Акыркы макалалар

АСКЕРГЕ ЧАКЫРЫЛГАН БАЛДАР КАНДАЙ ЭЛЕКТЕН ӨТҮҮДӨ... ЖЕ АСКЕРДЕГИ СУИЦИДДИ КАНТИП ТОКТОТОБУЗ?

АСКЕРГЕ ЧАКЫРЫЛГАН БАЛДАР КАНДАЙ ЭЛЕКТЕН ӨТҮҮДӨ... ЖЕ АСКЕРДЕГИ  СУИЦИДДИ КАНТИП ТОКТОТОБУЗ?

Акыркы кездерде аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан жоокерлердин өз өмүрүн кыйган, же тескерисинче өз командирлерине кол салган, алардын өмүрүн кыйып, жарадар кылган учурлар көп кездешүүдө. Бул көйгөйлүү маселенин себебин издөө, азайтуу жана таптакыр эле жок кылуу бүгүнкү күндүн башкы талабы болууда.

Өкмөт көңүл бурууда, бирок натыйжа жок...

Аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөөдөгү кыйынчылыктар, аскерге чакыруудагы көйгөйлөр Нарын шаарында өткөн «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын, Коргоо министрлигинин, Улуттук гвардиясынын жана мамлекеттик чек ара кызматкерлеринин аскер бөлүктөрүндө жана мекемелериндеги аскер кызматындагыларга багытталган коркунучтарды жана тобокелчиликтерди азайтуу жана жок кылуу» аттуу тегерек үстөлдө кеңири талкууга алынды.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык Штабынын аскерлер кызматы жана аскер кызматынын коопсуздук башкармалыгынын башчысы полковник Бердибек Асановдун айтуусу боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу быйылкы жылы куралдуу күчтөрдүн арасындагы терс көрүнүштөр көбөйгөн. Ошондуктан, бул маселени коомчулукка алып чыгып, талкууга алып, чечүү жолдорун издөө учур талабы.

- Бул тегерек үстөл Генералдык штабдын демилгеси менен өтүп жатат. Иш чаранын эң башкы максаты- жергиликтүү бийликтин, коомдук эмес уюмдардын, аскер кызматынын өкүлдөрүнүн башын кошуп сүйлөшүп, талкууга алып, чечүү жолдорун издөө менен аскер кызматындагы терс көрүнүштөрдү алдын алуу жана болтурбоо. Мындан сырткары, жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланышта иш алып баруу жагын колго алуу-дейт Б.Асанов.

Республикалык жоокерлердин энелеринин комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатованын ою боюнча региондордо көбүн эсе психолог, невролог жана башка дарыгерлердин жетишсиздигинен аскерге чакырылган балдардын психикасы кылдат текшерилбейт. Ал эми ал жоокер эртең барып колуна курал алып, ошол курал менен бирөөнү атып салаары жөнүндө эч ким ойлонбойт.

- 10-11-класстардын окуучуларын тез-тез аскердик бөлүктөргө алып барып, алардын турмушу, кызматы, курал-жарактар, аскердик техника менен тааныштырып туруу жакшы натыйжа берет. Азыркы учурда өз жанын өзү кыюу маселеси көйгөй болуп калууда, бир жагынан алып караганда, мурунку жылдарга салыштырмалуу тартип бузган жоокерлер жокко эсе. 90-жылдары Армияда тамак-аш, кийим кече жетишпегендиктен дизбатта 600 дөн бала болсо, азыр реформа жүрүп, аскер бөлүктөрүнүн шарты кыйла жакшырган үчүн дизбатта болгону 6-7 бала бар. Бул Армиянын жакшырып баратканын билдирет,-дейт У.Байгубатова.

Учурда Армияга кызмат өтөөгө психикасы таза балдарды гана чакыруу керектигин баса белгилеген төрайым ата-энелер бул маселеге тыкыр мамиле кылып, балдарынын оорусу болсо комиссияга кайрылып, билдиришип, өнөкөт оорусу бар балдарды аскерден алып калганга аракет көрүлөөрү керектигин, эгерде военкомдор укпаса, жоокерлердин энелеринин комитетине кайрылууларын баса белгиледи. Дегенибиз менен У.Байгубатованын айтуусу боюнча бүгүнкү күндө баласынын оорусун билип туруп, «Армияга барганда дарылашсын» деп аскерге жиберип койгон ата-энелер да жок эмес. Алсак, Талас облусунан өзү дарыгер болуп туруп кургак учук менен ооруган баласын аскерге жиберип койгон болсо, Ак-Талаа районунан боорунан эки жолу операция болгон баласын аскерге жиберип коюшкандыктан учурда ал жоокер үчүнчү жолу операция болуп, катуу абалда госпиталда. Ал эми Балыкчыга дагы бир улан эпилепсия оорусу менен аскер кызматына чакырылган. Санап олтурсак, андай мисалдар көп. Мындай учурда, ден соолугунда же психикасында маселе бар балдар аскерде жүрүп кырсыкка кабылышса жоопкерчиликке кимди тартуу керек деген суроо туулбай койбойт.

Медициналык кароо чала жүргүзүлүүдө

«Кылым шамы» коомдук фондунун директору Азиза Абдрасулованын айтуусунда бүгүнкү күндө аскерде жүрүп өзүнүн жанын өзү кыйган же кырсыктан каза болгон балдар үчүн көпчүлүк учурда эч ким жоопко тартылбайт жана ата-энелерине эч кандай компенсация төлөнүп берилбейт. Аскерде жалаң гана психикасы бузулган же оорукчан балдар суицидке барууда деп айтуу да туура эмес. Көпчүлүк учурда жоокердин суицидке же кайсы бир кылмышка баруусуна аскердеги «дедовшина»-басмырлоо, уруп- сабоо, акча өндүрүү сыяктуу көптөгөн терс факторлор өбөлгө болсо, экинчиден жоокердин ден соолугунун начардыгы, алсыздыгы, чыдамкайсыздыгынан сырткары патриоттук тарбиясынын жоктугу да өбөлгө болууда. Укук коргоочунун айтымында учурда аскер бөлүктөрүндөгү шарттар бардык жерде эле бирдей эмес, өлкөбүздөгү аскер бөлүктөрү да бир типтүү эмес. Айрыкча, түштүктүн алыскы чек араларында орун алган заставалар эң начар шартта. Ала-Бука менен Нарындын чек ара бөлүктөрүн салыштырып да болбойт.

- «Ооруну жашырсаң-өлүмгө ашкере» демекчи, армиядагы абал жөнүндө бүгүн ачуу болсо да ачык сөз болушу керек. Сыртынан байкалбаганы менен учурда Кыргызстандын Армиясында чоң көйгөй бар. Изилдей келсек, акыркы үч жылда Кыргызстандын армиясындагы бейкүнөө өлүм боюнча 50 факты катталыптыр. Акыркы 2014-жылы эле армияда өлгөн балдардын саны 12ни түзсө, алардын 7си суицид экен. Армияда бүгүнкү күндө психологдор дээрлик жокко эсе. Армияга кызмат өтөгөн балдар кантип электен өтүп атканына көңүл бурулбайт. Ошондуктан, жергиликтүү бийлик, жарандык коомдун өкүлдөрү аскерге чакыруу процессине көңүл буруу зарылчылыгы бар. Медициналык кароо чала жүргүзүлөт, себеби, бардык эле региондордо дарыгерлер жетишсиз-дейт укук коргоочу.

Азиза Абдрасулова айтмакчы, учурда бардык эле аймактарда дарыгерлер жетишсиз. Мындан улам, аскердик медициналык комиссия психологсуз, невропатологсуз, УЗИ, рентген аппараттарынан өткөрбөй туруп эле тандоо жүргүзөт. Укук коргоочунун айтуусу боюнча бүгүнкү күндө аскерде кызмат өтөп жаткандардын 80 пайызын жакыр үй-бүлөлөрдүн, 20 пайызын мугалим, дарыгерлердин балдары түзөт. Ал эми колунда бар, жогорку кызматтарда иштеген ата-энелердин балдарын Армияда таптакыр эле кездештире албайсың.

Ата-эненин да, жергиликтүү бийликтин да жоопкерчилигин күчөтүү керек

Тегерек үстөлдө билдирүү жасаган аскер комиссарлары аскерге чакыруу жаатында көйгөйлүү маселе көп экенин, миграцияга кеткен же аскерге кызмат өтөөнү каалабаган балдар менен иш алып баруу кыйынга туруп атканын, альтернативдик кызмат өтөгөндөр убагында акча төлөбөй жатышканын, аскерге чакырылган балдардын дээрлик көпчүлүгүнүн ден соолугу начар экендигин, мурунку жылдары облустан дарыгерлер келип медициналык кароодон өткөрүшсө, учурда андай практика жок экенин, медициналык кароо сапатсыз жүргүзүлүп жатканын баса айтышты. Тегерек үстөлдө медициналык комиссияны уюштуруп берүүчү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул ишти тиешелүү деңгээлде аткарбай жатканын да баса белгилешти.

Ат-Башы районунун аскер комиссары Каныбек Ашырбековдун билдирүүсү боюнча учурда айыл өкмөттөрдөгү аскердик каттоо кызматкерлери (ВУС) аскер комиссариаттары, ата-энелер менен тыкыз иш жүргүзө албай келишет. Мунун бир себеби, аскердик каттоо кызматкерлерин айыл өкмөт башчылары өз жумуштарына аралаштырып, айыл чарба жумуштарына тартып кетип жаткандыгында. Мектептердеги аскердик тарбия боюнча сабак берген мугалимдердин көпчүлүгүнүн атайын билими жок. Жаштарга патриоттук тарбия берүү боюнча жалпы эле республикада системалуу иш жүрбөйт. У.Байгубатованын ою боюнча да балдарды бир жылда аскердик тарбияга үйрөтүүгө болот деген ой туура эмес. Ошондуктан мектеп жашынан баштап эле балдардын патриоттук сезимин ойготуп, аскерге даярдык жүргүзүү зарыл.

Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнүн аскердик каттоо столунун башчысынын айтуусунда баласынан тажап, «аскерге алып кетчи» деп өздөрү кайрылган ата-энелер да жок эмес. Алардын айрымдары баласы чындап эле аскерден токтолуп, тарбия алып келсин десе, айрымдары өз баласын тартиптей же бага албай калганынан да кайрылышат. Алардын көпчүлүгү баласынын оюнда эмне бар экенин мындай кой, баласынын эмне оорусу бар экенин билишпейт. Ошондуктан, аскерге чакыраардагы дарыгердин 5-10 мүнөт кароосу мындайда маселени чече койбойт. Балдардын патриоттук сезимин күчөтүүдө, тарбиялоодо, алардын ден соолугун чыңдоодо, дарылоодо ата-эненин ролу зор болгондуктан алардын жооперчилигин күчөтүү талапка ылайык.