Акыркы макалалар

Мамлекеттик бүтүндүк маселеси

Мамлекеттик бүтүндүк маселеси

Мамлекеттик бүтүндүк маселелери

– Сиз каяктансыз?

– Оштон.

– Оштуктун баары сиздей жакшы болсо...

– Силер кайдансыңар?

– Таластан.

– Кимиңер Ошко бардыңар эле?

– Эч кимибиз бара элекпиз.

– Менден башка дагы оштук тааныштарыңар барбы?

– Жок.

– Анда мындай тыянактарды кайдан чыгардыңар?

– Бизде айтышат го, баары эле ошентип айтып жатышпайбы...

Чынында жердешчилик маселеси – Кыргызстанда көйгөйлүү маселелердин бири. Бул маселе айланып келип эле кадр саясатын адилеттүү жүргүзүүдө тескери таасирин тийгизет. Жер-жерге бөлүнүп, билим деңгээлине, иш тажрыйбасына, жөндөмүнө карабай, жердеш болсо эле ага колдоо көргөзүү керек деген түшүнүк бизде калыптанып калган. Андан чоңураак масштабда карай турган болсок, Кыргызстанда эң чоң бөлүнүү – түндүк-түштүк маселеси. Муну мамлекетибизди экономикалык, саясий, социалдык жактан артка тарткан көрүнүш катары эсептесек болот.

Бул бөлүнүп-жарылууну күчөткөн кандай факторлор бар? Аларга кеңири токтолсок. Биринчи фактор катары саясатчыларды көргөзүүгө болот. Карапайым калкка бөлүнүүнүн таптакыр кереги жок. Алар кыз беришип, келин алышып, бирге окуп, иштеп эле жүрүшөт. Ал эми биздин саясатчылар, мисалы, шайлоодо өздөрүнүн программасын тааныштырып, көргөзүүнүн ордуна көп добуш топтоо максатында жердешчилик сезимдер менен ойноону тандайт. Саясатчылардын кайсыл жерден көп добуш алганы жаңылык деле эмес. Демек, саясий компаниялар жана саясаттагы сезимдерге ойноо бул маселени күчөтүп жатат.

Ажырымга алып келе турган фактор – карым-катнаштын аздыгы. Ортодогу бийик тоо кыркалары тоскоолдук жаратат. Мындан улам бизди тегиз, арзан байланыштырган темир жолдун зарылдыгы келип чыгат. Эгер биз транспорт каттамдарын жакшыртып, коммуникацияны күчөтсөк, трайбализмдин деңгээли төмөндөмөк. Тилекке каршы, бизде байланышуу аз. Мисалы, 2011-жылы картошканын баасы Кочкордо 2 сомго чейин түшсө, ал эми Ош аймагында 13-15 сом болуп турду. Эгер транспорт каттамдарын жакшыртсак, айыл чарба продуктуларын ташып, соодалоо аркылуу калктын жакындашуусуна жана бири-бирин таанып-билүүсүнө көбүрөөк шарт түзүлмөк. СССР убагында бул жагынан алганда жакшы шарттар түзүлгөн эле. Жогорку окуу жайын бүткөн жаңы адистерди жер-жерлерге жиберип турган. Нарындан болсо, Ошко, Ысык-Көлдөн болсо, Таласка барып, жөн гана иштеп тим болбостон, эл менен сиңишип-жуурулушуп, ал тургай үй-бүлө куруп калгандар четтен чыгат.

Элдердин жакындашуусуна тоскоолдук кылган, түндүк-түштүк ажырымына алып келген дагы бир фактор – туура эмес стереотиптер жана калыптанып калган көз караштар. Бири-бирин жакындан тааныбай туруп эле эл оозунда айтылган көз караштар менен карашат. Ал эми узак убакыт бою чогуу иштеп, чогуу окугандардын арасында түшүнүшүү күчөп, достук мамиле пайда болуп, кээде үй-бүлө курулуп эле жүрөт. Бул – адамдардын жаманы болбойт дегендин далили.

Дагы бир ажырымга алып келе турган фактор катары диалекттерди кошууга болсо керек. Талас жергесинин тургундары менен Фергана өрөөнүнүн жашоочуларынын тилдеринин арасында айырмачылык бар. Бирок бул маселе жалгыз эле Кыргызстанда орун алган эмес. Мисалы, Украина мамлекетинин чыгыш жана батыш аймактарынын тилдери бири-биринен айырмаланып турат. Өзбекстанда анжияндык, бухаралык, ферганалык, ташкенттик, хорезмдик диалект болуп бөлүнөт. Аларда жек көрүү мамилеси жок. Биз да диалекттерди кемсинтип карабастан, тил байлыгы катары кабыл алышыбыз абзел. Жапонияда Акенава жапондорунун тилдерин борбордун жашоочулары түшүнбөй калышы мүмкүн. Акенавалыктарды жакшы таануу үчүн атайын саякаттар уюштурулуп турат. Неге биз айгүл гүлү же өрүктөр гүлдөгөндө барып көрүп, баткендиктердин жашоосу менен таанышып келбейбиз? Таластагы “Жер үй” алтын кенинин айланасындагы маселени жеке эле таластыктардын эмес, бүткүл кыргыз элинин көйгөйү деп билишибиз шарт.

Аймактардын каада-салты да жердешчиликке бөлүнүүгө түрткү болгондой. Устукан тартуудагы, маркумду акыркы сапарга узатуудагы кийит кийгизүү, күйөө бала-келинге болгон мамилелер сыяктуу үрп-адаттар, жалпысынан ар бир элдин маданияты сыйлоого татыктуу жана алардын жакшы жактарын өздөрүнө сиңирип алуу – жакшы нерсе.

Дагы бир кейиштүү көрүнүш – илим чөйрөсүндө да трайбализм маселесинин орун алышы. “Жердештерин” колдоп, алар менен жакшы мамиледе болуусу өзүнчө бир темага татыйт.

Эки чоң аймакты бир организм катары карашыбыз керек. Бир жагы иштебей калса, экинчи жагы да иштен чыгат. Трайбализмдин күч алуусу Кыргызстандын мамлекет болуп калыптануусуна тоскоолдук жаратууда. Эгер биз бөлүнчү болсок, биздин ресурстарга көз арткан мамлекеттердин чырагына май тамат. Бөлүнүп-жарылган элге бат эле ээлик кылып, мамлекетибиздин жок болуу коркунучун жакындатат.

Жалпыга маалымдоо каражаттары элди ачык эле бөлүп-жарып, адамдын эмгегин эмес, жерлигин сөз кылганына жаның кашаят. Демек, мыйзам жаатында жоопкерчиликти күчөтүшүбүз керек.

Жогорку окуу жайларынын бюджеттик бөлүмдөрүндө окуган жаштарды ротациялоо аркылуу карым-катнашты өнүктүрсөк, ийгиликтер болмок. Үй-бүлөлөр курулса, андан да сонун болмок. Мунун баары түндүк-түштүк маселесинин жоюлушуна өбөлгө түзмөк.

Өз ара ынтымагыбызды бекемдебей туруп, улуттар аралык биримдик жөнүндө сөз кылганыбыз орунсуз. Ушуну эстен чыгарбайлы, туугандар.

Руслан Ташанов,

Демократия жана жарандык коом үчүн

коалициясынын Ош аймагы боюнча өкүлү

Шоокум. №2 (72), февраль. 2013