Акыркы макалалар

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ САЛТТУУ ИСЛАМДЫ ИЛГЕРИЛЕТҮҮДӨ МАМЛЕКЕТТИК САЯСАТТЫ ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ТЕҢИР-ТОО ЭЛИНИН ҮНДӨӨСҮ!

Урматтуу кыргызстандыктар!

1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын көз каранды эместиги жөнүндө Декларациясы менен 1993-жылдын 5-майында биринчи жолу эгемендүү мамлекеттин Конституциясы кабыл алынгандыгы бардыгыбызга белгилүү. Натыйжада мамлекеттик иш-чаралардын катарында көп улуттуу калкыбызга дин эркиндиги берилген. Ошол жылдан ушул 2015-жылга чейинки узак мезгил ичинде Кыргыз Республикасы дин таануу жана диний билим алуу боюнча көп изденүүнү башынан өткөрүүдө.

Атуулдарыбыз дин эркиндигин ар кандай түшүнүк менен кабыл алды. Республикада жок билимдерди кабыл алабыз деген ишенич менен алыс-жакынкы ар кайсы чет өлкөлөргө чыгып, ар кыл диний билимдерге ээ болуп, ал өлкөлөрдүн биздин каада-салт, үрп-адаттарыбызга шайкеш келбеген көрүнүштөрүн дагы кошо ала келишүүдө. Өлкөдөгү башка диний агымдарды жана кыймылдарды айтпаганда эле Ислам дининин ичиндеги келбетине, кийимине, сыйынуу атрибуттарына жана акыйдасына карата бөлүнүп-жарылуусуна дээрлик ошол сырттан келген диний тайпалардын диний пикирлери жана көз караштары себепкер десек болот. Мындай диний кырдаалдын өлкөдө курчугандыгынын негизинде өлкө башчысы «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын» кабыл алган Жарлыкка кол койгон.

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жогоруда аталган чечимдерден келип чыккан милдеттерди аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы менен биргеликте өздөрүнүн практикалык иштерин конфессиялар аралык ынтымакты жана диний сабырдуулукту бекемдөөгө багыттоо боюнча өз ара жигердүү аракеттенүүсүн сунуш кылды. Ошондой эле бул чечимде республиканын аймагында эчен кылымдардан бери практикаланып келген ислам дининин кыргыз маданияты менен айкалышып келгендиги, үрп-адатыбыз менен кынтыксыз гармонияда жашагандыгы эске алынды. Кыргызстанга салттуу исламды, башкача айтканда, исламдагы ханафий масхабды жана матуридий акыйдасынын негиздерин кеңири жайылтуу алдыңкы маселелерден болуп каралган. Ушул багытта Кыргызстандын баардык аймактарында ислам дининин баалуулуктарын жеткирүү иш-чаралары өткөрүлүүдө. Ал эми ислам динине туура келбеген көрүнүштөрдү жоюу максатында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Тарыхыбызга кайрылсак, исламдын Кыргызстанга алгачкы таралышы, Борбордук Азияда жайылыш процесси узакка созулуп, башталышы 7-кылымдын экинчи жарымындагы Умавий халифатынын дооруна (660-750) таандык. Бул мезгилде ислам Борбордук Азиянын түштүк аймактарында отурукташкан элдердин ортосунда кеңири кулач жайган.

Ал эми карт тарыхта жазылгандай, Кыргызстанга исламдын алгачкы ирет келиши 751-жылы Таластагы мусулмандар менен кытайлардын ортосундагы болгон согуш окуялары менен байланыштырылат. Ошондой эле 9-кылымда Борбор Азияда бийлик жүргүзгөн Саманиддердин жортуулдарынын натыйжасында ислам Кыргызстанда жашаган түрк урууларынын ортосунда жайыла баштагандыгын белгилейт.

10-12-кылымдарда Кашкар, Ате-Башы, Нарын, Кочкор-Башы, Барскоон, Баласагын, Ташкент, Букар шаарларын борбор кылып турган теңиртоолук жергиликтүү кара кыргыздар Карахан мамлекетин түзүп жетектейт. Бул экономикасы менен маданияты гүлдөп өскөн өлкөнүн биринчи мусулман башкаруучусу Сатук-Буура Кара каган, ал 943-жылы исламды кабыл алып Абдулкарим ысымын алган. Бул улуу тарыхый инсандын атынан азыркы Кошой-Коргон (Ате-Башы) шаарынын калдыгы турган жердеги сазды жергиликтүүлөр «Буура хандын сазы» деп атап келишет. Ал эми анын уулу Муса Байташ 955-жылы ислам динин каганаттын ырасмий дини кылып жарыялайт. Карахандардын тез күч алышы менен ислам дини жайылып, чыгыш Түркстан менен батыш Түркстанды бириктирген зор аймактардагы түрк урууларына жайылат. Андыктан ата-бабаларыбыз кабыл алып карманып келген ислам динин туура түшүнүп, кабыл алуу менен кийинки муунга жеткилең жеткирүү мезгил талабы.

Ар кайсы диний уюмдардын, агымдардын жеке кызыкчылыктарды көздөгөн ой максаттарына кошулбай өлкөбүздүн коопсуздугун, өнүгүүсүн камсыз кылуу Кыргызстанда жашаган ар бир жарандын вазийпасы.

Кээ бир учурларда дүйнөлүк коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөр көбөйүп, арамды адал, жакшыны жаман деп, акылга сыйбаган нерселер адатка айланууда.Көпчүлүк ата-энелер тиричиликтин айынан чет өлкөлөргө кетип жашы жетелек өспүрүмдөрдү ага-туугандарына калтырып жатышат. Дал ушул аманат калган жаш бөбөктөр зордук-зомбулукка учурап, коомчулуктун тынчсыздануусун жаратууда. Ал эми адам баласынын табиятына туура келбеген эркек менен эркектин, аял менен аялдын үйлөнүүсү үрөйдү учуруп, динибиздеги каада-салтыбыз менен үрп-адатыбыздын жоголушуна түрткү берет. Алдыда мамлекетибиздин коррупциядан арылышына карата жана өлкөбүздүн экономикасы менен маданияты күчтүү болушу үчүн таалим-тарбия, адеп-ахлак ыймандуулук иштерин терең жайылтуу зарылчылыгы турат.

Ырас, эгемендүүлүктү алган жылдан бери калкыбызга дин тутуу эркиндиги берилип, өлкөбүздө мусулмандардын саны көбөйүүдө.Ыйман жолуна багыт берген мечит, медреселер, ислам окуу жайларынын саны өсүп элибизди ыймандуулукка, аруулукка чакырууда чоң салымын кошуп келе жатат. Республиканын облустук борборлорунда диний кайрымдуулук фонддору ачылууда. Таза суу чыкпаган көчөлөргө суу түтүктөрү орнотулуп, айылдардагы атуулдарга биринчи медициналык жардамдарды көрсөтүү үчүн ФАПтарды, билим берүү үчүн мектептерди, тарбия берүү үчүн бала бакчаларды ишке киргизип, ата-энесинен айрылган балдарга камкордук көрүү колго алынууда. Ошол эле мезгилде жогорку жана орто окуу жайларына «дин таануу жана диний билим берүү» сабактары киргизилсе диний маалыматтары аз жаш муундар диний адашууларга барбайт эле.

Урматтуу мекендештер!

2014-жылдын 14-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин №203 Жарлыгы менен бекитилген «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын» ишке ашырууда салттуу ислам динин тутунуу менен Имам Азам Абу Ханифа Масхабын (жолун) карманууга Нарын облусунун жалпы мусулмандарын чакырабыз.

Облустук симпозиумдун чакырыктары менен талаптары жалпы облустун аймагында колдоого алынат деген ишеничтебиз!