Акыркы макалалар

Борончу КУДАЙБЕРГЕНОВ, куудул: «Чымкоргондуктардан таяк жеп, конокко барып, алданып калганбыз»

Борончу КУДАЙБЕРГЕНОВ, куудул: «Чымкоргондуктардан таяк жеп, конокко барып, алданып калганбыз»

- Илгери Чубак Сатаев экөөбүз бирге иштечүбүз. Мен анын «Рафик» машинасын айдачумун. Машинанын капталына Чубак Сатаев деп жазып алар эле. А кезде ушул машине менен соодагерлер айылдарды көп кыдырып, ар нерселерди сатышчу. Бир күнү «Рафикти» айдап бир айылда кетип бара жатканбыз, бир маалда алыс жактан бир апа колун шилтеп эле кыйкырып келе жатат. Чубак: «Эмне болуп кетти экен? Токточу!» деп калды. Мен да бир нерсе болуп кеттиби деп токтосок эле, «Айланайындар! Айланайындар, мага да керек эле. Мага да таштап кеткиле!» деп калды. Анда мен, «Ээ апа, эмнени таштап кетели?» десем, «Чай керек эле» дейт. Анда биз күлүп эле «биз чай сатпайбыз» десек, «ой, чай сатабыз» деп жазып алыптырсыңар го» деп жатпайбы. Көрсө, ал апа Чубак Сатаев деген жазууну чай сатылат деп окуган экен (күлүп).

Негизинен Чымкоргон айылы десе эле көптөр жиндикана деп ойлошот окшойт. Эсимде, бир жолу ошол айылга концерт уюштуруп, кечинде администраторубузду айылды аралап элди концертке чакырып кел деп жибербейбизби. Анан ал жаңы иштеп жүргөн бала айылды кыдырып «Урматтуу Жиндикана айылынын тургундары, концертке келгиле» деп кыйкырган экен. Жолдон айылдын топ балдары кармап алышып «Бул жер сага жиндикана болуп кеттиби?» деп сабашкан тура (күлүп).

Дагы бир жолу кайсы бир айылда концерт берип жүрсөк, бир жигит шыпылдап келип эле «Үйгө конокко баргыла, ата-энем да күтүп атат» дегенинен «макул» деп тиги баланы салып алып кийинки айылга бет алдык. Барып эле бир үйдүн алдына токтогондон кийин тиги жигит «азыр» деп үйгө кирип кетти. Биз бир сааттай күтүп туруп, акыры бир балабызды «барып карачы» дедик, көрсө, ал үйдө эч ким жашабайт экен. Ал жигит бизди жөн эле алдап, өзүнүн айылына жеткиртип алган экен (күлүп). Эми, «Бир көргөндү хан көрбөйт, бир көргөндү ит көрбөйт» болуп кээде шатыра-шатман болуп, кээде алданып да калган учурларыбыз көп эле болот.

Кымбат Турдубекова

Түп нускага шилтеме : pk.journalist.kg