Акыркы макалалар

Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылынан кутурма чыгып, карантин киргизилди

Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылынан кутурма чыгып, карантин киргизилди

Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылында мал тиштеген түлкүдөн кутурма дарты табылды. Анын денеси ветеринардык эреже менен жок кылынды.

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында малды тиштеген түлкүдөн кутурма дарты аныкталып, карантин киргизилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылында жергиликтүү тургундардын бир музоосун жана коюн 9-апрелде түлкү иштеп, арткы буттарын жаракат алган. Түлкү өлтүрүлүп, анын башы 10-апрелде Бишкек шаарындагы Республикалык мамлекеттик ветеринардык дарт аныктоо жана эскпертизациялоо борборуна кутурмага текшерүү үчүн жөнөтүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгы 13-апрелде чыгып, түлкүнүн баш мээсинен кутурма оорусунун козгогучу аныкталган.

Оорунун үй жандыктары арасында жайылбоосу үчүн Жаңы-Тилек айылындагы иттерди каттоого алып, айыл аймагы боюнча кутурма оорусуна каршы 92 ит алдын ала эмдөөлөрдөн өткөрүлдү.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен Ак-Чий айыл аймагына Кутурма ылаңына каршы карантин киргизилди. Иликтеп байкоонун негизинде жугуштуу оорунун жайылуу белгилери жок.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg