Акыркы макалалар

"Дүйнө сулуусу-2014"түн катышуучусу Айкөл Аликжанова моделдер мектебин ачты

Кыргызстандын атынан "Дүйнө сулуусу-2014" сулуулук конкурсуна катышкан Айкол Аликжанова Моделдер мектебин ачты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Эскерте кетсек Аликжанова "Дүйнө сулуусу-2014" сынагында эң алдыңкы 25 моделин катарына кирген. Баардыгы болуп конкурска 125 кыз катышкан. Лондонго бара турган маалда моделдин каражаты жетишпей барбай калуу коркунучу дагы пайда болгон. Ноябрь айында Аликжанова басма сөз жыйынын берип, ага 16 миңдей доллар каражатты чогултууга көмөк сураган-"Дүйнө мисси-2014" сынагына ушул суммадагы каражат керек болгон.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg