Акыркы макалалар

УМБРИЭЛЬ ТЕМИРАЛИЕВ: ИНВЕСТОР МЕНЕН ИШТЕГИСИ КЕЛГЕН ИШКЕР ИНВЕСТИЦИЯНЫН ТИЛИН ҮЙРӨНҮШ КЕРЕК

УМБРИЭЛЬ ТЕМИРАЛИЕВ: ИНВЕСТОР МЕНЕН ИШТЕГИСИ КЕЛГЕН ИШКЕР ИНВЕСТИЦИЯНЫН ТИЛИН ҮЙРӨНҮШ КЕРЕК

Тредстоун Кэпитал Партнерс компаниясынын башкаруучусу Умбриэль Темиралиев ички бизнесмендер канткенде ѳз бизнесине сырттан инвестиция тарта ала тургандыгы боюнча Capitalдын суроолоруна жооп берди.

- Инвестицияны тартуу боюнча акыркы талкууларда биз көнүп калган; саясый стабилдүүлүк, жеке мүлккө кепилдиктин жоктугу сыяктуу маселелер сөзгө алынбай, бизнестин өзүнүн ички көйгөйлөрүнө көңүл бөлүндү. Мындан улам, бул тышкы инвесторду тартуу мүмкүнчүлүгү аз болгондуктан, ишкерлер ички каржыга, жергиликтүү инвесторлорго басым жасоого өттүбү деген ой туулат...

- Албетте, биздин өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугу төмөн. Адегенде эле бизнес жүргүзүү жаатындагы дүйнөлүк рейтинги жок. Жемкорлукту жоюу керек, соттордо, каржылоо жаатында кыйынчылыктар бар.Эми жокту айта берсек, ийин куушуруп, колду жайып олтура беребиз. Андан көрө колдон келген нерсени, жоктун ордуна барды коюп, алдыга жыла бериш керек. Биздин колдо ишкана, адистер жана өнөктөштөр бар. Ошолор менен иштөө керек. Менимче, азыр бизнес чөйрө так ушуну түшүнүп жаткандай. Ошол эле учурда ишкерлерибиз инвесторду тартууга эч бир аракет жумшабай, ал асмандан түшө турган кишидей, же мамлекет алып келип колуна карматып бере тургандай күтүп олтура беришет.

Инвестордун дагы эки түрү бар: стратегиялык жана финансалык инвестор. Стратегиялык бир долбоорду сатып алып, аны чогуу иштетет. Ал эми каржы инвестору чөнтөгүнөн акча алып чыгып, аны бир компанияга берет. Эң башкы максаты - акчасын кирешеси менен кайра кайтаруу.

Биздин бизнестин көйгөйү инвестор экөөнүн ортосундагы көпүрөнүн жоктугу болуп жатат. Ишкер максатын сөз менен айтып түшүндүрүп, керектүү кагаздар менен далилдеп бериш керек. Албетте, инвестициянын өзүнүн тили бар. Ал акчанын, бизнестин тили. Тилекке каршы биздин кээ бир ишкерлер өзүнүн башкы максатын түшүнбөйт. Акча таап, алып келем деп жолго чыгааардан мурда, мага канча каражат керек? Өзүмдү канчага баалап жатам? Анан инвестор эмнени каалайт? Чогуу иштеп, кантип каражат табаарын түшүнүш керек.

- Умбриэль мырза, инвесторлор менен ишкерлердин ортосунда көпүрө жоктугун айтып өттүңүз. Сиздер негиздеп, иштетип жаткан “Кенч казына” фондду так ушул көпүрө болуу максатын көздөйт экен. Жергиликтүү ишкерлер канчалык инвестордун талаптарын аткарып иштөөгө даяр?

- «Кенч казына» фонду Кыргызстанда топтолуп, туруп калган каражатты ишке киргизүү үчүн иштеп жатат. Батышта мындай компаниялар инвесторлорду таап, алып келип, ортодогу сүйлѳшүүнүн жүрүшүнѳ катышат. Инвестиционный банкир деген да түшүнүк бар. Банкир десе, “анын ѳзүнүн банкы бар экен, акча берет экен”-деп түшүнөт. Ал инвесторлор боюнча маалыматтар, байланышууга мүмкүнчүлүгү бар ортомчу. Инвесторду алар колунан жетелеп келип, ишкер менен, долбоор менен тааныштырып, иштин башынан аягына чейин коштоп жүрѳт. Бизде келген инвестордун колуна кагаз берип, калганын ѳзүн эл менен барып ѳзүң сүйлѳш деп коебуз. Мындан улам, кээ бир долбоорлор башталбай жатып, жабылат. Инвестицияны салууга эле алты айдан бир жылга чейинки мѳѳнѳт керек. Анын дагы жол-жобосу бар.

- Негизинен чет элдик инвесторго жеке сунуш менен барып инвестицияга тартуу мүмкүнбү? Же ал бизнес долбоордон мурда, жалпы өлкөдөгү жагдайга карайбы? Деги инвестор кандай шарттарды коет?

- Инвестор каржылоо алдында эң биринчи кезекте мамлекеттеги жалпы саясый ахыбалды карайт. Ал мамлекетке кирсе болобу? Эртең төңкөрүш болуп, кырдаал өзгөрүп кетпейби? Активдерди алып койбойбу? Мына Венесуэле, Мехсика, Казакстанда, Өзбекстанда, Кыргызстанда дагы буга чейин эки президент кезинде бизнесин тартып алган учурлар болуп келкен.

Экинчиден каржылана турган компанияны, долбоорду карайт. Ошондой эле, алар иштеше турган адамга ишениш керек. Бүгүн таанышсак, эртең эле акчаны колго кармата койбойт да. Андан ары, инвестициялоо алдындагы анализ жүргүзүлѳт. Анда консультанттар бизнестин отчеттуулугун, аудитин карап чыгат. Сатылгандан кийин, киреше ушул бойдон калабы? Чыгаша кѳбѳйүп кетпейби? –деген суроолор коюулат. Себеби, балким ал адам сатып туруп качып кетүүнү көздөйт.

Үчүнчүдөн, бизнестин атаандаштык ѳзгѳчѳлүгү каралат. Мисалы, «Кока-Коланын» белгилүү марка экендиги маалым. Себеби, бизнес долбоор болгондон кийин ал атаандаштыкка туруштук берип, эгер кокус инвестор кайра кете турган болсо, сатып кете ала тургандай болуш керек.

-Кайсы тармактагы, же мамлекеттин инвесторлору менен иштөө өлкөгө пайдалуу?

-Бизге азырынча профессионалдуу инвестор келген жок. Туркия менен Орусиядан жөнөкөй ишкерлер келип жатат. Эгер биз өлкөнүн кадыр-баркын көтөрөбүз десек, так мына ушундай инвестициялык компанияларды тартышыбыз керек. Мен дүйнөлүк ири инвестициялык компанияларды эмес, жакынкы Орусиядагы Russion Partner дагы бизге келбейт. Себеби алардын бекем припциптери бар. Албетте, бизге келүүнү каалаган бизнесмендер жок эмес. Алар Кыргызстанда иштеп пайда табууга болоорун түшүнөт. Ал эми жемкорлук Африкада деле бар.

- Кыргызстанда бизнестин дагы өзүнүн өзгөчөлүгү бар: ачык айкындуулуктун жоктугу, акчалардын агымы, салыктан качуу жана башка. Ушул терс кѳрүнүштѳрдү бир-эки ишкана акырындап жоюп, цивилизация жолу менен иштеп башташ керекпи, же дагы эле саясый системанын ѳзгѳрүшүн күтѳбүзбү?

- Албетте, качан жашоо өзгөрөт деп күтүп олтуруу туура эмес. Мисалы, сүтүн начар болсо, каймак өзүнөн өзү жакшы болуп калбайт да. Ал үчүн сүттү жакшыртыш керек.

Мен өз тажрыйбамдан мисал келтирейин. Москвада иштеп жүргөндө фонд аркылуу бир компания сатып алмакпыз. Эми Кыргызстандын деңгээлине чоң эле акча болчу. Атайын барып, башкы эсепчиси менен сүйлөшүп баштадым.Мени бир жооптун экинчиге дал келбегени абдан таң калтырды. Андан компьютерди өчүрүп кайра күйгүзүүсүн сурандым. Ошондо 11-база дегендин төрт варианты бар экени билинди. Бул компания көп насыя алып алган, ар бир банк үчүн өзүнчө отчет түзүлгөн. Ишканын обороту чоң, кирешеси чоң, аны жашырат. Ушундай компанияларга кабылган инвесторлор албетте чочуп калат.

Биздин фонддун алкагында азыр эки компания бар. Бири агросектор тармагында иштейт. Буга чейин алар жашырып иштеген жагдайлары болгон деген ой бар. Азыр болсо, кирешесин так көрсөтүп, аудиттон өтүп, ачык иш алып барууда. Себеби, кокус биз менен иштеше албаса, колундагы ачык, так отчеттуулук менен башка каржы институттары менен иштешип кете алат. Негизинен бизнес чөйрөсүндө аң сезимдин алмашуусу жүрүүдө. Эми баарында болбосо дагы, кээ бирине жаш жетекчилер келип, иш алып барууну жаңылоодо.

Түп нускага шилтеме : capital.kg