Акыркы макалалар

"Кыргызстан Обондору" түз эфирге чыгуу боюнча жаңы рекорд коюуга камданууда

"Кыргызстан Обондору" түз эфирге чыгуу боюнча жаңы рекорд коюуга камданууда

"Кыргызстан Обондору" өлкөдө буга чейин ишке ашырыла элек акция баштады. Радиостанция Кыргызстандын тарыхындагы эң узак түз эфир боюнча рекорд коюуга ниеттенип жатат. Бул тууралуу аталган радиодон Рахат Макеева билдирди.

"Бул үчүн 24-апрелде саат 18.00дө ди-джейлер - Улук Сапаров, Дария Санташева жана Азат Муратов 61 сааттык биринчиликти багындырууну баштайт. Рекорддун ачык-айкын өтүп жатышын онлайн режиминде Youtube видео порталындагы "Кыргызстан Обондорунун" расмий каналынан көз салууга болот. Мындан тышкары, obondoru.kg сайтынан фото-репортаж жүргүзүлөт. Улуттук рекорд ишке ашуусу үчүн ди-джейлер түз эфирде 27-апрель 7.00гө чейин болушу керек",-деп маалымдашты "Кыргызстан Обондорунан".

"Кыргызстан Обондорунун" ди-джейлеринин демине дем, күчүнө күч кошуу үчүн атайын меймандар келмекчи. Акцияны эстрада жылдыздары, ар түрдүү тармактагы Кыргызстандын рекордчулары жана башка атактуу инсандар колдоого ниеттенип жатат. Белгилей кетчү нерсе, иш-чара алдында ди-джейлер медициналык кароодон өтүшкөн. Анын ичинде, болочок рекордчуларды невропатолог, кардиолог жана психолог текшерди. Уюштуруучулардын билдирүүсүндө, акциянын катышуучулары тамак-аш менен камсыз болушат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg