Акыркы макалалар

Таластын эли «Жерүй» боюнча комиссиясынын мүчөлөрү менен жолукту

Талас шаарынын музыкалык мектебинде Талас областынын жарандары «Жерүй» боюнча мамлекеттик комиссиясынын мүчөлөрү менен жолукту.

Жолугушууга комиссиянын өкүлдөрү Темир Сариев, Сабыр Атаханов, Осмон Артыкпаев жана башка атайын адистер келди.

Комиссиянын төрагасы, КРнын Экономика министри Темир Сариев «Кумтөр» боюнча кандай кемчиликтер жана сунуштар берилгенине токтолуп маалымат берди : ««Жерүй» буга чейин 4 жолу уруксат кагазын алган, эч кандай акыйкаттык жок кээ бир жетекчилердин кызыкчылыгы менен иштеген. Ошондуктан биз алгач компания иштегендеги биринчи төлөмдөрү чоң болууну сунуш кылдык. Экологияга таасирин тийгизбешин жана жарандардын көпчүлүк пайызы жергиликтүү адамдар иштөөсүн талап кылып жатабыз»,-деп билдирди. Чогулгандар бул маселеге дагы кайрылышаарын айтып, ар түрдүү пикирин билдиришти.

ЖЕҢИШГҮЛ ТОГОЛОКОВА, ТАЛАС

08-март, 2013-жыл, №09