Акыркы макалалар

Асек Усубалиев: “Кан майданда жүрүп тоолорду сагындым”

Асек Усубалиев: “Кан майданда жүрүп тоолорду сагындым”

Экинчи дүйнөлүк согушка өз жерин кас душмандардан коргоо үчүн Нарын жергесинен аттанып кеткен 19 496 жоокердин катарында Нарын районунун Кеңеш айылынын тургуну Асек Усубалиев дагы болгон. Ал Украина фронтунда аткычтар полкунда кызмат кылып, өз мекенине 7 жылдан кийин аман-эсен кайтып келген. Быйыл Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө үчүн Москва шаарында өтүүчү парадга Нарын облусунан жалгыз катышып келгени турат.

Асек Усубалиевдин чоң аталары Жан-Булакты жердешип, кийин Кеңешке келип туруп калышат. Үйдөгү үч бир туугандын улуусу болгондуктан чоң атасы багып алып, анын колунда чоңоёт. Мектепти 1939-жылы Кеңештен бүтүп, окууну бүткөндөн кийин калхоздо тоок ферма, эсепчи болуп иштеп калат. 1943-жылдын 18-апрелинде 18 жашында согушка чакырылып, Нарындан чакырылган уландар Балыкчыга чейин жөө барышат. Жолго токтоп уктап эс алып отуруп бир нече күндө Балыкчыга жетишет. Ал жерден жүк тарткан машина менен Быстровкага алып барып, поездге салып, Казакстандын Арсы станциясынан аскердик формаларды кийгизип, кан майданга жөнөтүлөт. Согуштун оор күндөрүн Асек ата мындайча эскерди: -Бизди Пенза облусуна алып барып ошол жерден бөлүп, бир ай токойдо аскердик тартипке көндүрүп, мылтык атканды үйрөттү. Андан Москванын алдында Химки деген шаарга каалоочуларды тандап, үч айлык аткычтардын окуусуна бардым. Жалаң орустар менен окуп бүтүп, Ростов шаарына алып кетти. Ал жерди жаңыдан бошотуп жаткан экен. Андан 1-Белорусь фронтуна алып кетип, Польшанын Варшавасына бардым. Биздин фронтту адегенде маршал Рокоссовский жетектөөчү. 1944-жылы маршал Жуков жетектеп калды. Мен 115-гвардиялык пехоталык полкто кызмат өтөдүм. Бир жарым жыл алдыңкы чабуулга өтүүчү аскерлердин курамында болдум. Жалаң окоптордо жашап калдык. Варшаваны алып, Украинада катуу салгылашта оор жарадар болуп Берлинге жетпей калдым. Ок колго тийип, жоон санга барып токтоп калыптыр. Госпиталда 4,5 ай дарыланып жаттым.

Украинадан Харьковго алып келди. Жарадарлар госпиталга батпайт. Жеңиш күнүн ошол жерден уктук. Жоокерлер кубанып, сүйүнүчтөн жаздык менен бири-бирин чапкылап, кучакташып куттукташып атышат. Госпиталдан денемдеги окту алганда дарыгерден атайы сурап алгам. Аны сактап жүрүп кийин мончого барганда жанымдагы буюмдарым менен кошо уурдатып жибердим.

Асек Усубалиев эки жолу чалгынга да катышат. Тил кармап келүүгө баргандыгы тууралуу: - Польшада Висла деген дарыядан өтүп тил кармап келүүгө жиберди. Баарынан суудан өткөн азап экен. Мындай эле тактайдын үстүнө жатып алып өтүп бардык. Биздин багыбызга бир немец үй өңдөнгөн кичинекей немеден чыгып сууга келе жатыптыр. Бизди көрүп эле куралын ыргытып ийип, колун көтөрүп туруп калды. Биз бешөөбүз болчубуз. Жакыныраак турган бирөөсү чапканда жыгылып калды. Сүйрөп эле токойго алып кирип кеттик. Чалгынчылык кылып керектүү маалыматтарды бергенибиз үчүн медалы менен сыйландык.

Согуш бүткөндөн кийин Сталиндин «талкаланган шаарларды калыбына келтирүүгө жардамдашуу боюнча чыгарган буйругу менен 1950-жылга чейин кызмат өтөп, ошол жылы өзү туулуп өскөн айылына кайтып келет. Келгенден соң бүлө күтүп облустук прокуратурада иштеп калат. Андан райондук сотко которулуп катчы болуп иштейт. Пенсияга чыкканга чейин өзү туулуп өскөн айылга жакын жайгашкан аэропортто 18 жыл иштеп ардактуу эс алууга кетет.

- Мурда согуш талааларында курман болгон курдаштарды көп эстечү элем. Улам барган сайын эстебей деле калат экенсиң. Согуш талаасында тартип катуу болчу. Качкан бир-экөөнү жазалап атты. Чабуулга өткөндө жаныңдагы адамдардын кулап атканына карабай алдыга чуркашың керек. Анан Украина жери түз талаа болот экен. Тынч боло калганда тоолорду эстеп сагынасың-деди ата кан майданда жүргөндө аман-эсен барып жергемди көрөр бекем деп өз мекенине болгон кусалыгы тууралуу баяндап жатып.

Асек ата быйыл туура токсон жаштын чайын ичип, балдарынын кашында бактылуу турмуш кечирип жатканына кубанат. Ден соолугу согуш талааларында болуп келген курбалдаштарына салыштырмалуу тың, акыл-эси мыкты калыбында болгондуктан Россия Федерациясынын Москва шаарында өтө турган парадга Нарын облусунан бир адам гана катышууга уруксат берилсе, дал ушул бакыт Асек атанын маңдайына буюруп отурат. Ал мурда да барып келгенин айтып, жиберсе барып келгенге алы күчү жете турганын билдирди. - Азыркы жаштар бактылуу жаштар. Жокчулукту, оор турмушту көрүшкөн жок. Ошондуктан алар жакшы окуш керек. Элде ынтымак болсо өнүгөбүз. Дүйнө жүзүндө тынчтык болуп, балдар согуш дегенди билбесин-деген каалоо тилеги менен сөзүн жыйынтыктады. Биз дагы атага дем күч, бекем ден соолук каалап, алыскы Москва жергесине болгон сапары байсалдуу болушун тилек кылабыз.