Акыркы макалалар

Түп районунда маңзат катылган жашыруун жай табылды

Түп районунда маңзат катылган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрдө милиция кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Түп районунан маңзат катылган жашыруун жайды табышкан. Ал жерден сатыкка даярдалган 32 кг марихуана табылган.

Маңзат 47 жаштагы жергиликтүү тургунга таандык болгон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg