Акыркы макалалар

Аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан 30 тонна цементти кармалды

Чек арачылар аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан 30 тонна цементти кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

16-апрелде Баткен облусунун Лейлек районунун Ленин аймагынан чек арачылар, аткезчилик жол менен кыргыз-тажик чек арасынан 30 тонна цементти алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармашкан.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында "Мерседес" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан Кыргызстандан Тажикстанды көздөй ташылып бара жаткан 30 тонна цемент кармалган.

Анын жалпы суммасы 200 000 сомду түзгөн. Тиешелүү документтер толтурулган соң жүк Бажы кызматына өткөрүлүп берилди",- деп жазылат маалыматта.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg