Акыркы макалалар

Башкы штаб: Кыргыз-өзбек чегарасындагы жагдай тынч

Бир кыргызстандык каза болуп, экинчиси Өзбекстандын коопсуздук кызматынын чегара кошуунунун аскерлери тарабынан кармалган окуядан кийин кыргыз-өзбек чегарасындагы жагдай тынч. Бул тууралуу "ВБ"га Башкы штабдын башчысынын орун басары Закир Тиленов билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда эки тарап тең болуп өткөн окуяга байланыштуу иликтөө жүргүзүп жатат. Бирок Тиленов инцидентке кеңири токтолуудан баш тартты.

"Чегара кызматы расмий түрдө алгачкы маалыматты берди. Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Кыргыз-өзбек чегарасында жагдай тынч. Эч кандай толкундоолор жок",-деп билдирди Тиленов.

Эскерте кетсек, кечээ мамлекеттик чегаранын кыргыз-өзбек участогунда курал колдонгон чатак болуп, анда Кыргызстандын бир жараны каза тапкан, ал эми экинчи жаран Өзбекстандын чегарачылары тарабынан кармалган.

Окуя мамлекеттик чегаранын Баткен областынын Баткен районунда жайгашкан Согмент калктуу пунктунун четиндеги тактала элек участок болгон Какыр жергесинде болуп өткөн. Алдын ала маалыматтарга таянсак, КРдин үч жараны "Мерседес-Бенц Гигант" унаасы менен Өзбекстандан Кыргызстанга аткезчилик жолу менен жашылча-жемиш алып өтмөкчү болгондо ушул окуяга кабылган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg