Акыркы макалалар

Тарых тактыкты талап кылат

Тарых тактыкты талап кылат

Кыргыз элинин кыраан уулу Чолпонбай Түлөбердиев 1922-жылы Кыргыз ССРинин Талас облусундагы Киров районуна караштуу Чымкент кыштагында туулган. Эр жеткенде комсомолго өтүп, колхоздун түрдүү жумуштарында иштеген. 1941-жылы сентябрь айында аскерге чыкырылат. 1941-жылы согушка кирет.

Чолпонбай Түлөбердиев Гитлердик баскынчылар менен болгон айыгышкан кармашта Воронеж облусундагы Георгиу-Дежский районундагы Селявный кыштагын бошотууда 1942-жылы 6-августта душмандын амбразурасын (пулеметтон ок чачып турган дзотту) денеси менен жаап, баатырдык менен курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Чолпонбай Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.

1943-жылы 23-февралда жоокер Александр Матросов да Псков облусунун Локиянский районундагы Чернушки кыштагын бошотууда Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигин кайталап, душмандын амбразурасын денеси менен жаап курман болот. 1943-жылы март айында А. Матросовго Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилет.

Бирок ошол мезгилде компартиянын идеологдору орус улутундагыларды бардык ишти баштоочу катары көрсөтүп турган. Ошондон улам душмандын амбразурасын денеси менен жаап, курман болгон жоокерлерди (андайлар согуш башталган алгачкы күндөн баштап көп эле болгон) мурдагысын да, кийинкисин да орус улутундагы катардагы жоокер "Александр Матросовдун эрдигин кайталады" деп бардык басма сөз каражаттарында, радиодо байма-бай кайталанып турган. Кийинчерээк согуштук мемуарларда, өзүнчө чыккан китептерде да Александр Матросовдун эрдигин кайталагандардын арасында Чолпонбай Түлөбердиев да бар экендиги жазылган.

Согуштун алаамат учурунда ким-кимдин эрдигин кайталаганына эч кимдин деле көңүлүнө алынбаса керек. Ата Журттун бүтүндүгү, Совет элинин эркиндиги үчүн душманга карышы күрөштө ажалга тике карап, курман болгон Чолпонбай Түлөбердиев менен Александр Матросовго Советтер Союзунун Баатыры деген наамдын берилгенине быйыл жетимиш жыл толду. Анда талаш жок. Бирок, тарых тактыкты талап кылат. Ошон үчүн тарых да. Кимисинин эрдигин ким кайталаган? Эмесе, сөз учугун улайлы.

Кыргыздын уулу, катардагы жоокер Чолпонбай Түлөбердиев душмандын амбразурасын 6-августа денеси менен жаап курман болгондон жети айдан кийин анын эрдигин "орус улутундагы" жоокер Александр Матросов кайталаган. Дагы кайталап коëлу Чолпонбай Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилгенден 19 күндөн кийин Александр Матросов эрдик көрсөтүп, курман болуп жатпайбы. Сөзүбүз кургак болбос үчүн төмөндөгү тарыхый документти келтирем.

Указ

Президиума Верховного Совета Союза Советских Социалистических Республик о присвоении звания Героя Советского Союза рядовому Тулебердиеву Ч.

За выдающийся геройский подвиг, проявленный при выполнении боевых заданий Командование на фронте борьбы с немецкими захватчиками, (посмертно) присвоить звание Героя Советского Союза рядовому Тулебердиеву Чолпонбаю.

Председатель Президиума Верховного Совета СССР.

Секретарь Президиума Верховного совета М.И. Калинин, А.Ф. Горкин.

Кремль-Москва

4-февраль, 1943 года.

Согуш мезгилиндеги Компартиянын идеологдорунун Александр Матросовго байланышкан дагы бир калпыс ишин төгүндөгөн төмөндөгү фактыларды келтире кетейин.

"Орус улутундагы" катардагы жоокер Александр Матросовдун чыныгы улуту башкыр Шакирьян Муханмедьянов деген жигит болгон. Ал 1924-жылы 5-февралда Башкырстандагы Учалин районуна караштуу Кунакбаево кыштагында төрөлүптүр. Атасы, энеси экөө тең башкыр мусулман болушкан экен. Шакирьян 7-8 ге чыгып калганда энеси өлүп калат. Бала өтө тентек болуп үйүнөн чыгып кетип, үй-жайы жок тентип жүргөн көчө балдарына кошулуп, атасына таптырбай кетет. Кийинчерээк НКВДнын көзөмөлүнө алынып, Ульянов облусундагы Мелекасса шаарына (азыркы Диминтровград) балдар үйүнө жөнөтүлөт. Көпчүлүк учурларда орус балдар башка улуттагы балдарды (андайлар аз болгон) уруп-сабап, өлтүрүп да коюшчу. Ошондон улам Шакирьян балдар үйүнө барганда туулган жерин жашырып "Днепропетровск" шаарында туулганмын, Сашка Матросовмун деп катталган.

Чоңойгондо хулиган болуп жүрүп, Ивановодогу режимдик колонияга түшөт. Колонияда кримавторитет-атаман болот. 1939-жылы колониядагы мектепти аяктап, Куйбышев шаарындагы вагон ремонттоочу заводго жиберилет. Ал жердегилер оор жумушка салып, эмгек акысын өз убагында бербей кыйнайт. Жумушту таштап кайрадан көчө тартипсиздигине өтөт. 1940-жылы кармалып 2 жылга кесилип, Башкырстандын борбору Уфага колонияга алып барат. Калониядагылар аны топ-топ болуп алышып, үч жолу чала жан болгуча тепкилешет. Бирок эч кимден коркпой ошончо балдар менен эси оогончо мушташат. Айыккандан кийин өзүн сабаган балдарды бирден кармап алып, сазайын колуна берет. Колониядагылардын көпчүлүгү Сашканын көкжалдыгынан коркуп, бир кыйласы анын тайманбастыгына баа беришип достошот.

1942-жылы сентябрь айында колониядан биротоло бошонуп чыгары менен Оренбургдагы Краснохолмск жөө аскерлер окуу жайына жөнөтөт. 1943-жылы январда бирге окуган курсанттар менен согушка киришет. Калинин фронтунда 2-комсомолдор аткычтар батальонунун 6-аткычтар корпусунда катардагы жоокер кызматын өтөйт.

Мына, буга чейин аталып келген Александр Матросов башкыр улутундагы Шакирьян Мухамедьянов экендигин, ал Кыргыз Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигин кайталагандыгын журналистик иликтөө менен аныктоого аракеттендик.

Бул турмуш чындыгы, тарых чындыгы, келечек муундар үчүн, тарых илимпоздору үчүн айныксыз керек. Муну биз айтпасак эртеби, кечби айтуучулар чыгаарына күмөн санабасак болот.

Тынчтык Султанов

Кыргыз Республикасынын Журналистер Союзунун мүчөсү.

"Ат-Башы" жаңылыктары гезити