Акыркы макалалар

Электр энергиясынын баасын көтөрүү токтотулду

Кыргызстанда апрель айына пландалган электр энергиясынын баасын көтөрүү маселеси белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов билдирди. Анын айтымында, мартта жаңы төлөм саясаты киргизилээри талкууланып жаткан.“Бирок Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошо турган Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясы кырдаалды өзгөрттү. Бул документте Кара-Кечеге жылуулук электр борбору куруу боюнча да пландар бар. Ошондуктан булардын баары баа саясатына таасир тийгизет. Биз аны кайра карап чыгабыз. Андан соң талкууга коебуз”- деди министр.

Белгилей кетсек, буга чейин электр энергиясына болгон бааны 10 пайызга кымбаттай турганы айтылып келген. Учурда электр энергиясынын баасы карапайым керектөөчүлөр үчүн 1 кВтына 72 тыйындан, өнөр жай жана соода тармактары үчүн 1 сом 50 тыйындан сатылат.

Кабар борбору

1-март, 2013-жыл,№08