Акыркы макалалар

Нарын шаарынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымаалы АБДИЕВ: “Тынчтык күндүк баркын баалай билели”

Нарын шаарынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымаалы АБДИЕВ: “Тынчтык күндүк баркын баалай билели”

Улуу майрамдын алдында кеңсебизге келиптир Абдиев Касымаалы аксакал. Ал-жай сурашкан соң атайылап ат тизгинин бурганынын чоо жайын мындайча баян этти. Көрсө майрамга карата Нарын шаарындагы Токтогул жана Кычан орто мектептеринин окуучулары үйүн актап, айлана-тегеретесин, короо-жайын тазалап, отунун жарып, жыйып берип кетишиптир. Мындай жардамга аталган мектептердин жетекчилерине жана окуучуларга ыраазычылыгын айтып, ак батасын берип коюуну гезитке чыгарып коюубузду өтүнгөн аксакал менен баарлаштык.

- Көз тийбесин, сөз тийбесин дейли, токсон үч жашка чыкса да баскан-турганы тың, өзүн сергек алып жүргөн согушта улуу совет элинин бейкуттугу, тынчтыгы үчүн кан-жанын берип, далай азаптарды тартып келген ардактуу аксакалыбыз өтөлгөлүү өмүрүн кандай өтөдү экен деген ой келет?

- Өзүм тууралуу айтсам киндик каным таамп, кирим жуулган жерим Ат-Башынын Өзгөрүш айлы. Мектепте окуп жүргөндө эсепти кыйын чыгарчу элем, 7-классты бүткөндө жакын тууганыбыз Нарынга алып келип, дүкөнчүлүккө иштетип койду. Көп узабай эле согуш чыгып, 1941-жылдын 12-декабрында кеттим. Согуш талаасында немистерге каршы өлүмдөн коркпой жан аябай салгылаштык.

Былтыр ушул маалда кошуналар болуп, согуш тууралуу сүйлөшүп олтурсак бир жаш жигит: ”Ата, мени бир нерсеге таңгалам. Капысынан согуш ачкан Германия СССРге салыштырмалуу абдан өнүккөн, курал-жарактары күчтүү мамлекет эле да. Чагылгандай тездик менен жеңип алабыз деген Гитлердин ою ойрондолуп, төрт жыл бою салгылашкан фашисттердин жеңилип калышынын себеби эмнеде?-деген суроосун берди.

- Туура айтасың балам,-дедим. Сен айткандай канкор Гитлер он беш союздук республикадан турган көп улуттуу эли бар СССРди бат эле жеңип алып, кулчулукка айландырып, жер жүзүнө өз бийлигимди жүргүзөм деп кыялданган да. Билесиңби немистер эмнеге жеңилип калды? Биринчиден тынч жаткан элге кол салып, миллиондогон адамдардын канын төккөн үчүн аларды кудай жазалады. Экинчиден эң башкы маанилүү эки нерсе жеңишти алып келди. Ал кайсы дебейсиңби? Ар улуттун өкүлдөрүнөн турган он беш союздук республикадан барган жоокерлердин душмандарды жек көрүүсү күчөп, өз өмүрүн тобокелге салып, жан аябай салгылашканы болду. Алардын бири-бирине болгон урмат-сыйы, ынтымагы укмуштуудай бекем эле. Телевизордон көрүп, китептерден окудуңар, Москвадагы мектеп окуучулары, Зоя Космодемьянская сыяктуу жүздөгөн комсомол партизандар солдаттарга жардам берип, колго түшүп калганда душмандар мыкаачылык менен кыйнашса да эч нерсе айтышпай курман болушпадыбы. Экинчиден, ооруктагы жаш балдар, аялдар, кары-картаңдар, ачкачылыкка, ооруга карабай кара жанын карч уруп, иштешип фронтко тамак-аштарды, кийим-кечелерди жиберип турушту. Немистер мына ушундай каарман, кайратман эли бар совет элинен жеңилип, дүйнөгө маскара болушту.

Согушта өзүмдөн улуу агам Майлыбаштан айрылдым. Үйлөнгөндөн кийин бат эле кетип, өлүү-тирүүсү билинбей калды. Аттиң, аман келсе бала-чакалуу болуп, өмүр сүрбөйт беле. Согуштан келгенден кийин Нарын шаардык нан, сүт заводдорунда соода тармагында склад башчысы болуп иштеп, эс алууга чыктым. Жаратканга ыраазымын, акыл-эстүү жакшы жарга туш болдум. Менин зоболомду бийик тутуп, ачыма айланып, тогума толгонгон жубайым жашында кийим тигүү фабрикасында тигүүчү болуп иштеген Асаналиева Жанымбүбү экөөбүз уул-кыздарыбызды жакшы тарбиялап, окутуп, эресеге жеткирдик. Кудайга шүгүр, баары турмуштан өз ордун таап, очор-бачар. 9-Май күнү бала-бакыраларын ээрчитип баары келишет, белек- бечкегин ыроолоп, куттукташып, небере-чөбөрөлөрүм “Кара жоргону” бийлеп берип, көңүлүмдү ачышат.

Жакында Чкалов мектебине Москвадан келишкен мугалимдер менен окуучулардын катышуусунда борбордук аянтта өткөн ошол чоң салтанатка катышып, машинага түшүп, элдин алдынан өткөндө толкунданганымдан көзүмө жаш алдым. Чкаловдун окуучулары аябай жакшы даярданышыптыр, балдары чоң аталарынын сүрөттөрүн көтөрүп өтүп бара жатканда трибунадан ар биринин аты-жөнү айтылып жатканда кечөө эле жеңиш күнү бирге тосуп, Жеңиш паркындагы алачыктан бир табактан каша жеп, бир стакандан арак ичип, бажакташкан жолдошторумду эстеп, ыйлап да алдым. Мен гана эмес көрүүчүлөрдү да толкунданткан жакшы парадды өткөргөн жетекчилерге, айрыкча Чкалов мектебинин мугалимдери менен окуучуларына ыраазымын, өмүрлүү, бактылуу болушсун.

- Ата, Улуу жеңишти тосуп олтурган ардагерлердин арасынан бутуңуздун гана ооруп, таяк менен басканыңыз болбосо күүлүү-күчтүүсү, демдүүсү, тыңы сиз экенсиз, 93 жашта деп эч ким ойлобойт. Карылыкты кантип качырып, кантип алыстатып жүрөсүз ?

- Ии, ошондойбу (Касымаалы ата күлүп калды). Мунун эч деле жашыруун сыры жок кызым. Апам да 105 жашка чыкканда каза болгон. Менин тың жүргөнүмө жаштайымдан тамеки тартпай, арак ичпегеним себеп болду бейм. Анан дайыма кыймыл аракетте болуп, жөө жүрүп, жайында бээнин сүтүн, кымыз ичип, тамакты таптап жеп, өзүмдү күлүк таптагандай сергек алып жүргөнүм болду. Мендей узак жашайм жана өзүм курдуулардан жаш болом десеңер ушул айтканымды аткаргыла.

Эми айтаарым улуу күнүбүз кут болсун. Тынчтык деген улуу сөздүн баркын баалай билгиле. Согуш деген апаатты көрбөгүлө, Карыларыбыз наабаттуу, жаштарыбыз ыймандуу болуп, жакшы турмушта жашайлы. Баса, мени сыйлап үйүмө келип жардам берип кетишкен Токтогул жана Кычан орто мектептеринин окуучуларына ракматымды айтамын, өмүрлөрү узун болуп, менин жашыма жетишсин.