Акыркы макалалар

Issyknews. Ысык-Көлдө КТРКнын ишин жакшыртуу үчүн Байкоочу кеңеши коомчулук менен жолугушуу өткөрөт

КТРКнын байкоочу кеңеши, ар бир облустун борборунда жолугушуларды ноябрь, декабрь айларында өткөрөт. Ал эми Караколдо 1-ноябрда жаштар арасында жолугушуу болмокчу. Иш чаранын максаты коомдук телерадио берүү корпорациясы менен көрөрмандарынын ортосунда так жана эффективдүү карым-катнашты түзүү болуп эсептелинет.

Учурда облустун бийлик өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери жана жаштар, 40тай адам жолугушууга катышаары күтүлүүдө.

Иш чараны Интерньюс-Нетуорктун Кыргызыстандагы өкүлчүлүг менен кызматташтыкта КТРКны реформалоо долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Мындай жолугушуулар КТРКнын аудиториясы менен байланышуусунун башка түрлөрүнөн тышкары, кайталанучулук негизде өткөрүлүп турмакчы.