Акыркы макалалар

Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Дженго кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери крим чөйрөдө Дженго деп аталган каймана аты менен белгилүү болгон криматалык Кадыр Досоновду кармашты. Бул тууралуу аталган ведомстводон маалымдашты.

Бул маалыматка таянсак, кечээ 16-апрелде УКМКнын ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 1971-жылы туулган издөөдө жүргөн Досонов кармалган.

Эскерте кетсек, Досоновго карата Ош областтык прокуратурасы тарабынан "киши өлтүрүү", " укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата күч колдонуу", "кылмышка катышуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган адам Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү. Биринчи жолу ал укук коргоо органдары тарабынан 2011-жылы криминал менен күрөшүү боюнча бийликтин иш-аракеттеринин алкагында издөөгө алынган. Ага карата каракчылык, баңгизатын сатуу жана адам уурдоо боюнча айып тагылган. Бир жылдан соң 2012-жылы ал Тажикстанда кармалган жана Кыргызстанга экстрадицияланган. Бирок шаардык сот аны актап чыккан.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg