Акыркы макалалар

Арбагына таазим этем

Арбагына таазим этем

Кесибим тарых мугалими болгондуктан окуучуларга Улуу Ата мекендик согуш, улуу Жеңиштин 70 жылдыгы тууралуу айтып берип жатып, кан майдандан кайтпай калган чоң атамды эстедим. Аруу жуулуп, ак кепинделбей өлүү-тирүүсү билинбей дайынсыз болгон маркумду эскерүүнү өзүмдүн парзым катары сездим.

Ат-Башы районундагы Терек-Суу айлында туулуп өскөн чоң атам Макенов Жумаштын ата-теги эл бийлеп, журт баккан адамдардан экен. Чоң атасы Дербиш малдуу-жандуу болгондуктан Совет өкмөтү чыкканда атбашынын жакшылары Жакыпбек болуш, Матай бий, Советтер Союзунун Баатыры Анварбек Чортековдун атасы Чортек аксакалдар менен бирге кулакка тартылып, Оренбургга айдалып, ошол жактан каза болуптур. Өз атасы Макен да учурунда болуш болуп, эл-журтун калыстык менен башкарып, төбөсү көрүнгөн адам экен. Жумаш чоң атам кичинесинен зээндүү, ыймандуу болуп өсүп, сабактарын жакшы окугандыктан мектепти бүткөндө бир жыл айылда мугалим болуп иштейт. Нарындагы эки жылдык педагогикалык окуу жайды бүтүрүп келип, үйлөнүп-жайланып, мектепте деректир болуп иштеп жатканында 22 жашында согушка аттанат. Чоң энем Алыйбүбүнүн боюнда бар экен, ай- күнүнө жетип калыптыр.Согушка жөнөп бара жатканында:»Эркек төрөсөң атын Казыбек койгун, кыз болсо өзүң каалаган атты кой, энемди жакшылап бак»,-деген аманатын айткан экен. Чоң энем бир айдан кийин эркек төрөп, атын Казыбек коюп кайненеси менен уулун жакшылап багып, Жумаш чоң атамдын согуштан аман келишин тилеп жүрүшөт. Согуш аяктаганда «кара кагаз» келбей дайны билинбей арадан тогуз жыл өткөндө гана ага-тууган чогулуп келип:» Алыйбүбү, биз сага ыраазыбыз, али жашсың, турмушка чыгып, бактылуу бол»,-дешип атамды алып калышып, агаларын чакыртып төркүндөрүнө узатышат. Жээренди чоң энем жалгыз баласынын артында калган жалгыз туягы атамдын көзүнүн кареги менен тең айланып, бапестеп багып-өстүрүп, атаңдай мугалим болгун деп Нарындагы педагогикалык окуу жайынан окутуп, үйлөп-жайлап, токсон жашында көз жуумптур. Атам Жумашов Казыбек Калинин атындагы орто мектепте узак жылдар мугалим болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Сегиз бир туугандын ичинен агам Марсбек экөөбүз аталарыбыздын жолун жолдоп, мугалимдик кесипти тандаганбыз.

Ооба, тарых барактарына көз чаптырып, архивдик маалыматтарга таянсак ар бир алтынчы кыргызстандык гитлердик баскынчыларга каршы салгылашып, Тянь-Шань облусунан майданга кеткен 19463 жоокердин 5383ү кайтпай калган. Алардын арасында үйлөнүүгө үлгүрбөгөндөрү, менин чоң атамдай баласын көрбөй дайынсыз болгондордун көп болгондугу өкүндүрөт.

Согуштун айынан курсакта калып, атасын көрбөй-билбей калганына өмүр бою арманда келаткан жетимиш эки жаштагы атам үйүбүздүн төрүндө илинип турган Жумаш чоң атамдын жалгыз сүрөтүн тумардай ыйык тутуп, жыл сайын ушул күнү куран окутуп, эскерип келет.

1945-жылдын 9-майы.... согушта аталарыбыздын суудай төгүлгөн канынан, ооруктагы энелердин көз жашынан жаралган бул ыйык күндү алып келген кадырман аталарыбызга урпактары түбөлүккө карыздарбыз.