Акыркы макалалар

Жашоодо да, үйдө да мугалим

Жашоодо да, үйдө да мугалим

9-май. Бул дата жалпы үй-бүлөбүз үчүн өзгөчө күн. Чоңдорубуз апрель айынан тарта эле атабызга, энебизге эмне белек берээрди, эмне кылып кубантууну кеңеше баштасак, кичинекейлер ыр-бийлерин даярдоо менен өздөрүнчө алек. Жадагалса кичинекейлердин «9-май чоң атабыздын туулган күнү» деп календарга белгилеп койгонун көргөндө алардыкы туурадай сезилет. Чынында эки үйдүн ортосундагы жалгыз уул атам согуштан кайтканда кайрадан төрөлгөндөй болгон.

ӨМҮР ЖОЛУНАН БИР ҮЗҮМ

Атам Калыкбеков Аскар 1925-жылдын 20-январында Нарын районуна караштуу Төш-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Төш-Булак жети жылдык мектебинде билим алган соң, 1942-жылы Нарын шаарындагы педагогикалык техникумдун тил факультетине тапшырган. Окуп жаткан кезинде комсомолдук билет алууга үлгүрбөй, өз ыктыяры менен 1943-жылдын январь айында Улуу Ата Мекендик согушка аттанган. Адегенде Ыраакы Чыгышта, андан кийин азыркы Пермь областында атайын даярдыктан өтүп, снайпер - кенже сержант наамына ээ болгон. II Прибалтика фронтунун 1336 аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. Великие Луки шаарын акыркы бошотуудан баштап, душманды чегиндирүүдө Латвиянын чегине чейинки аралыкта фашисттердин катуу каршылык көрсөтүүсүндөгү чоң салгылаштарда болгон. Латвиянын чегиндеги согуш майданындагы айыгышкан катуу салгылашта оң бутунан оор жаракат алып, аскердик госпиталда алты жарым ай жаткан. Айыгып чыгып, 1945-жылдын март айында ата конушуна кайтып келген.

Согуштан келгенден кийин колхоздун уй фермасында эсепчи, жылкы фермасынын башчысы болуп иштеп турган. Андан кийин педагогдук кесипке өтүп, 1947-жылдан тартып Төш-Булак мектебинде орус жана кыргыз тилдеринен сабак бере баштаган. Кийинчерээк билим берүү башкармалыгынын чектөөлөрүнө ылайык Оорук-Там, Ийри-Суу, Жер-Көчкү мектептеринде эмгектенип, жалпысынан мугалимдик кесипке өмүрүнүн 33 жылын арнаган.

Ата Мекенди коргоого жана жаш муундарды тарбиялоого кошкон көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн «Улуу Ата Мекендик согуштун I даражадагы» ордени, «Германияны жеңгендиги үчүн», «Эрдиги үчүн», «Жуков», «Ардак белгиси» жана бир катар юбилейлик медалдар, ошондой эле эмгектеги каармандыгы үчүн «Эмгектин Ардагери» медалы жана райондук билим берүү бөлүмүнүн бир нече жолку «Ардак громаталары», «Ыраазычылык каттары» менен сыйланган.

Ардактуу эс алууга чыккан 1980-жылдан тартып Жер-Көчкү айылында Аксакалдар Кеңешинин, андан кийин Аксакалдар сотунун төрагасы болуп көп жылдар бою иштеп турган. Аксакалдар соту катары калыс чечим чыгарып, эл ичинде ынтымакты сактоого жумшаган аракети үчүн да райондук Ардак грамотага татыктуу болгон.

2010-жылы 7-майында «Нарын районунун Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган.

Байбичеси Калыкбекова Ырысбүбү экөө 6 уул, 2 кызга татыктуу билим-тарбия берип, эрезеге жеткиришкен. Учурда айылдын кадырлуу аксакалы катары нарктуу кеби, наабаттуу адеби менен жаштарга үлгү көрсөтүп келишет.

ЖАШООДО ДА, ҮЙДӨ ДА МУГАЛИМ

Өмүр баянынан белгилүү болгондой, Ата Мекенди кан-жанын аябай коргоп келгенден кийин билим берүү тармагында алектенип, канчалаган окуучуларга тамга таанытып, кат сабатын жойду. Азыр да жаштарга карыялык кеп-кеңешин, ак батасын берип келет. Айыл элинин бир ооздон: «Калыс, чынчыл, камкор, демөөрчү, өз оюн ачык айта билген, түз жүргөн карыя» деген кептерин кулагым чалганда, төбөм көккө жетип, ушундай айыл кадырына, урматына татыган адамдын баласы катары мен да атамдын атын булгабай «атанын уулу» боло алсам экен деген ойдо калам.

Өмүр бою педагогдук кесипти аркалап «агай» атыккан атабыз үйдө да өзүнүн бир калыптагы жүрүм-туруму, нускалуу кеби, ашыкча сүйлөбөгөн адеби, акылгөйлүгү, тазалыгы, чынчылдыгы, эрктүүлүгү, кайраттуулугу, тыкандыгы сыяктуу адамдык жакшы сапаттары менен баарыбызга үлгү болуп, дагы да талыкпастан кеп-кеңешин айтып келет. «Ак эмгегинер менен жашагыла», «бирөөгө кыянаттык кылбагыла», «бирөөнүн алтыны жатса да албагыла», «көп окугула, тынымсыз билим алып тургула», «ынтымактуу, тууганчыл, бири-бириңерге карамдуу болгула» (себеби, өзү бир атадан жалгыз бала болуп туугандын зарын тарткан), «адам болгула – билимдүү болуу оңой, адам болуу кыйын» деген сыяктуу кептери жүрөктө жадыбалдай жат болуп калган жана муну уккандан тажабайм.

Ар жылы 9-майда бардыгыбыз толук чогулгандыктан, майрамдык маанай аяктап, жай-жайыбызга тараар мезгилде эки сааттын тегерегинде «үй-бүлөлүк сессия» башталып, «спикерлик» милдетти өзү аткарып, үй-бүлөлүк маселелер (тартип, экономика, маданий-массалык) ортого коюлуп, «тынчтык жолу» менен чечилип, жогорудагыдай акыл-насаатын айтып, акырында «жылдын мыктыларына» жана неберелеринин баарына сыйлык ыйгарат. Атам ушундай «педагогикалык баалоо» ыкмасы аркылуу үй-бүлөдөгү ынтымакты, тартипти, ырыскыны кармап тургандыгын айткым келди. Себеби, бүгүнкү күндө коомубузда балдарына моралдык жана материалдык колдоо көрсөтмөк түгүл татыктуу ата боло албаган аталар жок эмес… Мурунку жылдары «үй-бүлөлүк сессияда» «спикердин сөздөрү» узак убакытка созулчу. Кийинчерээк карылыктан жана удаа кайтыш болуп кеткен эки агамдын таасиринен аз убакыттарга созулуп, ден соолугу да начарлап баратканы өкүндүрөт. Мен болсо ичимден «жыйындын» узакка созулушун жана жыл сайын атамдын аман болушун кудайдан тилеп келем. Атам бар үчүн үй-бүлөбүздө кут уялап турат деп билем…

Ойлосом, менин адам болуп калыптанышыма атамдын эмгеги абдан зор. Мектепке кире элек кезимден тартып эртең менен дайыма саат 8 де тургузуп, көнүгүү жасатып, түштө 2 саат уктатып, түштөн кийин тамга жаздырып, кечинде саат 9да жаткырчу. Телевизорду ченеми менен көрсөтүп, айрыкча согуш жөнүндөгү кинолор болуп жатканда, ачууланып өчүрүп салчу. Эшикке, үйгө, жатаарда кийчү кийимдерибизде да өз-өзүнчөлүк болоор эле. Окугандан тартып жогорудагы күндөлүк режим дагы да татаалданып, сабакка түнүчүндө эмес күндүз даярдануу, «тишибиз өткөндөй» тандап берген адабий китептерди окуу, көчөдө максатсыз жүрө бербөө, үй-сырт жумуштарын жасоо, убактысы чектелген оюн жана башка эрежелер сакталчу. Жогорудай аскердик жана педагогдук тартиптин айкалышын учурунда жактырбасам да, азыр туура экенин сезгенде уялып калам. Көрсө атам өзү педагог болгон соң балдарынын талапка ылайык өнүгүү процессин сактап өстүргөн экен.

Энем экөө неберелерин да багып чоңойтуп, татыктуу билим, тарбия беришти.

«Берген тарбиясы го жакшы экен, деги өзү кандай киши болду экен?»,- деген пикир жаралышы мүмкүн. Атам сыртынан бир көргөн адамга көп сүйлөбөгөн, бир мүнөз, кырс адамдай туюлса керек. Бирок, ал көп ойлонуп, аз сүйлөгөн, элдин баарын өзүндөй көргөн ишенчээк, жан дүйнөсү бай, өтө сабырдуу адам.

Жүрүш-турушу да өзүнчө үлгү болоорлук. Жашоодо өзүнүн позициясы, тутунган принциби бар. Анын акыркы жылдарга чейин эле жайы-кышы менен муздак суу куюнуп, экинчи топтогу майыптыгына карабай темир көтөрүп, көнүгүүлөрдү жасап, азыркыга чейин тазалыкка, тамактануу режимине өзгөчө көңүл бурганы, балким, чырымталы жаш көрүнгөндүгүнүн себепчиси болсо керек. Токсон жашка чыкса да өз тишинин күнү бүгүнкүдөй сакталып келатканы тиш гигиенасына өзгөчө көңүл бөлүп жүргөндүгүнүн таасири го деп ойлойм.

Алыскы айылда жашаса да күндөлүк турмуштагы кабардан, саясаттан артта эмес. Коомдук-саясий газеталарга жазылып, үзбөй окуйт. Үч-төрт жылы мурун: «Сага керектүү матералдарды чогултуп койдум»-, деп бир топ газеталык макалаларды бергенинен ичин ачып карасам, чынында эле кесибиме абдан керектүү маалыматтар бар экен. Атам чогултуп койгон «Ала-Тоо», «Кыргызстан маданияты» сыяктуу газета-журналдардын топтомдору кандидаттык иш жазып жатканда көп пайдасы тийди. Өзү да көп сүйлөбөгөнү менен жаза билген адам, ал эми жазуу ар бир кишинин эле колунан келе бербейт эмеспи. Күндөлүк жазат, азырынча аны эч кимибиз окуй элекпиз. Кыскасы, «тарбиячы өзү тарбиялуу болууга тийиш» деген учкул кептин атама да ылайык келээрин айткым келет.

Жыйынтыктап айтканда, менин атам «кичинекей мамлекетти» (үй-бүлөсүн) туура тарбиялоо, алакандай айылын оң жолго баштоо аркылуу Улуу Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө салымын кошуп келет. Мен атам менен ар дайым сыймыктанам.