын єзїнїн жерине болгон жоопкерчилигин арттыруу эле.

“Элїї жылда эл жаўы, жїз жылда жер жаўы”,-деп бекеринен айтылып калбаса керек. Эмне дегенде, элдин аў сезимине жердин баалуулугу сиўип, жерге болгон мамиледе атаандаштык кїчєдї. Буга кошул-ташыл тїрдїї багыттагы долбоорлор менен кїч алган Єкмєттїк эмес уюмдар, Коомдук бирикмелер, Ассоциациялар менен кичи компаниялар кєбєйдї. Алардын катарында Кыргызстандын жаратылыш ресурстарын, табият-климатын, єсїмдїктєрдїн биологиялык табигый коргонууларын, жер-шарты менен жер кыртышын жакшы тааныган фундаменталдуу, тажрыйбалуу мамлекеттик мекемелери да єз маанилїїлїгїн жоготкон жок. Анткени, єсїмдїктєргє багытталган ар бир долбоорду “Кыргызгипрозем”, “Кыргызагробиоборбор”, “Сортторду сыноо жана генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борбору”, “Химизация жана єсїмдїктєрдї коргоо департаменти” сыяктуу мекемелердин кызматын катыштырбай сабаттуу ишке ашыруу мїмкїн эместиги баарыбызга белгилїї.

Жакында, бул єз ара єндїрїштїк мамилени баалаган “Агролид” коомдук бирикмеси дыйкан-фермерлер їчїн жогоруда белгиленген дал ушул мамлекеттик мекеме ишкананаларын “Фермер”, “ЭКОАГРО”, “БАЙ-ЖЕР”, “Калпия кей джи” жеке компанияларынын ишкердїїлїгї менен айкаштырып, тажрыйба алмашуунун бекем платформасын иштеп чыкты. Бул иш чара атайын Ысык-Кєл облусунун Жети-Єгїз районунун фермерлери менен Чїй облусунун Ысык-Ата районунан келген чарба ишкерлери їчїн даярдалган.

Алгач, “Фермерлер менен тажрыйба алмашуудагы ачык эшик кїнї” “Кыргызгипрозем” Республикалык кыртыш-агрохимиялык станциясынан башталды. Мында негизги максат - єсїмдїктєрдї єстїрїїдєгї эффективдїїлїк эў алгач фермерлер їчїн єз талаа жеринин катмары менен топурагын жакшы таанып билїїдєн башталаарын тїшїндїрїї эле. Бул агрохимиялык изилдєє топуракты азыктандыруудагы жер семирткичтердин рационалдуулугун, топурактын гумусун, єсїмдїктєр їчїн мїмкїн болгон фосфор, калий, азот менен табигый нымдуулугун, туздуулугун жана жердин тыгыздыгын толук аныктап бермекчи. Андан соў, ушул текшерїїнїн жыйынтыгы менен ар бир фермер азыктандыруучу минералдык кошумчаларынын єлчємїн билип, ашыкча чыгымсыз єздєштїрїп кетїїгє мїмкїнчїлїк алат.

Экинчи сапар “Сортторду сыноо жана єсїмдїктєрдїн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борборуна” багытталды. Анткени, фермерлер їчїн тїшїмдїїлїктїн экинчи маанилїїлїгї - їрєндєрдї туура тандоо менен алардын ылгамдарын туура аныктоо эле. Мына дал ушул борбор єзїбїздїн жергиликтїї райондоштурулган їрєндєрїбїз менен чет элден алынып келген жаўы ылгамдарды изилдеп, єздєштїрїїгє мїмкїн болгон гибриддерге сыноо жїргїзїп, айырмачылыгын, бир типтїїлїгїн, туруктуулугун аныктап, чарбакерлердин укугун коргой ала тургандыгын билдирди. Ошондой эле, мамлекеттик реестрдин каттоосунан жок болуп бара жаткан єсїмдїктєрдїн генетикалык ресурстары менен жапайы тукумдарын муундан-муунга сактап калуу максатында “Єсїмдїктєрдїн генетикалык банкын” тїзїшкєн. Бул жерде єсїмдїктєрдїн сортторунун їрєндєрї атайын муздаткычтарда сакталып турат. Фермерлер їчїн тастыктап аныктап берїїчї 11ден ашуун сортторду сыноочу кичи талаалары, сапатын аныктай турган атайын лабораториясы дагы бар. Эгер їрєнїнїн сапатын аныктоого же кеўеш, маалыматка муктаж болгон фермер-дыйкандар болсо, бул борбордон маалымат алууга бардык мїмкїнчїлїк бар экендиги барган чарбакерлерге толук маалым болду.

Мындан кийинки “Агролид” коомдук бирикмесинин планында жер семирткичтерге басым жасалды. Бул боюнча “Фермер”, “Экоагро” компанияларында фермерлер менен жолугушуу уюштурулуп, экологиялык таза продукцияларды колдонуу - бїтїндєй улуттун ден соолугу менен топурактын биологиялык таза катмарын, асылдуулугун сактап калууга болгон аяр мамиле экендигин тастыктады. Фермерлерге кошумча маалыматтар берилип, їлгї катары жер семирткичтер таркатылды.

Ошентип, фермерлер їчїн уюштурулган акыркы тажрыйба алмашуу сапары “Химизация жана єсїмдїктєрдї коргоо департаменти” менен “Кыргызагробиоборбору” болду. Уюштуруучулар аталган мекемелерди дагы бекеринен планга киргизбегендиги байкалып турду. Анткени, жерди єздєштїрїїдє эў биринчи сєзсїз фитосанитардык коопсуздукту, пестициддер менен агрохимикаттарды колдонуудагы коопсуздукту, таза тїшїмдїїлїктї кєтєрїїдєгї бардык тоскоолдуктарды жєнгє салууну колго алуу керек. Экинчиден, айыл чарбасын зыянкечтерден коргоодо биологиялык ыкманы тандоо менен чєйрєнїн бїтїндїгїн, єзїбїздїн ден-соолугубузду коргоонун камын кєргєн болобуз. Башкача айтканда, жаратылышта бир зыянкечти экинчиси жеп, жєндєп туруусу табигый баланстын сакталышына шарт тїзєт. Демек, айыл чарба єсїмдїктєрїн уулуу химикаттардан, зыянкечтерден, илдеттерден коргоону уюштуруунун деўгээли коомдогу дыйканчылык маданиятынын кєрсєткїчї болуп, єсїмдїктєрдєн жогорку тїшїмдїїлїктї алуунун негизги шарттары болуп эсептелет.

Мына ушинтип кыдырып отуруп, эки кїндїк “Фермерлер менен тажрыйба алмашуудагы ачык эшик кїнї” соўуна чыкты. Менимче, бул иш-чарага катышкан ар бир фермер їчїн эў маанилїї маалымат-пикир алышуунун, тажрыйба алмашуунун кїнї болду деп эсептейм

Сиздер дагы айыл чарбасындагы дыйканчылыкка байланышкан кандай суроолоруўуздар болсо, кайсы тармакка кайрылып, кандай жооп алса боло тургандыгын баамдап калсаўыздар биздин гезиттин дарегине чалып, жооп алсаўыздар болот.

Фарида Бектурганова