Акыркы макалалар

Диль "Джунда" заводуна "Роснефтиден" чийки зат сатып алууну сунуштады

Вице-премьер-министр Валерий Диль Кара-Балтадагы "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводунда иш сапар менен болду. Бул тууралуу кечээ, 8-апрелде өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Жолугушууда заводдун толук кандуу иштебей жатышы талкууланды. Мындан тышкары жыйында заводдун өкүлдөрү чийки заттын убагында жеткирилбей калып жатышын айтышты. Жыйындын катышуучулары мындай учурда ишкана туруксуз шерик деген имидж алып калышы мүмкүн экендигин эскертишти.

Заводдун чийки зат менен толук камсыз болбой жатышы боюнча маселеде Диль ишкана жетекчилигине Кыргызстандын рыногунда учурда иштеп жаткан "Роснефть" жана "Газпром" сыяктуу компаниялар менен сүйлөшүп көрүүнү сунуштады.

Ошондой эле вице-премьер "Татнефть" менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертти.

Заводдогу бир катар маселелерди Диль жакын арада чечүүнү аталган ишкананын жетекчилигине тапшырды.

Эскерте кетсек, Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү заводдо алты маркадагы бензин, дизель отуну жана суюлтулган газ чыгаруу пландалып жатат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg