Акыркы макалалар

Коопсуздук кызматынын коомдук кабылдамасы ачылды

КРнын Улуттук коопсуздук кызматынын Ысык-Көл областтык башкармылыгынын алдында коомдук кабылдама ачылды.

Аталган башкармалыктын башчысы Аскар Абдырахматовдун айткандарына караганда, элдин арыз-даттанууларын, сунуш-пикирлерин угуу, кабыл алуу мурдагыдай жабык жүргүзүлбөйт.

Карапайым калк менен байланышты жакындатуу, алардын арыз-даттанууларын убагында кабыл алып, жообун берүү жоопкерчилигин күчөтүү максатында ачылып жаткан бул коомдук кабылдама коррупцияны ооздуктоого сөзсүз таасирин тийгизет. Коомдук кабылдаманын ачылышын жактагандар көп. Айрыкча үндөрү тиешелүү органдарга жетпей жүргөндөр эми жаңы ачылган коомдук кабылдаманын эшигин тындырыша элек.

ШЕЙШЕКАН ЖАНАЛИЕВА, ЫСЫК-КӨЛ

08-март, 2013-жыл, №09